Өкмөт беш жылда 7 500гө жакын кишини үй менен камсыздоону пландап жатат

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖаңы үйдүн батирин карап жаткан үй-бүлө. Архив
Жаңы үйдүн батирин карап жаткан үй-бүлө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
Жазылуу
Марипов тийиштүү мамлекеттик органдарга өнөктөш-банктар, донорлор менен биргеликте мамлекеттик ипотека боюнча пайыздык ченди кыскартуу маселесин иштеп чыгууну тапшырган.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кыргызстанда өкмөт 2026-жылга чейин 7 500дөн кем эмес үй-бүлөнү турак жай менен камсыздоо, жалпы аянты 150 000 чарчы метрден кем эмес турак жай сатып алууну жана курууну каржылоо каралууда. Бул туурасында өкмөттөн маалымдашты.
Билдирүүдө "Менин үйүм — 2021-2026" деп аталган программанын концепциясы талкууланып, анын концепциясынын долбоорун жактыруу чечими кабыл алынганы айтылат. Аталган программа Экономика министрлиги жана Мамлекеттик ипотекалык компания менен биргеликте иштелип чыккан.
"Программа аркылуу 2021-2026-жылдары 7 500дөн кем эмес үй-бүлөнү турак жай менен камсыздоо, жалпы аянты 150 000 чарчы метрден кем эмес турак жай сатып алып, курууну каржылоо, жалпы суммасы 5 миллиард сомдон кем эмес инвестиция тартуу каралган. Андан сырткары, 1 миллиард сомдон кем эмес суммадагы ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу пландалууда", — деп айтылат маалыматта.
Жыйында премьер-министр Улукбек Марипов тийиштүү мамлекеттик органдарга өнөктөш-банктар, донорлор менен биргеликте мамлекеттик ипотека боюнча пайыздык ченди кыскартуу жөнүндө маселени иштеп чыгууну тапшырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0