Кыргызстанда 15 баладан Кавасаки синдрому аныкталды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБөбөктүн ден соолугун текшерип жаткан дарыгер. Архив
Бөбөктүн ден соолугун текшерип жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Жазылуу
Эне жана баланы коргоо борборунда учурда пневмониядан жабыркап, дарыланып жаткан балдар көп экени да маалым болду.
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызстанда 15 баладан Кавасаки синдрому аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев билдирди.
Анын айтымында, бул ооруга шектелип ооруканага 28 бөбөк түшкөн. Алардын ичинен 15и аталган дартка кабылганы аныкталды.
"13 бала кошумча диагностикадан өтүп, текшерилип жатат. Негизи бул синдром тууралуу 3-4 айдан бери айтып келе жатабыз. Ал коронавирустан кийин көп кездешет. COVID-19дан кийин иммундук система жабыркап, ал жүрөк-кан тамыр, булчуң, нерв системасына таасирин тийгизет. Бул синдром менен жаткан балдардын эң кичинеси 2 жашта болсо, улуусу 16 жашта", — деди Узакбаев.
Оорукана жетекчиси негизи жаз мезгилине чукулдап калганда вирустук инфекциядан улам пневмония менен көп бала жабыркаарын айтты.
Ситуация в Китае из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2020
Баланын алаканы менен таманы шишийт. Кавасаки синдрому тууралуу эмне билүү керек
"Бирок быйыл коронавирус дагы кошулуп, пневмония менен жабыркап ооруканага түшкөндөрдүн саны көбүрөөк. Биздин оорукана үч кабаттуу болсо, азыркы тапта анын теңинен көбүндө пневмониядан дарыланып жаткан балдар", — деди дарыгер.
Кавасаки — бул COVID-19 инфекциясынын күчөп кеткен бир түрү.
Бул илдет адамдын терисинен байкалат. Кичинекей баланын таманы, алаканы шишип, кан тамырлары жарылып денеде кызыл тактар пайда болот. Дене табы көтөрүлөт. Бирок ооруну так аныктоо үчүн дарыгерге кайрылуу керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0