БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Баткен облусунун аймагында төрт ири суу чарба объектилеринин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Каналдын экөө Кадамжай районунда, дагы экөө Баткен жана Лейлек райондорунда салынууда.
"Бул курулуштар 2026-жылга чейинки узак мөөнөттүү стратегиялык мамлекеттик программа боюнча аткарылып жаткан ирригациялык объектилер болуп саналат. Бул программага облустан жалпы 8 ирригациялык курулма кирген. Учурда аткарылып жаткан 4 сугат каналынын курулушуна республикалык бюджеттен жана инвесторлордон этап-этабы менен каражат бөлүнүп, курулуштары жүрүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө 224,0 миллион сомдук курулуш иштери аткарылды. Учурда 538 метр тоннель казылып, аны бетондоо иштери аткарылууда. Аталган сугат канал аяктаса 300 гектар жаңы жер өздөштүрүлүп, 410 гектар жерге суу берүү жакшырат.
Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында сметалык баасы 401,0 миллион сомдук "Кара-Кыштак Боз" каналы курулуп жатат. Бүгүнкү күндө аталган каналга кошумча дагы 1,5 чакырым ички чарбалык канал куруу иштери жүрүүдө. Бул сугат каналынын курулушу менен 568 гектар жер өздөштүрүлүп, 700 гектар жерге суу берүү жакшырат. Каналдын узундугу 14,5 чакырымды түзөт.
Лейлек районунун Арка массивине өз нугу менен суу жеткирүү, дюкер куруу үчүн республикалык бюджеттен 100 миллион сом акча каралган. Бүгүнкү күндө дюкердин суу алуучу курулмасында жана кум топтолуучу жайында курулуш жүрүп жатат. Долбоор аяктаса жалпысынан 2 500 гектар жер өздөштүрүлүп, сугат суу берүү жакшырат. Эң негизгиси суу таңкыс болгон, чек арадагы, эң алыскы Максат айылына суу жетет.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Айдоочулар жаңы автоунаа сатып алууда беш нерсени эске алышы керектигин РИА Новости жазды.
Адистердин айтымында, биринчи кезекте унаа чыгарган компания жана заводдор менен келишими жок иштеген сатуучулардан (дилер) качуу керек. Себеби кийин көйгөйлөр болсо аларды жоопкерчиликке тартууга мүмкүн эмес.
Экинчиден, компанияда токтоп турган жаңы унаалардан албай эле, өзүңүздүн атыңызга буюртма кылып күтө турган оң. Себеби ашыкча эле опцияларга каражат кетиши мүмкүн.Документтерди толтурууда майда-чүйдөсүнө чейин көңүл бурууга чакырды.
Ошондой эле адистер автоунаанын баасы, алып кетүү убактысы жана дилердин жоопкерчилиги тууралуу кенен маалымат алууга кеңеш берген.
Мындан тышкары, автокөлүктү сатып алууда арзандатуулар тууралуу сурап, машинанын алды-артын кылдат текшерүүнү эскертишкен.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Медицина илимдеринин доктору, дарыгер, дерматолог-косметолог Светлана Жабоева теринин эрте картайып кетүүсүн алдын алуу үчүн толук кандуу уйку маанилүү экенин, канча саат, кандай абалда уктоо керектигин айтып берди. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.
Косметологдун айтымында, жаздыктын баары эле жарай берет. Болгону анын бийиктиги ийиндин көлөмүнүн жарымынан кичине болбошу керек. Ал адамдын кандай абалда уктаганы, алсак, чалкасынан, көмкөрөсүнөн, капталынан жатканы да өтө маанилүү экенине токтолгон.
"Ыңгайлуу жатып уктоо абдан маанилүү. Эң башкысы — көмкөрөңөр менен бетти жаздыкка коюп жатпагыла! Эгер моюнда остеохондроз болсо, анда сөзсүз түрдө туура абалда жатууга көңүл буруңуз", — деген адис.
Косметолог сулуулукту сактап, теринин жакшы абалда болушу үчүн уйку дагы маанилүү экенин белгилеген. Эгер уйку канбай калса, анда ал организмдеги зат алмашуу процесстерине таасирин тийгизет. Ошол себептен уйку жети сааттан кем болбошу керектигин айткан.
Дерматолог ошондой эле жатарда суусундукту көп ичпөөнү эскерткен.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Таиландда муай-тай мушкери атаандашын жоон санына катуу тээп нокаутка кетирди. Бангкоктогу мелдеште болгон окуянын видеосу интернетке чыкты.
Robert Sor.Thanabawon get back into the win column with a brutal leg kick KO3 against Saklek Kiatpetdecha. https://t.co/n02VAeMwW5 pic.twitter.com/hbYGwDUp6x
— Phan K.S. (@MTLevG) February 21, 2021
"Президент" каймана аты бар тай бокс чебери Роберт Сор Танабавон беттеште баштан-аяк атаандашына кубаттуу соккуларды уруп, чабуул жасаган. Үчүнчү раунддун орто ченинде анын атаандашы Саклека Киатфетчедыга бир катар соккуларды уруп, жоон санына катуу тепкен. Ал кулап, ордунан тура албай калган. Калыс муну нокаут деп эсептеп, беттешти дароо токтоткон.
Жергиликтүү ЖМКлар бул беттеш эки мушкер үчүн да дебюттук экенин жазышты.