Психологдун кабыл алуусунда киши. Архив

Психологдун жардамына муктажсызбы? Акысы, дареги, телефондору

213
Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкек шаарындагы психолог, психотерапевт, коуч делген адистерди таап, окурмандар үчүн дарек, телефон, баасын билди.

Эскерте кетсек, материалда көпчүлүк психологдордун бир сааттык консультациясынын баасы көрсөтүлгөн. Ошондой эле баарына алдын ала чалып, жазылып коюу керектигин эскертебиз. Материал толукталып турат.

Муратбек Султанбеков, "Психоанализ КГ" психотерапия борборунун жетекчиси, психолог

  • Дареги — Байтик баатыр көчөсү, 12
  • Телефону — 0772 322 222
  • Консультация баасы — 1500-2000 сом

Ильдар Акбутин, психолог

  • Дареги — Үмөталиев көчөсү, 91
  • Телефону — 0700 975417
  • Баасы — 2000 сом

Сумая Асанова, психолог, коуч

  • Дареги — "Нур" академиясы, Ибраимов — Кулатов көчөлөрүнүн кесилиши
  • Телефону — 0706 82 82 73
  • Баасы — 1000 сом

Нуриза Батырбекова, психолог

  • Дареги — "Данакер" үй-бүлөнү бекемдөө" коомдук борбору, Киев көчөсү, 69
  • Телефону — 0707 179 710
  • Баасы — 1500 сом

Саадат Сыдыкова, психолог, психоаналитик

  • Дареги — Исанов көчөсү, 105/1
  • Телефону — 0779 624 336
  • Баасы — 1500 сомдон өйдө

Жизель Малиева, психолог

  • Дареги — 5-кичи район
  • Телефону — 0705 984 151
  • Баасы — 1500 сом

Асел Баимбетова, психолог

  • Дареги — Токомбаев көчөсү, 27/1
  • Телефону — 0550 51 42 73
  • Баасы — 1500 сом

Венера Кемелова, невролог, психотерапевт, психолог

  • Дареги — Манас проспектиси менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилиши
  • Телефону — 0777 68 22 33
  • Баасы — 2000 сом

Айзада Танаева, психолог

  • Дареги — 5-кичи район, №57 үй, 35-батир, 1-кабат
  • Телефону — 0555454455
  • Баасы — 1000 сом

Лилия Пантелеева, психотерапевт

  • Дареги — Манас проспектиси, 97/4
  • Телефону — 0555996675
  • Баасы — 1000 сом (оор абалдагы кардарларга консультация акысыз)

Полина Кутылева, психолог, психотерапевт

  • Дареги — Исанов 105 /1
  • Телефону — 0700 13 43 08
  • Баасы — 1200 сом

Жамиля Шатманалиева, психолог, графолог

  • Дареги — Үмөталиев көчөсү, 91. 71-батир
  • Телефону — 0772667205
  • Баасы — 1000 сом

Бейшен Жумабеков, психолог, юнгиан боюнча психотерапевт, МГУну бүткөн

  • Дареги — Үсөнбаев көчөсү, 3
  • Телефону — 0558 88 08 40
  • Баасы — 3000 сом

Айгүл Ысыкеева, психолог

  • Дареги — №1 балдар хосписи, Жаш гвардия бульвары, 71а жана Абай көчөсү, 38 дарегинде да кабыл алат
  • Телефону — 0550 260 711
  • Баасы — 1500 сом
213
Белгилер:
дарек, акы, телефон, консультация, психолог
Тема боюнча
Дин жолундагы жигитке ишенип, алданып кала жаздадым. Келиндин каты
Бишкектеги такси кызматы. Баалары, телефондору жана WhatsApp
Президент Садыр Жапаров көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш чарада

Жапаров Кыргызстанда "Манас" театрын ачуу пландалып жатканын айтты

24
(жаңыланган 22:03 27.02.2021)
Президент Садыр Жапаровдун айтымында, улуттук маданиятты өнүктүрмөйүн элдин жашоо-шартын жакшыртууга болбойт.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстанда "Манас" театрын ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып айтты.

Мамлекет башчы алдыда "Манас" эпосун даңазалоо боюнча атайын программа иштеп чыгуу жана каржы булагын табуу милдети турганын белгиледи.

"Манас" театрын ачуу боюнча алгачкы кадамдар жасалууда. Анын жардамы менен мамлекет манасчыларга кам көрүп, аларды бириктирип, ушул өнөрдү жайылтат", — деди Жапаров.

Ал ошондой эле "Манас" эпосу темасы ар бир театрдын репертуарында болушу керектигин белгиледи.

Премьер-министр Улукбек Марипов IT тармакта иштеген ишкерлер менен жолугушту.
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
"90-жылдары театр жана көңүл ачуучу мекемелеринин баары бош калган мезгил болгон. Азыркы тапта адамдарда руханий муктаждыктан улам театрга кызыкчылык бар. Биздин театрлар заманбап спектаклдерди, сахна концерттерин тартуулап, көрүүчүлөрдү өзүнө тартып туруусу учурдун талаптарынын бири болуп турат", — деди президент.

Өлкө башчы маданият тармагынын өкүлдөрүнө кайрылып, театрларды эффективдүү иштетүүнүн жолун таап, алардын чыгармачылыгын өстүрүү башкы милдет экенин айтты.

Жапаровдун белгилешинче, улуттук маданиятты өнүктүрмөйүн элдин жашоо-шартын жакшыртууга болбойт. Ал заманбап таланттуу акындардын, жазуучулардын жана композиторлордун жаңы чыгармалары элге керек болуп турганын белгиледи.

24
Белгилер:
театр, Манас, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема боюнча
Дүйнөлүк театр искусствосунун улуу актрисасы. Сейдакматовага жазылган некролог
Москвадагы театралдык окуу жай кыргызстандыктарды кабыл алат. Талаптары
Кышкы ачык асман. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

30
Жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу 27-февралдан 2-мартка чейин тоолуу райондордо жана айрым ашууларда кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу ыктымал. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Жекшемби күнү, 28-февралда, республика аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Маалыматка ылайык, тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +4...+9, Талас жергесинде +3...+8, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5...+10, Ысык-Көл аймагында 0...+5, ал эми Нарында -1...-6 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкек шаарында жана Ош калаасында +5...+7 градусту көрсөтөт.

30
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан, февраль
Тема боюнча
Тоңуп калган. Кеминде мал айдап келем деп кайтпай калган аялдын сөөгү табылды