Reuters Кыргызстандагы тоңуп калган Ара-Көл көлүнүн видеосун жарыялады

© Sputnik / Михаил ДудинАра-Көл көлү. Архив
Ара-Көл көлү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
Жазылуу
Кыш мезгилинде Ара-Көл Кыргызстандагы эң кооз жерлердин бирине айланат. Ал жерге күнүнө үч миңдей адам барып турат.
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Reuters эл аралык агенттиги тоңуп калган Ара-Көл көлүнүн видеосун жарыялады. Бул жер кыргызстандыктар арасында туризмдин популярдуу тармагы болуп эсептелинет.
​Маалыматта көл кыш мезгилинде тоңуп чана тебүүчү аянтка айланары айтылат.
"Бул Кыргызстандагы эң чоң муз тебүүчү аянт. Ал Ара-Көл көлүндөгү суунун тоңуп калышынан пайда болот. Күн сайын бул жердин кооздугуна суктануу үчүн үч миңге жакын адам келип кетет", - деп видеого жазылган.
Ара-Көл Кочкор районунда, райборбордон 30 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кышында көл толугу менен тоңуп калат. Муздун калыңдыгы 60 сантиметрге чейин жетери айтылып келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0