Өткөн суткада COVID эки адамдын өмүрүн алды. 58и жаңы жуктурду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Жазылуу
Бир сутка ичинде медиктер арасында коронавирус жуктургандар катталган эмес. Азыркы тапта ооруканаларда 434 бейтаптын дарыланып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 58 адамдан табылып, 111 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 23;
  • Ош – 1;
  • Чүй облусу – 23;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 3.
Ушуну менен вирус жуктургандардын саны 85 171ге жетти.
Айыккандар:
  • Бишкек – 31;
  • Ош шаары – 3;
  • Чүй облусу – 40;
  • Ош облусу – 9;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 18;
  • Жалал-Абад облусу – 5;
  • Баткен облусу – 2.
Айыккандардын саны 9-февралга карата 81 825ти түзөт.
Тилекке каршы, өткөн суткада коронавирус Бишкектен эки адамдын өмүрүн алган. Жалпысынан акка моюн сунгандардын саны 1 433 болду.
Учурда коронавирус жуктурган 434 бейтап ооруканада дарыланып жатат. Анын ичинен 114 кишинин абалы оор болсо, 31 бейтаптыкы өтө оор деп бааланды.
Бир сутка ичинде медиктер арасында илдет жуктургандар катталган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0