БИШКЕК, 10-фев. – Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Бактыбек Кудайбергенов Facebook баракчасына алдыга койгон эң башкы 10 милдетин жазды.
Ал ар бир сунуш, долбоор, чечим дыкат ойлонулуп, реалдуу болушу негизги принциби экенин белгилеген.
"Шаардыктардын күнүмдүк жашоосунан баштап, келечектеги пландарга болгон суроо-талабын аз күндө деталдуу көрсөтүп, атайын маалымат жыйында кабарлайм. Бирок алдыга койгон эң башкы 10 милдетим менен тааныштыра кетейин", - деген Кудайбергенов.
Мэрдин милдетин аткаруучу мэриянын буга чейинки иш планы улантылып, кээ бир гана өзгөртүүлөр болорун кошумчалаган.
10 милдет:
"Урматтуу шаардыктар, бул негизги багыттар сиздердин суроо-талап менен толукталып кенен, деталдуу форматта дагы талкууга салам. Шаардыктар менен биргеликте аз убакытта мэрия эффективдүү иш алып барат деп кепилдик берем", - деди ал.Белгилей кетсек, өкмөт башчысы Улукбек Марипов кечээ күнү Эрмек Нургазиевди мэрдин милдетин аткаруучу кылып дайындаган чечимин бүгүн жокко чыгарды. Ал бир нече саат гана шаар башчысы кызматында болуп, социалдык тармактардан анын дарегине кескин сындар айтылган. Нургазиевди алдамчылыкка айыптап, 2019-жылы аял кишиге кол көтөргөнүн жазып чыгышты. Мындан улам анын ордуна бүгүн, 10-февралда, Бактыбек Кудайбергенов дайындалды.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан Жайыл, Токтогул райондорундагы жана Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Талды-Булак айылындагы посттор 25-февраль таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул премьер-министрдин буйругунун негизинде болгон.
"Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу болгондуктан Жайыл районунун Сосновка, Токтогул районунун Арал постторунда жана Суусамыр — Талас — Тараз жолунун Талды-Булак айылындагы постунда автоунаалардын бардык түрүнө таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилди", — деп кабарлаган ӨКМ.
Эске салсак, Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшкөндүктөн учурда жол жабылган.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Россияга иш сапар менен барган президент Садыр Жапаров Москва шаарында Россияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушууда. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуунун жыйынтыктары, анын ичинде Россияда эмгектенген кыргызстандыктардын маселеси дагы талкууланганы тууралуу маалымат берген.
Жапаров сыртта иштеп жүргөн кыргызстандыктардын алдында сүйлөп жатып, эң биринчилерден болуп "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" жарлыкка кол коюлганын билдирген.
"Менин максатым — элибиздин көйгөйлөрүн чечүү, Кыргызстандын бардык жарандарын жумуш орундары менен камсыздап, татыктуу жашоого алып келүү. Ошондой эле чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештердин Мекенге кайтып келүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү", — деген Жапаров.Кыргызстан турак жай ээлери салык төлөөдөн качып, чет элдик жарандарды каттоого тургузуудан баш тартышкандыгынын натыйжасында келип чыккан мигранттарды каттоо көйгөйлөрүнө көңүл бурган.
"Казакстанда бул багытта "кабарлоо тартиби" деген жакшы тажрыйба бар: жарандар мамлекеттик органга келген жана иштеген жери жөнүндө билдирүү гана жөнөтөт, андан кийин ал каттоого турат. Ушундай эле жол-жобону ЕАЭБдин алкагында киргизүүнү сунуштайбыз", — деген Жапаров.
Эске салсак, бүгүн Жапаров Россияга иш сапары менен барып, Россия лидери Владимир Путин менен жолуккан.