Аскердик техника. Архив

Казакстан Кыргызстанга курал-жарак, аскердик техника берди. Тизме

549
(жаңыланган 13:54 11.02.2021)
Казакстан тарап аскердик каражаттарды Кыргызстан жана Тажикстанга темир жол транспорту менен жеткирип берет.

БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Казакстан Кыргызстандын жана Тажикстандын куралдуу күчтөрүнө кайтарымсыз жардам иретинде аскердик техника менен курал-жарак берет.

Казакстандын Коргоо министрлиги кошуна мамлекеттерге кайтарымсыз жардам берүү боюнча эки токтом долбоорун иштеп чыкты. Долбоорлор ачык талкуулоо үчүн Казакстан өкмөтүнүн ченемдик-укуктук актыларынын сайтында жарыяланган.

Өткөрүлүп берилген мүлк пайдаланылбай, ашыкча көлөмдө сакталып турганы, ошондуктан аны калыбына келтирүү үчүн бюджеттик каражат талап кылынбай турганы белгиленди.

Документтерге ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө Казакстан төмөнкү аскер техникаларын берет:

  • 6 000 480 даана 5,45 миллиметрлик ок;
  • 1 000 даана 122 миллиметрлик фугастуу снаряд;
  • 2 000 даана жерде кызгылт сары түтүн аркылуу белги берүүчү патрон;
  • 1 000 даана сары жарык аркылуу белги берүүчү 26 миллиметрлүү патрон;
  • 4 даана жыштыктагы үндөрдү угууга ылайыкташкан "Чыгыш-СП" аппараты;
  • 6 даана "Галактика" радио кабыл алуучу жабдык;
  • 1 даана "Калина 12х80" антенналуу коммутатор.

Тажикстанга 82 миллиметрлик минометко 10 миң снаряд, автоматтык пушка үчүн 20 миң снаряд жана үч миллион автоматтын патрону берилет.

Казакстан аскердик каражаттарды темир жол аркылуу Жамбыл облусундагы "Отар" станциясынан Тажикстандын аймагына (Душанбе шаарындагы "Рохати" станциясына) чейин жеткирип берет. Ал эми Кыргызстанга болсо Кой-Таш калктуу пунктуна чейин жеткирилет.

Кыргызстан менен Тажикстан жардамга алган аскердик мүлктү башка жакка бере албай турганы белгиленди.

549
Белгилер:
жардам, Кыргызстан, Казакстан, техника
Тема боюнча
Түркия Кыргызстанга аскердик унаа менен керектүү буюмдарды берди. Сүрөт
Камыр жайып жаткан келин. Архив

Кайнагасы менен өбүшүп учурашып... Келин кайнененин кыжырын кайнаткан 8 учур

0
Келин менен кайнене бүтпөгөн тема. Ар биринин өз орду бар, бирок аша чаап кеткен учурда кимиси болсо да жарылышы ыктымал.

Келиндер кайсы учурда кандай кылык-жоруктары менен кайнененин кыжырын кайнатат деп ойлойсуздар? Sputnik Кыргызстан агенттиги келин күткөн айрым аялдар менен сүйлөшүп, кайсы учурда келиндер чектен чыгып кетерин сурады.

Балдарын аша чаап эркелеткенде. Жапжаш туруп жанындагы ата-энесин, улууларды көзгө илбей балдарын үзүлө түшүп эркелеткенде бери жактагы адам ыңгайсыз боло түшөт. Илгерки убак болгондо кайнене, кайнатабыз "сенде эле бала болсо дагы" деп балаңды колдон жулуп алмак. Азыркыларга айтсаң жаман көрөт. Бөлмөсүнө кирип алып баласын эркелетмек түгүл эзилип кетсин. Улуулардын көзүнчө бир аз өзүн карманып койсо болот да.

Күчүн баладан чыгарганда. Жини келген учурда күчүн баладан чыгарган келиндер. Айрыкча, үйгө мейман келгенде балдарын урушуп, уруп киргендер жанды кашайтат. Маданият, тарбия деген жок! Анын урушканы түз эле конокко барып бир тиерин түшүнбөсө керек. Неберени ата-эненин көзүнчө урганда да жан кашаят. Балада эмне күнөө? Бейбаштык кылган учурда да баласын өзүнчө алып барып тарбиялашы керек.

Кайнагалары менен өбүшүп учурашканда. Азыркы келиндердин түшүнбөйсүң. Кайнагалары менен кол алышып, өбүшүп учурашып коюшат. Жүгүнүп туруп, өбүшүп койгондо күйбөгөн жериң күл болот! Биздин убакта кайнаганын колун кармамак түгүл, алардын жүзүн карап саламдашкандан сүрдөчүбүз. Ыйман кетти...

Түшкө чейин уктаганда. Иштеп чарчап келсе да "ии" дейсиң. Түндүн бир маалына чейин кино көрүп, телефон чукулайт да, түшкө чейин бөлмөсүнөн чыкпай жата берет. Эмне деген адат бул? Жок дегенде кайнене, кайнатасына чайын берип коюп анан эс алса деле болот да.

Күйөөсүн басынтып сүйлөгөндө. Асмандан эле түшкөн немедей. Булар "мен" дегенден башка эч нерсе билишпейт. Жолдошунун таап келгенин, жасап жаткан иштерин көзгө илбей эле өзүн мактап, өзүн өйдө койгондо түтөп гана кетесиң. Эрин сыйлабаган аял өмүрү оңолбойт! Анан калса элдин көзүнчө жолдошун басынтып, анын сөзүн сөз катары көрбөгөндөр да жанды кашайтат.

