Газ-69 унаасы. Архив

Жапаров белекке алган Усубалиевдин автоунаасын музейге тапшырат. Сүрөт

1552
(жаңыланган 11:25 09.02.2021)
Өлкө башчыга Турдакун Усубалиевдин автокөлүгүн Кочкор районунан келген Бакай аттуу киши тапшырган. Саясий ишмерге 00-01 ФИА номерлүү автоунаа 1970-жылы берилген.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров белгилүү саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин автоунаасын белекке алганын, бирок аны музейге тапшырууну ылайык көрүп турганын билдирди. Бул тууралуу өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу кабарлады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Садыр Жапаров (@sadyr_japarov)

Мамлекет башчы автоунааны Кочкор районунан келген Бакай аттуу киши белекке бергенин айткан.

"00-01 ФИА номерлүү автоунаа 1970-жылы Турдакун Усубалиевге берилген экен. Темир тулпар бир нече жыл тебилип, кийин Кочкордогу жердештеринин колунда көздүн карегиндей сакталып турган. Мени суктандырганы, машина дале жапжаңы, жакшы каралган экен. Кадимкидей от алып, тепсең Турдакун Усубалиевдин учурундагыдай эле зуулдайт", — деп жазган Жапаров.

Ал Кыргызстанды 1961-1985-жылдары башкарган кишиден калган таберик буюмдун рулун кармап, ырымга ары-бери айландырып турганында өлкөнүн бир үзүм тарыхы көз алдына элестей түшкөнүн билдирген.

"Бул автоунаа өмүрү жана ишмердиги биздин өлкөбүздүн өнүгүшүнө терең из калтырган адамдын аты менен байланыштуу болгондуктан, аны короомдун ичинде — көздөн далдоодо каткан болбойт деген ойго токтодум. Мындай баалуу тарыхый буюм баарыбызга тең орток, баарыбыздын энчибиз. Заманбап автоунаалардын түрү жайнаган азыркы заманда жаш муун көрүп, ата-бабалардын кандай унаа тээп, жок эле дегенде кандай шартта жашап-иштегенин элестетип алышса. Ошондуктан Турдакун Усубалиевден калган автоунааны Улуттук тарых музейине белекке тартуулоону туура көрдүм", — деп жазган Жапаров социалдык тармактагы баракчасына.

Өлкөнү кыйроодон сактап калган Турдакун Усубалиев тууралуу Sputnik даярдаган фактыдан окуңуз.

1552
Белгилер:
президент, музей, белек, автоунаа, Турдакун Усубалиев, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Жапаровдун Москвага болчу сапарына даярдык башталды
Экономика оор абалда... Жапаров менен Марипов өлкөнү өнүктүрүүнү талкуулашты
Вакцина даярдап жаткан дарыгер. Архив

Окумуштуу: эмдөө карылыкты токтотууга жардам берет

2
Дарыгер вакцина системалык сезгенүү синдромун азайтып, карылык процессин жайлатарын айткан.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Жугуштуу ооруларга каршы эмдөөлөр табигый карылык процессин жайлатышы мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости РФтин Саламаттык сактоо министрлигинин башкы гериатры Ольга Ткачевага таянып жазды.

"Эмдөө кээ бир жугуштуу ооруларды гана алдын албай карылыктын ылдамдыгына да таасирин тийгизет. Вакцина системалык сезгенүү синдромун азайтып, карылык процессин жайлата алат", — деген Ткачева.

Ал адамда системалык сезгенүү канчалык көп болсо, ошончолук тез карый турганын айткан.

2
Белгилер:
карылык, вакцина
Тема боюнча
Кемшейип, коркуп, чакчайып... Коронавирустан эмделгендердин реакциясы сүрөттө

Энеси алдыңкы буту менен аярлай кармап... Апакай мамалактын жылмайткан видеосу

23
Ростов-на-Дону шаарындагы зоопарктын вольеринде жашаган ак аюу мамалагы менен эшикке биринчи ирет чыккан учурунун видеосу интернетке тарады. Камкордук менен улам кылчактаган энеси баласынын алысыраак чуркап кетишинен сактанып, кооптонуп турганын байкоого болот.

Кичинекей жаныбар вольердин ичиндеги ар бир буюмду кызыгуу менен карап, "жакындан таанышып" жатканы сырттан караган адамды эрксизден жылмайтпай койбойт.

Комета деп аталган энеси апакай мамалакка бассейндин четинде аярлап байкоо салып, ал тургай кулап кетпесин деген тейде алдыңкы буту менен тосуп, калкалап турганы видеого түшүп калган.

Мамалак биринчи саякатында айнекти, жерге төшөлгөн таш таманды (брусчатканы) да жыттап, аны "изилдеп" чыккан.

Ростов-на-Дону шаарындагы зоопарктын кызматкерлери аюу баласын өзү каалаган учурда гана эшикке сейилдетип алып чыга тургандыгын кошумчалашкан.

Сүйкүмдүү бул мамалак былтыркы жылы декабрь айында 500 грамм салмак менен туулган.

23
Белгилер:
зоопарк, аюу, мамалак, Ростов-на-Дону, Россия
Тема боюнча
Таңгак чөптү тажабай тоголотуп... Аюунун жылмайткан видеосу