Премьер-министр Улукбек Марипов өткөргөн эпидемиологиялык абал боюнча кеңешме учурунда

Өкмөт коронавирустун толкунуна кандай даярдык көрүүдө? Кеңешмедеги пландар

102
(жаңыланган 12:12 11.02.2021)
Өкмөт башчы коңшу өлкөлөрдө вирустун жаңы штаммдарын жуктуруп алуу боюнча катталган окуялар кооптондуруп жатканын айтты.

БИШКЕК, 11-фев. – Sputnik. Кыргызстанга COVAX программасынын алкагында коронавируска каршы вакциналар үстүбүздөгү жылдын март айында алып келинет, ал эми экинчи бөлүгү экинчи кварталда жеткирилмекчи. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов өткөргөн эпидемиологиялык абал боюнча кеңешмеде сөз болду.

Жыйында Россия менен Кытайда чыгарылган вакциналарды пайдалануу маселеси иштелип жаткандыгы айтылды.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов калкты, биринчи кезекте билим берүү жана медицина тармагынын кызматкерлерин ыктыярдуу эмдөө боюнча ишти ыкчам жана сапаттуу жүргүзүү керектигин белгилеген.

Мындан сырткары, жалпы билим берүү мектептеринин жана бала бакчалардын ишин ырааттуу жандандыруу, калкты ыктыярдуу түрдө COVID-19дан массалык вакцинациялоого даярдык көрүү маселеси дагы талкууланды.

"Коңшу өлкөлөрдө вирустун жаңы штаммдарын жуктуруп алуу боюнча катталган окуялар бизди кооптондурууда. Өлкөнүн бардык медициналык мекемелери оорунун көбөйүү ыктымалдыгына толугу менен даяр болушу керек. Өзгөчө ооруканаларда суюк кычкылтекти берүү тутуму орнотулушу маанилүү. Эпидемиологиялык абалдын начарлашы мүмкүндүгүн эске алуу менен дары-дармектердин жана жеке коргонуу каражаттарынын запасынын көлөмү үзгүлтүксүз көзөмөлдө болууга тийиш. Ошондой эле зарыл дары-дармектердин корун жогорулатуу керек", — деди Марипов.

Премьер-министр саламаттык сактоо тутумун санариптештирүү боюнча ишти активдештирүүнү тапшырды.

102
Белгилер:
коронавирус, вакцина, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2552)
Тема боюнча
Пандемия маалында коронавирустан беш жаш бала көз жумду
Ошто бир киши көз жумду. COVID боюнча жаңы статистика
Алып баруучу, актриса Назира Айтбекова. Архив

Ата мээримин таятаман издедим... Назира Айтбекованын айылга каты

81
(жаңыланган 15:50 28.02.2021)
Бул ирет айылга катты алып баруучу, актриса Назира Айтбекова жазды. Ал жол боюнда күткөн таятасын, тайларынын үйүндө өткөн балалыгын жана тартипке бекем таенесин эстеди. Ошондой эле айылга бараткандагы өзгөчө сезимдери менен да бөлүштү.

Кичи мекеним Темир айылы деп билдим

Айылым. "Жээн эл болбойт" дешет. Тайлары жарашса болот эле экен. Таякелерим, бөлөлөрүм, таажеңелерим, айтор, мага тайларым төркүн болду. Кичи мекеним Темир айылы деп билдим. Көзүмдү жумсам айылымдын жыты келип, анан дароо эле тоолору тартыла түшөт. Сагынганда чыдабай, унаамды чапкылап алып учуп жөнөйм. Ал жакка бараткан дагы өзүнчө бир укмуш. Калдайган тоолорум, мээримдүү жайкалган көлүм бири атам сындуу, бири энем сындуу тосуп чыгат. Ошолордун карааны эле канча?!

