Бир чакырым жүрсөң 10 сом төлөйсүң. Депутаттар сунуштаган мыйзамдын чоо-жайы

© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер АлиевЖүк ташыган автоунаа өткөрүү пунктта. Архив
Жүк ташыган автоунаа өткөрүү пунктта. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Жазылуу
Жогорку Кеңеште Жол фондун түзүү боюнча мыйзам долбоору демилгеленип, коомдук талкууга коюлду.
Анда күйүүчү майга салыкты алты жыл катары менен эки сомдон кымбаттатуу, жүк ташуучулардан жол акы алуу, кымбат унааларга ашкере байлык салыгын киргизүү сунушталууда.
Демилгечилердин көздөгөн максаты эмне, бул кандай натыйжа берет? Sputnik Кыргызстан агенттиги мыйзам долбоорун талдап, окурмандарга түшүндүрүп берүүнү чечти.
Документтин авторлору депутаттар Нурбек Алимбеков, Акылбек Жапаров, Айнура Осмонова, Аида Касымалиева, Аалы Карашев, Салайдин Айдаров, Улукбек Ормонов, Кубанычбек Жумалиев, Өмүрбек Бакиров жана Эмил Токтошев. Алар Жол фондун түзүү менен өлкөнүн автоунаа жолдорунун сапатын жакшыртууга болорун айтышат.

Бир жылда 19,22 миллиард сом таап, жолго жумшайбыз

Демилгечилер тарабынан жүргүзүлгөн анализге ылайык, Кыргызстанда автоунаалардын саны 1,3 миллионго жетет, анын ичинен жүк ташуучулар 213 089, жүргүнчү ташуучулар 4 500. Жалпысынан жылына 470-500 миң тонна бензин, 450-480 миң тонна дизель коротулат. Жүк ташуучу автоунаалар бир жылда күйүүчү майга 40,7 миллиард сом сарптайт.
Ал эми транспортко тиешелүү салыктардан бир жылда бюджетке 10 миллиард 79 миллион сом түшөт. Буга унаа салыгы, күйүүчү майга акциздер, бажы төлөмдөрү, транспорт каражаттарын каттоо, лицензия жана тоннелден өтүү үчүн төлөмдөр кирет.
Сунушталган мыйзам иштеп калса 2021-жылдан баштап бензин жана дизелдик отунга акциздик салык 2026-жылга чейин жыл сайын литрине 2 сомдон кошулуп турат. Ошондо алты жылдын аралыгында 12 сомго көтөрүлөт.
Мындан Жол фондуна алгачкы жылы 2,4 миллиард сом, 2026-жылы 14,4 миллиард сом түшүп калат. Андан кийинки жылдары өсүү болбойт.
Кыргыз сом монеталары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.02.2021
Кээсин билип, кээсин билбей эле төлөй беребиз. Кыргызстандагы салыктын түрлөрү
Ал эми 2022-жылдан тарта жүк ташуучу автоунааларга бир чакырым үчүн бир сомдон төлөтүү сунушталган. Жыл сайын бир сомдон кошулуп отуруп, 2030-жылы бир чакырым жолдон өтүү 10 сомго жетет. Мындан биринчи жылы 500 миллион сом, эң акыркы жылы 4,5 миллиард сом жыйналат.
Заводдон чыгарылганына 4 жыл боло элек, кыймылдаткычынын көлөмү 4000 куб сантиметрден жогору болгон жеңил автоунаалар үчүн 160 миң сомдук ашкере байлык салыгын киргизүү каралууда. Мунун баасы өспөйт, жылына 130 миллион сом түшүп турат. Мисалы, эртең ушул мыйзам күчүнө кирсе 2017-жылдан кийин чыгарылган Lexus LX570 үлгүсүндөгү унааны айдагандар жогорудагыдай салык төлөйт.
Мунун натыйжасында кийинки жылы Жол фондуна 5,62 миллиард сом түшсө, ал эми 2030-жылы бул сумма 19,22 миллиард сомго жетери айтылат.

Учурда жолдордун абалы кандай

Мыйзам долбоорунун авторлорунун эсептөөсү боюнча, өлкөдө автоунаа жолдорунун узундугу 34 000 чакырымды түзсө, 18 810 чакырымы жалпы пайдалануудагы жолдор. Анын ичинен:
  • Эл аралык маанидеги — 4 183 чакырым;
  • Республикалык маанидеги — 5 335;
  • Жергиликтүү маанидеги — 9 292.
Аталган жолдордун 65 пайызы талапка жооп бербейт. Куруу жана реконструкциялоого муктаж эл аралык маанидеги 2 200 чакырым жолго 2 миллиард 531 миллион доллар керектелет.
Деген менен жол тармагын каржылоо үчүн бюджеттен жылына 10 миллиард сомдон кем эмес каражат талап кылынса, былтыр 2 миллиард сом гана бөлүнгөн.
1997-жылдан бери эл аралык каржы уюмдарынын эсебинен 2000 чакырымдан ашык жол оңдолуп, дагы 654 чакырымы долбоорлорго киргизилген.
Бүгүнкү күндө Республикалык жана жергиликтүү маанидеги 14 778 чакырым жолдун 22,3 пайызы гана жакшы деген баага татыктуу.

Жол фонду эмне үчүн керек?

Бул суроого мыйзамдын авторлору мындайча жооп берет: Эл аралык каржы институттарынын (АӨБ, ЕРӨБ, ДБ) изилдөөлөрүнө ылайык, курулган жолдор талаптагыдай тейленбегенинен улам начарлап кеткен. Оңдоо жана бекемдөө иштери жетиштүү деңгээлде жүргүзүлбөсө, келечекте ири инвестицияларга муктаждык жаралып, ал тургай чыгымдар азыркыдан эки эсе көбөйүшү мүмкүн.
Ушуга байланыштуу жыл сайын 320 чакырым жолду капиталдык оңдоо, 200 чакырымды оңдоп-түзөө, 600 чакырым жолдун бетин бодурлоо, 280 чакырымга кара шагыл төшөө талап кылынат. Учурда бюджеттен каралган каражат муктаждыктын 25-30 пайызын гана жабууда.
Алкоголдук ичимдиктер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.01.2021
Кыргызстанда арак-шарап кымбатташы мүмкүн
Мындан тышкары, жол куруучу техниканын 40 пайызы эскирген. Аларды иштөө мөөнөтү 8 жыл, бирок биздеги техникалардын 50 пайыздан ашыгы 20 жылдан бери колдонулат. Ошондуктан азыркы тапта өлкө 470 жол техникасына муктаж.
Маселени чечүү үчүн транспорт жана жол пайдаланууга байланыштуу салыктардын жана жыйымдардын бардык түрүнөн акча түшө турган Жол фондун түзүү зарыл.
Мындай практика Россия, АКШ, Япония, Улуу Британияда бар экени белгиленет.

Кандай натыйжа берет?

Жол фонду инфраструктураны жакшыртып, жол стандартынын сакталышына шарт түзөт. Биринчи кезекте автоунаа жолдору курулмайын, экономиканы модернизациялоо жана инновациялык өнүгүү моделине өтүү жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес.
Жол коопсуздугу сакталып, жол акысы арзандап, жолдо жүрүү убактысын азайып, күйүүчү майга жана унаа тетиктерге кеткен чыгымдар кыскартылат.
Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документти кароо учурунда өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0