БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Мурдагы муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин бошотулушун талап кылгандар УКМКнын алдына митингге чыкты.
Атайын кызматтын имаратынын алдына чогулган 50-60ка чукул адам колдоруна "Максат ажыга боштондук" деп жазылган баракчаларды кармап алышкан.
Митингчилер мурдагы муфтийди абакта кармоо туура эместигин айтып, сот чечим чыгарганга чейин ал үй камагында болушу керектигин жана иш калыс иликтенишин талап кылышууда.Максатбек ажы Токтомушев 10-февраль күнү муфтияттагы каржы маселесине байланышкан жаңжалдан кийин кызматтан баш тарткан. Ошол эле күнү кечинде УКМК тарабынан кармалган.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ооруларды алдын алуу мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин сурамына жооп берип, 2019-2020-жылдардагы жугуштуу оорулардын статистикалык айырмачылыгын айтып берди.
2020-жылы республикада жалпысынан 313 576 жугуштуу жана паразитардык оору катталган. Анын ичинен 60,7 пайызын сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар түзөт. Былтыр 2019-жылга салыштырмалуу 22 оорунун түрүнүн төмөндөшү байкалган.
Маселен, курч кармаган ичеги-карын оорулары үч эсеге аз катталган. Тагыраагы, 2019-жылы көрсөткүч 32 866 болсо, 2020-жылы 11 041 болгон.
Сарык оорусу (вирустук гепатиттин түрлөрү) жалпысынан 55,4 пайызга төмөндөгөн. 2019-жылы 10 579 кишиде оору аныкталса, 2019-жылы 4 805 учур катталган. Вирустук гепатиттин 96,8 пайызын А түрү түзөт.
Жугуштуу жана паразитардык оорулар, анын ичинен курч ичеги-карын илдеттери, вирустук гепатиттин А түрү колду таза жуубагандыктан, кир буюмдардан, жашылча-жемиштерден жугары белгиленет. Ал эми сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялар коронавирус сыяктуу аба тамчысы аркылуу жугат.
"2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген карантиндик чаралар, ошондой эле калк арасында санитардык-гигиеналык талаптардын так аткарылышы, башкача айтканда, бет кап тагынуу, социалдык аралыкты сактоо, колду жууп туруу, антисептик колдонуу жана онлайн окуу жугуштуу оорулардын төмөндөшүнүн бирден-бир себеби болуп саналат", — деп билдирди департамент.
Мекеме жугуштуу ооруларды алдын алуу жана жайылтпоо үчүн иш-чаралар уланып жатканын белгиледи.
Мындан тышкары, коронавирустун фонунда азайган жугуштуу жана паразитардык оорулардын катарында бруцеллез (34,8 пайызга төмөндөгөн), эхинококкоз (34 пайыз), туберкулез (31,4 пайыз), сифилис (31,2 пайыз), котур (27,8), ВИЧ-инфекция (22 пайыз), гонорея (16,6 пайыз) бар.Ошондой эле паротит (свинка) 11,5 эсеге, сальмонеллез 3,9 эсеге, көк жөтөл 4,5 эсеге, кызылча 3,3 эсеге, менингит 3 эсеге азайган.
Ал эми былтыр кара келте (паратиф), кептөөр (дифтерия), кутурма, кызамык, безгек (малярия) вирустук гепатиттин Е жана Д түрлөрү дээрлик катталган эмес.
БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Американын Иллинойс штатынын тургундары Facebook компаниясы адамдын жүзүн таануу технологиясын колдонгондугу үчүн сотко берип 650 миллион доллар төлөттүрүп алды. Бул тууралуу Chicago Tribune гезити жазды.
2015-жылы штаттын жашоочулары Facebook компаниясына каршы доо арыз жазышкан. Анда тургундар компанияны биометрикалык маалымат чогултуу үчүн адамды жүзүнөн таануу технологияларын колдонууда мыйзам бузган деп айыпташкан. Facebook талашты жөнгө салуу үчүн 650 миллион доллар сунуштаган, андан мурда компания 550 миллион берерин айткан. Бирок Сан-Францисконун аймактык соту бул сумманын жетиштүү экенинен күмөн санаган.
Маалыматта Facebook мындан ары жүздү таануу автоматтык технологиясын колдонбой турганы белгиленди. Компания колдонуучулар буга чейин деле жүздү таануу функциясын колдонуу же колдонбоону өздөрү чечип келгенин, бирок эми ал кызмат өчүк болорун, каалоочулар баракчанын тескөө бөлүмүнөн иштетип алса болорун айтышты.