Нарын районунун Сулуу жайлоосунан 1102-1110-жылдарга таандык кытай тыйыны табылды

Нарында Сун империясына таандык делген тыйын табылды. Сүрөт

822
(жаңыланган 22:06 08.02.2021)
Тыйындын бетинен кытай иероглифин көрүүгө болот. Тарыхчылардын айтымында, анда Чач (азыркы Ташкент) деген жазуу бар.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Нарын районунун Сулуу жайлоосунан 1102-1110-жылдарга таандык кытай тыйыны табылды. Бул тууралуу тарыхчы жана Нарын мамлекеттик университетинин лаборанты Мээрим Мукашова аймактык кабарчыга билдирди.

  • В Нарынской области на джайлоо Сулуу нашли монету, возможно, времен китайской империи Сун
    Нарын районунун Сулуу жайлоосунан 1102-1110-жылдарга таандык кытай тыйыны табылды
    © Sputnik
  • В Нарынской области на джайлоо Сулуу нашли монету, возможно, времен китайской империи Сун
    Тыйын Нарын облустук тарыхый-этнографиялык музейине өткөрүлдү.
    © Sputnik
1 / 2
© Sputnik
Нарын районунун Сулуу жайлоосунан 1102-1110-жылдарга таандык кытай тыйыны табылды

Анын айтымында, тыйын Нарын облустук тарыхый-этнографиялык музейине өткөрүлдү.

“Кытай тыйынын атам Алманбет Турганбаев үстүбүздөгү жылдын январь айында Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылындагы Сулуу деген жайлоодон мал издеп бара жатып таап алган. Келечек муун биздин бабаларыбыздын басып-өткөн жолун, тарыхын билип үйрөнөт деген ниет менен табылганы музейге тапшырууну туура көрдүк”, — деди Мукашова.

Нарын аймагынан биринчи жолу табылган кытайдын тыйыны колодон жасалып, биздин замандын X-XI кылымына туура келери болжолдонууда.

Тайлак баатырдын айкели. Архив
© Фото / Госдирекция по подготовке и проведению года истории и культуры
"Нумизматик Александр Михайлович Камышевдин тактоосу боюнча тыйын Кытай империясынын Түндүк Сун династиясына таандык. Белгилүү болгондой, Улуу Жибек жолу Кыргызстандын аймагынан өткөн. Бул табылга 1102-1110-жылдары Улуу Жибек жолундагы соодагерлер соода-сатык иштеринде ушундай акча бирдигин колдонушканын далилдеп турат. Тыйында кытай иероглифи менен Чач (азыркы Ташкент) деген жазуу бар экен. Балким, Чачта ушундай тыйындардын үлгүсү жасалгандыр. Келечекте нумизматиктер изилдөөгө алышса керек”, — деди Нарын мамлекеттик университетинин тарых факультетинин мугалими, тарых илимдеринин кандидаты Айнагүл Бектемирова.

Ал ошондой эле Сун династиясынын мезгилинде мындай тыйындарды жергиликтүү соодагерлер кеңири колдонгонун кошумчалады.

2020-жылы жаз айларынын башында Талас облусундагы Манас районунун Кара-Арча айылынын жергиликтүү жашоочулары VIII кылымдан XIII кылымдын башына таандык учурдагы кумараларды таап алган.

822
Белгилер:
тарых, тыйын, Кытай, Нарын облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Оштогу "Сүрөттүү-Таш" эстелиги ачык асман алдындагы музей болушу ыктымал
Партктагы гүлдөр. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

71
(жаңыланган 21:08 03.03.2021)
4-мартка караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.

Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.

71
Белгилер:
март, Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Төө-Ашуудагы тайгактан жүк ташуучу унаалар өйдө чыга албай жатат. Видео
Кишенчен киши. Архив

Бизнесмен Жалил Атамбаев кармалып, камакка алынды

1028
(жаңыланган 19:15 03.03.2021)
Шектүү мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз негизде байыган деп УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жалил Атамбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы тууралуу тергөө иштери жүрүп жатат.

"Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери болуп саналган Жалил Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

1028
Белгилер:
бизнесмен, камак, мыйзамсыз, Жалил Атамбаев
Тема боюнча
Жеке клиниканын башкы дарыгери Матраимовдун абалы начар экенин айтты
УКМК ЖК депутаты Абжалиевди мыйзамсыз байыган деп иш козгоду