БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. "Кыргыз жылуулук коммуналдык энерго" мамлекеттик ишканасынын Кочкор-Ата шаардык филиалынын жетекчиси Төлөн Бакиров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, бюджеттик акчаны өзүнө ыйгарып алган деген шек менен кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, ал Жалал-Абад шаарында Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу муниципиалдык ишканасын жетектеп турганда көчөт сатып алуу махинациясынан бюджетке 612 800 сом зыян келтирген.
"2020-жылдын март айында "туя колоновидная" сортундагы бир көчөттү 2600 сомдон сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. Муниципалдык ишкананын тендердик комиссиясы тарабынан арзаныраак баа сунуштаган жеке компания жеңүүчү деп табылган. Бирок ишкана жетекчилиги жең ичинен сүйлөшүп, бир даанасы 742 сом турган башка сорттогу көчөттү алып келген", — деп айтылат маалыматта.Бул иш боюнча Төлөн Бакиров 9-февралда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал эми 10-февралда Жалал-Абад шаардык соту баш коргоо чарасын тандап, үй камагына чыгарган. Мындай чечим ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, келтирилген чыгымды мамлекетке төлөп бергени менен байланыштырылат.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Төлөн Бакиров менен ага-ининин балдары экенин ырастады.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Швецияда жаңы төрөлгөн ымыркайдан коронавирустун жаңы штаммы табылганын "Известия" жазды.
Мальме ооруканасына ичи катуу ооруган кош бойлуу аял түшкөн. Медиктер кычкылтек жетишсиздигинен курсактагы баланын жүрөгү начар согуп жатканын аныкташкан. Аялга операция жасашып, коронавируска анализ алынгандан кийин баласы экөөнөн тең оору аныкталган. Геномдун анализи ымыркай инфекцияны төрөлгөнгө чейин эле жуктурганын көрсөткөн.
Баштапкы изилдөөлөр эне менен баланын вирустары бирдей экендигин аныктап чыккан, бирок кийинки анализдерде ымыркайда вирустун жаңы түрү белгилүү болгон.Дарыгерлер бала төрөлөрү менен коронавирус аныкталган учур биринчи жолу катталып жатканын айтышты. Ал вирусту төрөлүп жатканда жуктуруп алышы мүмкүндүгү болжолдонгон.
COVID-19 жуктурган аял ооруну жеңил эле көтөргөндүктөн төрт күндөн кийин чыгарылган. Бала эрте төрөлгөнү үчүн медиктер көбүрөөк жардам берген, бирок антитело бат иштелип чыгып айыгып кеткен.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкекте Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Билдирмеге караганда, иш-чараны министрлик, Бишкек мэриясы жана "Улуттук намыс" уюму уюштурат.
"Анда салттуу кийимдердин парады болуп, кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси өтөт. Калпактардын түрлөрү, салттуу кийимдер жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлат", — деп жазылат маалыматта.
Иш-чара 4-март күнү саат 10:00дө баштала турганы айтылып, салттуу кийим кийгендер "Ала-Тоо" кинотеатрынан "Ала-Тоо" аянтына чейин параддан өтөрү кошумчаланды.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов депутаттарга жаңы Конституциянын долбоорун талкуулабай, референдумду дайындоо керектигин эскертти.
"Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу" мыйзамдын долбоору жалпы жыйында каралып жатат.
Анда депутаттар жаңы Баш мыйзамдын долбоорунун мүчүлүштүктөрүн айтып, оңдоону талап кылышкан.
"Долбоорду Конституциялык кеңешме жазып чыккан, азыр парламент референдумду гана дайындашы керек. Андыктан Баш мыйзамдын долбоорун талкуулабай, референдум дайындоону карайлы", — деди Мамытов.
Спикер депутаттар суроо берген сайын азыркы каралып жаткан долбоор талкууга жатпай турганын эскертип жатат.