Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп жаңы дайындалган Эрмек Нургазиев

Бишкектин жаңы мэри Нургазиев ээлик кылган компаниялардын тизмеси

890
(жаңыланган 12:39 09.02.2021)
Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Эрмек Нургазиевдин кандай бизнеси бар экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуңуздар.

Бүгүн Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп жаңы дайындалган Эрмек Нургазиев шаар бийлигинин жамаатына тааныштырылды. Ал бул кызматка премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен келди. Буга чейин мэрдин милдетин аткарып келген Балбак Түлөбаев отставкага кеткен.

Sputnik Кыргызстан редакциясы жаңы шаар башчысынын кандай бизнеси бар экенин иликтеп көрдү. Оsoo.kg порталындагы маалыматтарга ылайык, Нургазиевге жети менчик компания катталган. Анын үчөөсүндө ал биргелешип негиздеген киши катары көрсөтүлгөн.

890
Белгилер:
бизнес, мүлк, Эрмек Нургазиев, Бишкек
Тема боюнча
Мэрдин милдетин аткара турчу Эрмек Нургазиев тууралуу эмне белгилүү?
Жооп катары чаап ийгем. Жаңы мэр Нургазиев аялга кол көтөргөн окуя тууралуу
Шайлоодо сүйлөшкөнбүз. Нургазиев аны кызматка кимдер түртмөлөгөнүн айтты
Адис Бекжан Шакенов

Шакенов: телефонду кубаттоодо эки эрежени сактаса көпкө чейин жетет

10
(жаңыланган 20:54 27.02.2021)
Адис Бекжан Шакенов Кыргызстандын рыногунда iPhone, Samsung жана Xiaomi брендинин телефондору көп сатыларын айтып, смартфон тандоодо көңүл бөлүү керек болгон негизги факторлорду атады.

Эгер телефондун кубаттуулугу кармабай калса алмаштырса болот. Бирок Кыргызстанга оригинал аккумуляторлор алып келинбегендиктен, бир аз начарласа анда алмаштырбай эле койгон оң. Себеби кубаттуулугу ашып кетсе бир саатка көбүрөөк жетип калат. Бул тууралуу Бекжан Шакенов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Шакенов: телефонду кубаттоодо эки эрежени сактаса көпкө чейин жетет

Анын айтымында, башка смартфондорго салыштырмалуу Redmi компаниясынын аппараттарынын батарейкасы көпкө чейин жеткендиктен бул гаджет студенттерге ылайыктуу.

"Жыл сайын технология өнүгүп турат. iPhone, Samsung жана Xiaomi компаниялары бири-биринен өзгөчөлөнүп смартфондун жаңы версияларын чыгарууда. Gorilla Glass 5-муундагы чыккан смартфондор кымбат келип, жалпы корпусу темирден, алды-арты айнектен жасалат. Желим жана темирден жасалгандары орто бюджетте болот. Негизинен мындай телефондорду Samsung, Redmi өндүрөт. Жаңы телефон алып жатканда тандоодо эч кандай маселе деле жаралбайт. Мүнөздөмөсүн интернеттен окуп, сизге керектүүсүн алсаңыз болот. Ошондой эле сатуучу кепилдик берип, эгер өндүрүштүк кемчиликтер болсо алмаштырып берет. Ал эми колдонулган телефон аларда кылдат текшерип алган оң. Өзгөчө iPhone аппаратынын көп нерсеси оңой алмашат. Алгач тескөөсүнө кирип батарейканын абалын караңыз. Эгер 100 болсо жаңы салынган. Сырткы абалына, чийиктерине көңүл бөлүңүз. Сырткы камерасынын объективинин ичинде чаң туруп калса анда смартфон ачылган", — деди Шакенов.

Адис смартфонду таптакыр өчө электе кубаттап жана 100 пайызга жеткирбей токтон чыгарса батарейка көпкө жетерин кошумчалады.

10
Белгилер:
компания, тандоо, смартфон
Тема боюнча
Xiaomi зымы жок смартфон кубаттагыч чыгарды. Видео
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров. Архивдик сүрөт

Айдоочу орой мамиле кылса эмне кылуу керек? Юристтин кеңеши

6
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров коомдук транспорттун айдоочусу орой мамиле кылса, жоопкерчиликке тартса болорун айтты.
Айдоочу орой мамиле кылса эмне кылуу керек? Юристтин кеңеши

Таксист орой мамиле кылса жоопкерчиликке тартуу үчүн аны далилдөө зарыл. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай учурда тартиптик жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүн.

"Такси же коомдук транспорттун айдоочусу орой сүйлөп, урушса, маскараласа аны далилдөө зарыл. Ал үчүн видео, күбөлөрдүн көрсөтмөсү жана башка далилдер тиркелет. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тийиштүү далилдер менен милицияга кайрылуу шарт. Ички иштер органдары кандай учур болбосун карашат жана бул нерсе укук бузуу экендигин аныкташат", — деди Бакиров.

Юрист орой айдоочуну тартип жоопкерчилигине тартуу үчүн транспорттук мекеменин жетекчилигине кайрылуу керектигин кошумчалады.

6
Белгилер:
милиция, мамиле, такси, юрист, Артур Бакиров
Тема боюнча
Саатына жараша төлөнөт. КРде эмгек акы тутумун өзгөртүү каралууда