БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Бишкек мэриясынын жанында Бактыбек Кудайбергеновдун мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалганына нааразы болгондор митинг өткөрүп жатышат.
Акциянын катышуучулары өздөрү сунуш кылган талапкердин аты-жөнү жазылган транспаранттарды кармап турушат. Ал Мамлекеттик архитектура жана курулуш мекемесинин башчысынын мурдагы орун басары Руслан Тагаев болушу мүмкүн. Митингчилер премьер-министр Улукбек Мариповду бул кызмат орунга Нургазиевди дайындагандай "бизнес жасабоого" чакырып жатышат.
50 киши Кудайбергеновдун чыгышын талап кылууда. Митингчилер президент Садыр Жапаровго кайрыларын да билдиришти.
Өкмөт башчысы Эрмек Нургазиевди мэрдин милдетин аткаруучу кылып дайындаган чечимин бүгүн жокко чыгарган. Ал бир нече саат гана шаар башчысы кызматында болуп, социалдык тармактардан анын дарегине кескин сындар айтылган. Нургазиевди алдамчылыкка айыптап, 2019-жылы аял кишиге кол көтөргөнүн жазып чыгышты. Мындан улам анын ордуна бүгүн, 10-февралда, Бактыбек Кудайбергенов дайындалды.
Буга чейин Бишкектин мэри кызматын убактылуу аркалап турган Балбак Түлөбаев 100 күн иштеген соң кызматынан кеткен. Ал октябрь окуяларынан кийинки шаардагы абалды турукташтыруу боюнча миссиясын аягына чыгарганын белгилеп, ден соолугуна кам көрөрүн айтты.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп бере турган ишеним телефон номерлерин жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында ишеним телефону иштеп баштады", — деп айтылат маалыматта.
Эми ишкерлер күнү-түнү (0312) 88-90-33 номерине чала алышат.
Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин, чакан бизнестин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -1…-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…+5, Ысык-Көлдө -2…+3, Нарын өрөөнүндө -4…-9 градус болору болжолдонду.
Күндүн табы Бишкекте -3…-5, Ош шаарында 0…+2 градус болот.