Жашылча жемиштер. Архив

Жүрөк оорусун алдын алып, ичеги-карындын иштөөсүн жакшырткан азык аталды

257
Анар клетчаткага бай азык. Ал эми клетчатка тамак сиңирүүнү жакшыртып, ич катуу көйгөйүнөн арылта турганы айтылды.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Америкалык дарыгер-диетологдор ичеги-карындын иштөөсүн жөнгө салып, жүрөк оорусуна кабылуу тоболкелчилигин азайткан азыкты аташты. Ал — кадимки анар. Бул тууралуу РИА Новости EatingWell басылмасына таянып кабарлады.

Адистердин айтымында, анар клетчаткага бай азык. Ал эми клетчатка тамак сиңирүүнү жакшыртып, ич катуу көйгөйүнөн арылтат. Дарыгерлер клетчатка анардын ширесинде эмес, мөмөсүндө гана болорун эскертишкен.

Мындан сырткары, анардын курамында антоциандар (күчтүү антиоксидант) бар экени айтылды.

"Ал жаман холестериндин деңгээлин азайтып, кан басымды да ылдыйлатат. Ошондой эле жүрөк ооруларын жана инсультту алдын алууга жардам берет", — деп айтылат маалыматта.

Анар кант диабетинин экинчи тиби менен жабыркап жүргөндөргө да пайдалуу экенин адистер белгилеп кетишкен.

257
Белгилер:
диетолог, кант диабети, ичеги, жүрөк, азык
Тема боюнча
Дарыгерлер диетасыз арыктоонун жолун айтышты
Партктагы гүлдөр. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

60
(жаңыланган 21:08 03.03.2021)
4-мартка караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.

Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.

60
Белгилер:
март, Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Төө-Ашуудагы тайгактан жүк ташуучу унаалар өйдө чыга албай жатат. Видео
Кишенчен киши. Архив

Бизнесмен Жалил Атамбаев кармалып, камакка алынды

962
(жаңыланган 19:15 03.03.2021)
Шектүү мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз негизде байыган деп УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жалил Атамбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы тууралуу тергөө иштери жүрүп жатат.

"Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери болуп саналган Жалил Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

962
Белгилер:
бизнесмен, камак, мыйзамсыз, Жалил Атамбаев
Тема боюнча
Жеке клиниканын башкы дарыгери Матраимовдун абалы начар экенин айтты
УКМК ЖК депутаты Абжалиевди мыйзамсыз байыган деп иш козгоду