Жаңы Конституциянын долбоору коомчулукка чыкпай жаткан себеби айтылды

© Фото / пресс-служба Верховного суда КРКыргыз республикасынын конституциясы. Архив
Кыргыз республикасынын конституциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жазылуу
Соцтармактын колдонуучулары жаңы Конституциянын долбоору эч бир жерге жарыяланбай жатканын айтып нааразы болушууда.
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Конституциялык кеңешме өз ишин жыйынтыктап, долбоорду Жогорку Кеңешке жөнөткөн. Документ учурда лингвистикалык экспертизадан өтүп жатат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Индира Куралбекова билдирди.
Эске салсак, 3-январь күнү ЖК төрагасы жаңы Конституциянын долбоору Жогорку Кеңешке келип түшкөнүн жарыялаган. Бирок депутат Дастан Бекешев долбоор ЖКга келгенин ЖМКлардан окуп, бирок аны өзү көрбөгөнүнө нааразы болгон. Соцтармактын колдонуучулары дагы жаңы Конституциянын долбоору эч бир жерге жарыяланбай жатканын айтып сындашкан.
"Конституциялык кеңешме өз ишин жыйынтыктап, долбоорду Жогорку Кеңешке жөнөттү. Учурда лингвистикалык экспертизадан өтүп жатат. Биз бүгүн экспертизанын ишин эртерээк жыйынтыктап берүү өтүнүчү менен кайрылдык. Аталган комиссия өз ишин жыйынтыктаса эле сөзсүз коомчулукка чыгарабыз. Ар бир жаран таанышып чыгуу укугуна ээ", — деп убадалады Куралбекова.
Өткөн жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңештин 80 депутаты Конституциянын жаңы долбоорун жана референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан.
Кыргызстандын өкмөт үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.02.2021
Кайсы орган жоюлуп, кимиси кимге баш ийип калды? Өкмөттөгү өзгөрүүлөргө саресеп
Парламентарийлердин демилгеси коомчулуктун катуу сынына кабылды. Мындан улам ошол кездеги президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы менен Баш мыйзамдын долбоорун талкуулоо үчүн 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Алар 27-январда өз ишин жыйынтыктаган.
Январда ЖКнын үч депутаты Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду жөнөкөйлөштүрүп, тез аранын ичинде өткөрүп салууну демилгеледи. Алар мыйзам долбоорун коомдук талкуусуз эле үч окуудан тең бир күндө өткөрүүнү сунуштап жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0