БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Коронавирустук инфекцияга кабылган адамдын организмин калемпир тезирээк калыбына келтирет. Мындай пикирди фитотерапевт, биология илимдеринин кандидаты Михаил Лущик Sputnik радиосуна билдиргенин РИА Новости жазды.
COVID-19 менен жабыркагандардын дээрлик бардыгы алы кетип, тез чарчап каларын айтып даттанышат. Лущик чындыгында вирус негизги соккуну чабал органдарга урарын, мындан денеде жабыркаган клеткалар көбөйүп, аларды организмден чыгаруу кыйын болорун билдирди. Биолог тамакка калемпирди аралаштыруу көйгөйдөн арылуунун жеңил жолу деп белгилеген. Анткени ал кан айлануунун активдешүүсүнө өбөлгө болот.
"Иммундук система бул клеткаларды дароо эле зыянсыз кылып, кан агымы менен кошо чыгарып сала албайт. Ошондуктан бул процесс көпкө созулат. Бирок кан айлануу тездегенде, албетте, адам бат чарчайт. Бул көпкө созулган учурда калемпир жардам берет", — деген Лущик.
"Маселен, ашказанында жарасы бар адамга калемпир жегенге болбойт. Ошондой эле геморрой менен жабыркагандар да калемпирден алыс болгону оң, анткени оору күчөп кетет. Медициналык жардамга кайрылууга туура келиши да мүмкүн", — деди Лущик.
Ошондой эле дарыгер калемпир "өрттөп кеткен" жагымсыз сезимден арылуу үчүн сүт ичип, жалбыз жалбырагын чайнап же жалбыз момпосуюн жеп алса болорун кошумчалады.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Март айынан тарта Бишкектеги көчө шыпыргандардын айлыгы 40 пайызга чейин жогорулайт. Бул тууралуу "Тазалык" ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева Facebook баракчасына жазды.
Айлык маянаны жогорулатуу жана кызматкерлерге сый акы берүү демилгеси мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов, вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жана "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашовдун колдоосу менен ишке аша турганы кошумчаланды.
Майрамды утурлай "Тазалык" ишканасында иштеген аялдарга сый акы берилери маалым болду.
Токойдун четинде эс алып тамактанып отурган советтик жоокерлердин ортосундагы КРдин эл артисти Айтурган Темирова менен РФтин эл артисти Вера Глаголеванын сүрөтү 1985-жылы Беларуста тартылган.
Ошол жылы режиссер Болот Шамшиев казакстандык снайпер, Советтер Союзунун Баатыры Алия Молдагулова жөнүндө "Снайперлер" тасмасын тартууну баштап, башкы каармандын ролун Темирова аткарган.
Ал кезеңди белгилүү актриса мындайча эскерет:
"Бул сүрөт жоокерлер согуш талаасында кандай салгылашуу болгонун сүйлөшүп жатканда тартылып алынган экен. Жанымда курбу кызым Вера Глаголева отурат. Мен болсо алардын айтканына ичим чыкпай нааразы болуп, башка пландарды түзүп жаткам. Бул эпизоддор Беларустун Смолевич аскер полигонунда тартылган. Ал жерде көптөгөн советтик аскердик фильмдер жаралган. "Снайперлер" аябагандай оор шарттарда тартылган эле. Анын кесепетинен үч жолу операция болуп, эки жылдан кийин гана калыбыма келгем", — деди Темирова.
Анда Шамшиев 44, Темирова 27 жашта болуп, экөө бир уул, бир кызды тарбиялап жаткан.
Актрисанын кызы Сүйүтай Шамшиева буларды кошумчалады:
Аталган тасмага казакстандык, россиялык, кыргызстандык актерлор катышкан. Кинокартина соңуна чыккан соң 1986-жылы Алмата шаарында өткөн ХIХ Бүткүл союздук фестивалда "Мыкты аскердик-патриоттук тасма" сыйлыгына ээ болуп, башкы кармандын образын жараткан Темировага СССРдин Коргоо министрлиги ефрейтор аскер чинин ыйгарган.