Муфтий Максатбек ажы Токтомушев кызматтан кетти

© Фото / пресс-служба ДУМК Муфтий Максатбек ажы Токтомушев. Архив
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
Жазылуу
Бүгүн атайын кызмат муфтияттын кызматкерлери зыяратчылардын акчасын өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын ачыкка чыгарды.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев кызматтан кетти. Бул тууралуу ошол чөйрөдөгү ишенимдүү адамдар кабарлады.
Эскерте кетсек, бүгүн УКМК КМДБдин кызматкерлери зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын ачыкка чыгарып, мекеменин эсепчисин кармаган.
Атайын кызмат тараткан билдирүүдө муфтияттагылар ишти жаап-жашыруу үчүн 100 миң доллар пара сунуштаганы да айтылат.
Максатбек Токтомушев аталган кызматка 2014-жылы дайындалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0