БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. COVID-19 боюнча динамика азыркыдай сактала турган болсо, Бишкектеги мектептер менен бала бакчалар 1-марттан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев шаардык кеңештин жыйынында билдирди.
Ал илдет жуктургандардын көбү Бишкекте болуп жатканы менен саны азайганын белгиледи.
"Эгер бул динамика сактала турган болсо, 1-марттан тарта Бишкектеги бардык мектептер менен бала бакчалар ачылат", - деди Түлөбаев.
Пикетчилердин алдына вице-мэр Айжан Чыныбаева чыгып Бишкектин мектептери 211 пайызга толуп калгандыктан вирустун тарап кетүү кооптуулугу жогору экенин айткан.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумду 11-апрелге дайындоо сунушталды.
Азыркы тапта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет жаңы Конституциянын долбоорун карап жатат.
Жыйында ЖК депутаты, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Бактыбек Турусбеков баяндама жасап, референдумду жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна кошуп, 11-апрелде өткөрүүнү колдоп берүүнү өтүндү.
Ал эми 17-февралда жаңы Баш мыйзамды демилгечи делген 80 депутат жана Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү талкуулаган.
Акча табуу киберспортто акыркы орунда каралышы керек. Адамдар алгач максатын, миссиясын, каалоосун аныктап, жоопкерчиликтүү мамиле кылышы зарыл. Мындай пикирин Баяман Саймасаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек учурунда айтты.
Анын айтымында, көп функционалдуулук, ой жүгүртүү, интеллект жагынан алганда киберспорттун пайдасы көп.
"Каражат жагын көбү артыкчылык катары эсептейт. Киберспортто акчага кызыккандар адашат. Таланттуу бала акчага кызыкпай, өзүнүн чеберчилигин оюнда көрсөтөт. Мындай учурда акча өзү эле жеңиш артынан келет. Өспүрүмдөр арасында мелдештердин байге фондуна кызыгып келгендер көп. Акча үчүн ойносоң утуласың! Байге — ал мотивация. Бирок аны эң акыркы орунга коюу керек. Бул тармакка келгендер алгач максатын, миссиясын, каалоосун аныктап, жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керек. Киберспорттун жакшы дагы, жаман жагы да бар. Аны туура түшүнүү керек. Ой жүгүртүү, интеллект жагынан алганда киберспорттун пайдалуу жактары көп" — деди Саймасаев.
Ошондой эле адис киберспорт боюнча акыркы эл аралык мелдеште 1-орунга 35 миллион доллар коюлганын, бирок андай деңгээлге чыгуу үчүн көп машыгуу керектигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, киберспорт видео оюндардан турган жекелик жана командалык мелдеш. Кыргызстанда расмий түрдө спорттун түрү катары катталган.
БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев жаңы Конституциянын долбоору чет өлкөнүкүнөн алып жазылганын сындады.
Алгач ал эгемендүүлүк менен көз карандысыздыктын айырмаланып жазылбаганын белгиледи.
"Карасам Конституцияны Америка, Германия, Испания жана эринбей Португалияныкынан алып жазышыптыр. Анан кантип биринчи кыргызчасы жазылып, анан орусчага которулду деп айтып жатасыңар", — деди Абдылдаев.
Азыркы тапта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети жаңы Баш мыйзамдын долбоорун карап жатат.