БИШКЕК, 10 -фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова кесиптик-техникалык лицейлерде окутуу мөөнөтүн үч жылдан эки жылга кыскартуу мыйзам долбоорун сунуштады.
Аталган документ бүгүн парламенттин жалпы жыйынында биринчи окууда каралды.
"Бир жылда кесиптик-техникалык лицейлерге 14 000 окуучу тапшырса, 6000и гана бүтөт экен. Себеби окуу убактысы көп болгондуктан кетип калышат. Биз биринчи жылы 10-11-класстын программасын окутуп, экинчи жылы кесиби боюнча үйрөтүшүн сурап жатабыз. Окуу программасын Билим берүү жана илим министрлиги бизнес-ассоциациялар менен биргеликте жазып чыгат", — деди Мамашова.
Ал арада депутат Улан Примов мындай жагдай билим берүүнүн сапатына залакасын тийгизиши мүмкүн деген пикирин айтты.
Мамашова ага жооп берип, эгер кайталанма сабактар кыскартылып атайын программа иштелип чыкса, билим берүүгө терс таасир этпей турганын белгиледи.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Американын Иллинойс штатынын тургундары Facebook компаниясы адамдын жүзүн таануу технологиясын колдонгондугу үчүн сотко берип 650 миллион доллар төлөттүрүп алды. Бул тууралуу Chicago Tribune гезити жазды.
2015-жылы штаттын жашоочулары Facebook компаниясына каршы доо арыз жазышкан. Анда тургундар компанияны биометрикалык маалымат чогултуу үчүн адамды жүзүнөн таануу технологияларын колдонууда мыйзам бузган деп айыпташкан. Facebook талашты жөнгө салуу үчүн 650 миллион доллар сунуштаган, андан мурда компания 550 миллион берерин айткан. Бирок Сан-Францисконун аймактык соту бул сумманын жетиштүү экенинен күмөн санаган.
Маалыматта Facebook мындан ары жүздү таануу автоматтык технологиясын колдонбой турганы белгиленди. Компания колдонуучулар буга чейин деле жүздү таануу функциясын колдонуу же колдонбоону өздөрү чечип келгенин, бирок эми ал кызмат өчүк болорун, каалоочулар баракчанын тескөө бөлүмүнөн иштетип алса болорун айтышты.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. УКМК өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдраимовго таандык партия жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышып жатканын сындады.
Атайын кызмат шайлоо процесстери ачык жана коопсуз өтүшүн камсыздоого, бийлик тарабынан административдик ресурстун колдонулушуна бөгөт коюуга өзгөчө көңүл бура турганын белгиледи.
"Деген менен өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдраимовдун "Ишеним" саясий партиясынын жергиликтүү кеңештерге шайлоого аттанып жатканы тынчсыздандырат. Ал партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири катары катталган. УКМК дал ушул сыяктуу административдик ресурс колдонуу, шайлоонун таза эмес өтүшү 2020-жылдагы октябрь окуяларынын негизги себеби болгон деп эсептейт", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле УКМК бардык саясий күчтөргө шайлоо мыйзамдарын так сактоону эскертип, эгер жаза басуулар болсо, белгиленген тартипте чара көрүлөрүн билдирди.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Бош убактым болуп калса эле бассейнге барам. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Казинформ" маалымат агенттигине берген маегинде айткан.
Журналист ага "Сиздин убактыңыз чектелүү, тар экенин түшүнөбүз. Ошентсе да Кыргызстандын президенти бош убактысында эмне менен алектенет?" деген суроо узаткан.
"Чынын айтсам, бош убактым жок. Маалымат катчым менен кеңешчимди "мага бош убакыт бербей жатасыңар" деп урушуп жатам. Бирок убакыт болору менен бассейнге барам. Азырынча ошол жакка гана барып жатам. Кудай буюрса, күн жылып калса футбол жана чоң теннис ойнойм. Бирок бош убакыт дээрлик жокко эсе", — деген Жапаров.
Маектин соңунда Жапаров казак калкы Кыргызстанга караганда бир топ жыл алдыга кеткенин айтып, бир тууган элдин ортосундагы ынтымактын бекем болушуна тилектеш экенин билдирген.