Ох, жол боюнда тизилген, асман тиреген теректерчи? Бийиктикти жакшы көрөм негедир. Көңүлүм бийиктеп калгансыйт. Алардан башкача энергия алам. Жаратылыш, табият, жан-жаныбар, аларды кунт коюп тыңшасаң болуп көрбөгөндөй таалим-тарбия берет. Тек гана тыңшаганды билбейбиз. Көлдөн токтоолукту, тазалыкты үйрөнсөң болот. Көл өзүн тазалап турарын билесиңерби? Тоодон сабырдуулукту, бийиктикти үйрөнөсүң. Жемиши бар бактардан канчалык мөмө байласаң, ошончолук жерге ийилип жөнөкөй болгонду үйрөнөсүң.

Ат, ит жана башка жаныбарлардан болсо жакшылыкты унутпаганды, суу ичкен кудугуңа түкүрбөгөндү үйрөнөсүң. Шаардын кымгуутунан чарчаганда кетким келип эңсеген жерим ошол жак.

Телеведущая Назира Айтбекова
© Фото / Назира Айтбекова
Назира Айтбекова: "Жээн эл болбойт" дешет. Тайлары жарашса болот эле экен. Таякелерим, бөлөлөрүм, таажеңелерим, айтор, мага тайларым төркүн болду. Кичи мекеним Темир айылы деп билдим.

Атамдын мээримин таятамдан издедим...

Мурун таятам "кыздарым келет" деп жол боюнда карааныбызды издеп күтөр эле. Азыр деле ошентип жол боюнда күтөт деңизчи, бирок мүрзөдө... Барган сайын багыштап куран түшүрөбүз. Эстейбиз. Таятамды эмнегедир өзгөчө жакшы көрдүм. Биздин арабызда көрүнбөгөн жип болор эле. Ачык айтып, сезимдерибизди ачык билдирбесек да таятамдын мага жан тартып, санаага батып, боор толгоп турганын сезчүмүн.

Айылдаштары таятамдын бир окуясын эстеп күлүп калышат. "Улуттук хит-парадды" алып барып жүргөнүмдө таятам "азыр телевизордон кызым чыгат" деп шашып кетчү экен. Айылга барганымда мени такыр мактачу эмес. Алексейди оозунан түшүрбөй мактап, мага келгенде унчукпай калчу. Көрсө, таятам көзүм тийип калбасын деп мени аярлачу экен. Атамдын мээримин таятамдан издедим. Таятамдан чыпкаладым. Уктап жатса акырын барып жанына жатып алчумун. "Ак сакалы жайкалган аталар жагат" десем жайкы каникулга баргыча ак сакалын жайкалтып, таятам образды өзгөртүптүр. Көзүмө сонун көрүндү.

Эртең менен "ээ айланайын, түшкө чейин да уктайбы?" деп энем (таенемди эне дейм) урушса, таятам энемди тыйып, "мейли, жайына кой, уктап алсын!" деп койчу. Анан таятама таянып, уйкуну бышырчумун. Үйдүн баарын мизилдетип жууп-тазалап, ар кимисинин кийимин өзүнчө текчеге коюп, баарын тыкыйтып коер элем.

Телеведущая, актриса Назира Айтбекова с мамой, бабушкой и братом
© Фото / Назира Айтбекова
Назира Айтбекова: энем өзүнөн улуу бекчейген аталарга, энелерге жүгүнөт. Алар болсо алкашат, батасын берет. Энем бирин да атынан атабайт. Улуу муунду тергеп атайт. Көзү өтүп кеткени болсо да сый-урмат кылат.

Тайларымды көргөндө азыр да эзилип турам

Наргиза бөлөм, Камчы таякем, Кубаныч таякем баарыбыз топтолобуз. Энемдердин үйүн "ылдыйкы үй" деп атайбыз. Бөлө, таякелер бир-эки эле жаш айырмабыз болбосо, теңбиз. Үйдөгү, огороддогу бардык иштерди бүтүрөбүз да концертке суранабыз. Тээ шаардан белгилүү ырчылар келип, айылдын клубуна концерт коет. Акчасын эки таякем табат. Биз кыздар конок болобуз. "Кызга кырк үйдөн тыюу" деп энем экөөбүздү тилдеп жибербейт. Ботодой боздоп, миң түркүн мүнөзүбүздү көргөзүп, ары-бери жагынан чыгып, тайларым ортого түшүп жатып араң уруксат алабыз. Эки таякем эки жагыбыздан чыкпай кайтарып барып, үйдөгүлөрдүн аманатын аткарып, концерт бүткөн соң аман-эсен алып келет.

