БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүдө айтылгандай, аталган мыйзам 20-январда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
"Бул мыйзам менен Базар-Коргон айыл аймагындагы Жети-Кошкон, Беш-Бадам жана Базар-Коргон айылдарынын, Коргон айылынын Ак-Тайлак-Ата-1.2, Бабур-1.2, Эне-Сай жана Сай-Коргон калктуу конуштарынын, ошондой эле Кеңеш айыл аймагынын Совет, Аук айылдарынын, Кызыл жана Орто-Сай калктуу конуштарынын чегинде Базар-Коргон айыл аймагынын базасында административдик-аймактык бирдик катары Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү сунушталууда", — деп жазылат маалыматта.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Базар-Коргондун борборун шаарга айлантуу боюнча маселе буга чейин Жогорку Кеңеште талкууланган. Жаңы түзүлгөн шаарда жалпысынан 58 842 киши жашайт.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. 16-марттан 21-мартка чейин Чолпон-Ата (Ысык-Көл облусу) жана Ош шаарларында Нооруз элдик майрамына арналган ат оюндары өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Элдик майрамдын урматына улуттук спорт оюндарынан көк бөрү, эр эңиш, салбуурун жана ат чабыштын түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.
"Оюндар республиканын бардык аймактарында спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана мыкты командаларды, спортчуларды тандоо максатында өткөрүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Ат оюндар Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо жана Оштогу "Төлөйкөн" ат майданында өтөт.
Чолпон-Атада болуучу мелдештердин программасы тууралуу кенен маалымат алсаңыздар болот.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Демилгелүү топ Бишкектин борборунда митинг жана жүрүштөргө тыюу салган Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы сотко кайрылды. Бул тууралуу райондук соттун маалымат кызматы билдирди.
22-февралда Биринчи май райондук администрациясы "Ала-Тоо" аянтында жана эски аянтта түрдүү акциялардын өтүп жатышы шаардыктарга жана транспорт кыймылына тоскоолдук жаратып жатканын айтып сотко кайрылган.
Биринчи май райондук соту акимчиликтин арызын канааттандырып, шаардын борборунда 22-апрелге чейин митинг өткөрүүгө тыюу салган.Бул чечимге каршы болгон "8/365" деп аталган демилгелүү топтун өкүлү Евгения Крапивина 5-мартта сотко даттанган. Иш Бишкек шаардык сотуна өткөрүп берилет.
Кечээ шаардын борборунда аялдардын укугун коргоого багытталган тынчтык жүрүшү өтсө, бүгүн жаңы Конституциянын долбооруна каршы болгондор митингге чыкты.