БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында "Спутник V" вакцинасынын өндүрүшүн кеңейтүү үчүн Кыргызстан менен Армениянын фармацевтика тармагындагы ишканаларды тартуу маселеси талкууланып жатат. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматына шилтеме берип РИА Новости жазды.
ЕЭКтин маалыматына караганда, Россиянын түз инвестициялар фонду "Спутник V" вакцинасын ЕАЭБге кирген өлкөлөр менен биргеликте өндүрүү маселеси боюнча иштеп жатат. Бул тема ЕЭК коллегиясынын өндүрүш жана агроөндүрүш комплекси боюнча мүчөсү (министр) Артак Камалян декабрь айында Евразия өнүктүрүү банкынын жетекчилиги менен жолуккан учурда талкууланган.
Ошондой эле жакын арада "Спутник V" вакцинасы Беларуста өндүрүлө баштаары айтылды. Келишим түзүлүп, керектүү технологияларды жеткирүү маселеси чечилүүдө.
"Мындан тышкары, Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында "Спутник V" вакцинасынын өндүрүшүн кеңейтүү үчүн Кыргызстан менен Армениянын фармацевтика тармагындагы ишканаларын тартуу маселеси талкууланып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.Эске салсак, өткөн жылдын аягында Россиянын түз инвестициялар фонду менен Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин келишиминин негизинде коңшу өлкөгө тиешелүү технология жеткирилген. Жыйынтыгында Караганда фармацевтикалык комплексинин базасында вакцина чыгарыла баштаган. Негизинен мында айына 300 миң доза чыгаруу пландалган. Ушул тапта 90 миң доза даяр болду. Эми препаратты өлкөдө каттоо иштери аяктаган соң өндүрүлгөн вакциналар колдонула баштайт. Бул жерде этабы менен вакцинанын 2 миллион дозасы жасалары күтүлүп жатат.
Белгилей кетсек, россиялык адистер дүйнөдө биринчилерден болуп коронавируска каршы "Спутник V", андан соң "ЭпиВакКорона" вакцинасын иштеп чыккан.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Айдоочулар жаңы автоунаа сатып алууда беш нерсени эске алышы керектигин РИА Новости жазды.
Адистердин айтымында, биринчи кезекте унаа чыгарган компания жана заводдор менен келишими жок иштеген сатуучулардан (дилер) качуу керек. Себеби кийин көйгөйлөр болсо аларды жоопкерчиликке тартууга мүмкүн эмес.
Экинчиден, компанияда токтоп турган жаңы унаалардан албай эле, өзүңүздүн атыңызга буюртма кылып күтө турган оң. Себеби ашыкча эле опцияларга каражат кетиши мүмкүн.Документтерди толтурууда майда-чүйдөсүнө чейин көңүл бурууга чакырды.
Ошондой эле адистер автоунаанын баасы, алып кетүү убактысы жана дилердин жоопкерчилиги тууралуу кенен маалымат алууга кеңеш берген.
Мындан тышкары, автокөлүктү сатып алууда арзандатуулар тууралуу сурап, машинанын алды-артын кылдат текшерүүнү эскертишкен.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Медицина илимдеринин доктору, дарыгер, дерматолог-косметолог Светлана Жабоева теринин эрте картайып кетүүсүн алдын алуу үчүн толук кандуу уйку маанилүү экенин, канча саат, кандай абалда уктоо керектигин айтып берди. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.
Косметологдун айтымында, жаздыктын баары эле жарай берет. Болгону анын бийиктиги ийиндин көлөмүнүн жарымынан кичине болбошу керек. Ал адамдын кандай абалда уктаганы, алсак, чалкасынан, көмкөрөсүнөн, капталынан жатканы да өтө маанилүү экенине токтолгон.
"Ыңгайлуу жатып уктоо абдан маанилүү. Эң башкысы — көмкөрөңөр менен бетти жаздыкка коюп жатпагыла! Эгер моюнда остеохондроз болсо, анда сөзсүз түрдө туура абалда жатууга көңүл буруңуз", — деген адис.
Косметолог сулуулукту сактап, теринин жакшы абалда болушу үчүн уйку дагы маанилүү экенин белгилеген. Эгер уйку канбай калса, анда ал организмдеги зат алмашуу процесстерине таасирин тийгизет. Ошол себептен уйку жети сааттан кем болбошу керектигин айткан.
Дерматолог ошондой эле жатарда суусундукту көп ичпөөнү эскерткен.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Таиландда муай-тай мушкери атаандашын жоон санына катуу тээп нокаутка кетирди. Бангкоктогу мелдеште болгон окуянын видеосу интернетке чыкты.
Robert Sor.Thanabawon get back into the win column with a brutal leg kick KO3 against Saklek Kiatpetdecha. https://t.co/n02VAeMwW5 pic.twitter.com/hbYGwDUp6x
— Phan K.S. (@MTLevG) February 21, 2021
"Президент" каймана аты бар тай бокс чебери Роберт Сор Танабавон беттеште баштан-аяк атаандашына кубаттуу соккуларды уруп, чабуул жасаган. Үчүнчү раунддун орто ченинде анын атаандашы Саклека Киатфетчедыга бир катар соккуларды уруп, жоон санына катуу тепкен. Ал кулап, ордунан тура албай калган. Калыс муну нокаут деп эсептеп, беттешти дароо токтоткон.
Жергиликтүү ЖМКлар бул беттеш эки мушкер үчүн да дебюттук экенин жазышты.