Бир аз тентектик кылсак таятам энемен чыгарат. Ошон үчүн тартип жактан энем бизди катуу кармайт эле. Сербеңдеп дарбазадан сырткары да чыга бербейбиз. Эртең менен болсо таятам самоорго от жагып, буркурата чай кайнатат. Энем сапсары жумурткаларынан мага алып, эртең менен эрте туруп, уй саап, каймагын тартып атайын алып келет. Башка неберелери жеп кетип, ачка калбасын деп энем анын баарын катып берет. Дүкүлдөп таякелерим келе жатканда энем "бул кыздын курсагы тойсун, силердикин анан тойгузам" дечү. Ага мен боломбу? Тайларымдын мойнуна асылып, өпкүлөп, ичим элжиреп, жеп жаткан тамагымды тең бөлүшөм. Тайларымды көргөндө азыр да эзилип турам.

Жалгыз кыз болгондуктан бир туугандын даамын билбейм, бирок ушундай болсо керек деп элестетем. Балдарыбыз далдайып чоңойсо деле азыркыга чейин тайларымды баса калып өпкүлөп, жонуна минип көтөртүп алмай адатым бар. Жеңелерим деле көнүп бүттү. Энем дагы эле жол карап, ичкен-жегенинен алып сактап, "баягы кыздарыма берем" деп турат. Биз абдан көппүз. Алардын баары Темир айылында. Ар биринин үйүнө барып, кыдырып бүтпөйсүң. Баары бүлөлүү, бала-чакалуу. Баарыбыз бапырап турабыз. Ынтымагыбыз да күч! Анткени башыбызда энем даанышман болуп турат. Кайнене, кайнеже, келин ортосунда бизде кайым айтышуу деген жок. Болгон да эмес. Энем келиндерин өз кызындай кабыл алды.

Актриса, блогер и телеведущая Назира Айтбекова
© Фото / из личного архива Назиры Айтбековой
Назира Айтбекова: Балдарыбыз далдайып чоңойсо деле азыркыга чейин тайларымды баса калып өпкүлөп, жонуна минип көтөртүп алмай адатым бар. Жеңелерим деле көнүп бүттү.

"Кыздар, келсеңер сыйыңар менен келип-кеткиле!" деп турат. Жадырап-жайнап жакшы маанай менен келебиз. Кайра жайдары кайтабыз. Энем туура эмесин тууралап, өзү жайгарып коет. Бизде, Көлдө, келиндер күндө эртең менен жүгүнүп турушат. Ал тургай энем өзүнөн улуу бекчейген аталарга, энелерге жүгүнөт. Алар болсо алкашат, батасын берет. Энем бирин да атынан атабайт. Улуу муунду тергеп атайт. Көзү өтүп кеткени болсо да сый-урмат кылат. Анын ошол мамилеси эле келиндерин тарбиялайт. Тили тешилгиче акыл үйрөтпөйт. Ашмалтай кылбайт. Тек гана тарбиясын, маданиятын өз мисалында көргөзөт. Айылымдын атуулдары менен баарлашсаң улуу сөздөрдү үйрөнөсүң, салт-санаасын билесиң. Кыргыздын улуу көчүн улаган күч дал ошол айылда! Темир айылым көңүлүмдүн төрүндө!

81
Белгилер:
балалык, эскерүү, таене, айылга кат, Назира Айтбекова
Тема:
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү
Тема боюнча
Бир бөтөлкөгө арыктын эле суусун берип ийгилечи... Мирзат Мукановдун айылга каты
Кой кайтарган кара кыз, эмгекчил коңшулар. Нурзат Токтосунованын айылга каты
Ош шаарынын борбордук аянтында Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтары митинг уюштурушту

Ошто миңдей адам Матраимовду колдоп митингге чыкты. Сүрөт, видео

253
(жаңыланган 15:24 28.02.2021)
Мурдагы аткаминерди колдоп митингге чыккандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Таабалды Тиллаев, Мирлан Бакировдор бар экени маалым болду.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Ош шаарынын борбордук аянтында Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтары митинг уюштурушту.

  • Митинг в поддержку экс-заместителя ГТС Райыма Матраимова в Оше
    Ош шаарынын борбордук аянтында Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтары митинг уюштурушту
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Митинг в поддержку экс-заместителя ГТС Райыма Матраимова в Оше
    Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдиргендей, аянтка 1000дей киши чогулган
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Митинг в поддержку экс-заместителя ГТС Райыма Матраимова в Оше
    Алар колдоруна мурдагы аткаминерди колдогон ар кандай жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
  • Митинг в поддержку экс-заместителя ГТС Райыма Матраимова в Оше
    Митингге чыккандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Таабалды Тиллаев, Мирлан Бакировдор бар экени маалым болду.
    © Sputnik / Зульфия Тургунова
1 / 4
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Ош шаарынын борбордук аянтында Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтары митинг уюштурушту

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдиргендей, аянтка 1000дей киши чогулган. Алар колдоруна мурдагы аткаминерди колдогон ар кандай жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан.

Митингге чыккандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Таабалды Тиллаев, Мирлан Бакировдордун бар экени маалым болду. Чогулгандар саат 14:00дөн кийин тарай баштаган.

Эске салсак, Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кайра кармалган. Биринчи май райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, эки айга чейин абакта кармоо чечими чыккан. Андан кийин абакта анын кан басымы көтөрүлүп жатканы айтылган.

Буга чейин Бишкекте дагы мурдагы аткаминерди колдогон митинг өткөн.

Матраимов өткөн жылдын 20-октябрында бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК тарабынан колго түшкөн. Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган болчу.

Кийинчерээк ал мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды толтурууга макул болгону айтылган. Анын 1,4 миллиардын акчалай, калган 600 миллион сомуна бир соода борборун, тогуз батирин өткөрүп берген.

11-февралда Биринчи май райондук сотунун судьясы Гүлзат Дыйканбаева Матраимовду коррупцияга күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Анын жана жакын туугандарынын камакка алынган мал-мүлкүн ээлерине кайтарып берген. Бул окуядан кийин коомчулук арасында нааразычылык жаралып, митингге чыгышкан. Кийин президент Садыр Жапаров сот Матраимовго бир эпизод боюнча гана чечим чыгарганын жана иш уланарын айткан. УКМК дагы Райым Матраимов кытай жараны Айеркен Саймаитинин банктар аркылуу өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарып кетишине тиешеси бар-жогун аныктоо үчүн тергөө иштери улантылып жатканы боюнча маалымат тараткан.

253
Белгилер:
аткаминер, колдоо, митинг, Ош, Райымбек Матраимов
Тема:
Райым Матраимовдун кармалышы
Тема боюнча
Райым Матраимов эки айга камакка алынды
Абактагы Райым Матраимов кан басымы көтөрүлүп жатканын айтты

Тегеренип тээп, жыгылганын баса калып... Түндө өткөн UFC турниринин видеосу

0
(жаңыланган 15:59 28.02.2021)
Кечээ Абсолюттук мушкерлер уюмунун кезектеги беттеши өтүп, кеченин башкы беттешинде франциялык Сирил Ган суринамдык Жаирзиньо Розенструйкту утту.

Лас-Вегаста өткөн UFC Fight Night 186 мелдешинин кызыктуу учурлары UFC Russia YouTube каналына жүктөлдү.

Оор салмактагы мушкерлер Ган менен Розенструйк беттештин убактысы бүткүчө кармашып, аягында калыстар жеңишти франциялык спортчуга ыйгарган. Спорт күйөрмандары суринамдык мушкер мурдагыдай нокауттарын көрсөтө алган жок деп сындашкан.

Турнирдин дагы бир маанилүү кармашында россиялык Магомед Анкалаев украиналык Никита Крыловду калыстардын бирдей чечими менен жеңген.

0
Белгилер:
мушкер, видео, беттешүү, турнир, UFC
Тема боюнча
Шевченконун баш оорусу болом. Чемпиондун жаңы атаандашы тууралуу эмне белгилүү
Эсинен тандыра уруп... UFC мелдешинен алынган бир нече учурдун видеосу