Күзгүнүн алдынан чыкпаганда. Бетине 10 тонна боёк коет. Мындайлардын башы сулуулук салондорунан да чыкпайт. Үйүндө тамагы жок калса дагы күйөөсүнүн чөнтөгүн кагып салонго кеткенде кантип жөн карап турасың?!

Колунан телефону түшпөгөндө. Бул эми бүтпөгөн тема. Басса да, турса да телефондон көзүн албайт. Тамагын жасап, балдарын карап коюп деле бир-эки саат телефонду караса болот эмеспи. Жок! Эртеден кечке чейинки эрмеги ошол. Караганы аз келгенсип телефондон ар ким менен жомок айтышканда чокудан ары чапкың келет.

Илээнди, жүдөөлөр. Кыбырап, бир баскан жерин он басып, бир этегин үзө, бир этегин жаза басып жүдөгөн келиндер да бар. Мындайлардын күйөөсүнүн жакасы өмүрү агарбайт. Балдарын айтпай эле коёюн. Анан кантип жан кашайбайт?!

0
Белгилер:
сыйлоо, мамиле, аял, келин, кайнене
Алып баруучу, актриса Назира Айтбекова. Архив

Ата мээримин таятаман издедим... Назира Айтбекованын айылга каты

112
(жаңыланган 15:50 28.02.2021)
Бул ирет айылга катты алып баруучу, актриса Назира Айтбекова жазды. Ал жол боюнда күткөн таятасын, тайларынын үйүндө өткөн балалыгын жана тартипке бекем таенесин эстеди. Ошондой эле айылга бараткандагы өзгөчө сезимдери менен да бөлүштү.

Кичи мекеним Темир айылы деп билдим

Айылым. "Жээн эл болбойт" дешет. Тайлары жарашса болот эле экен. Таякелерим, бөлөлөрүм, таажеңелерим, айтор, мага тайларым төркүн болду. Кичи мекеним Темир айылы деп билдим. Көзүмдү жумсам айылымдын жыты келип, анан дароо эле тоолору тартыла түшөт. Сагынганда чыдабай, унаамды чапкылап алып учуп жөнөйм. Ал жакка бараткан дагы өзүнчө бир укмуш. Калдайган тоолорум, мээримдүү жайкалган көлүм бири атам сындуу, бири энем сындуу тосуп чыгат. Ошолордун карааны эле канча?!

Ох, жол боюнда тизилген, асман тиреген теректерчи? Бийиктикти жакшы көрөм негедир. Көңүлүм бийиктеп калгансыйт. Алардан башкача энергия алам. Жаратылыш, табият, жан-жаныбар, аларды кунт коюп тыңшасаң болуп көрбөгөндөй таалим-тарбия берет. Тек гана тыңшаганды билбейбиз. Көлдөн токтоолукту, тазалыкты үйрөнсөң болот. Көл өзүн тазалап турарын билесиңерби? Тоодон сабырдуулукту, бийиктикти үйрөнөсүң. Жемиши бар бактардан канчалык мөмө байласаң, ошончолук жерге ийилип жөнөкөй болгонду үйрөнөсүң.

Ат, ит жана башка жаныбарлардан болсо жакшылыкты унутпаганды, суу ичкен кудугуңа түкүрбөгөндү үйрөнөсүң. Шаардын кымгуутунан чарчаганда кетким келип эңсеген жерим ошол жак.

Телеведущая Назира Айтбекова
© Фото / Назира Айтбекова
Назира Айтбекова: "Жээн эл болбойт" дешет. Тайлары жарашса болот эле экен. Таякелерим, бөлөлөрүм, таажеңелерим, айтор, мага тайларым төркүн болду. Кичи мекеним Темир айылы деп билдим.

Атамдын мээримин таятамдан издедим...

Мурун таятам "кыздарым келет" деп жол боюнда карааныбызды издеп күтөр эле. Азыр деле ошентип жол боюнда күтөт деңизчи, бирок мүрзөдө... Барган сайын багыштап куран түшүрөбүз. Эстейбиз. Таятамды эмнегедир өзгөчө жакшы көрдүм. Биздин арабызда көрүнбөгөн жип болор эле. Ачык айтып, сезимдерибизди ачык билдирбесек да таятамдын мага жан тартып, санаага батып, боор толгоп турганын сезчүмүн.

Айылдаштары таятамдын бир окуясын эстеп күлүп калышат. "Улуттук хит-парадды" алып барып жүргөнүмдө таятам "азыр телевизордон кызым чыгат" деп шашып кетчү экен. Айылга барганымда мени такыр мактачу эмес. Алексейди оозунан түшүрбөй мактап, мага келгенде унчукпай калчу. Көрсө, таятам көзүм тийип калбасын деп мени аярлачу экен. Атамдын мээримин таятамдан издедим. Таятамдан чыпкаладым. Уктап жатса акырын барып жанына жатып алчумун. "Ак сакалы жайкалган аталар жагат" десем жайкы каникулга баргыча ак сакалын жайкалтып, таятам образды өзгөртүптүр. Көзүмө сонун көрүндү.

Эртең менен "ээ айланайын, түшкө чейин да уктайбы?" деп энем (таенемди эне дейм) урушса, таятам энемди тыйып, "мейли, жайына кой, уктап алсын!" деп койчу. Анан таятама таянып, уйкуну бышырчумун. Үйдүн баарын мизилдетип жууп-тазалап, ар кимисинин кийимин өзүнчө текчеге коюп, баарын тыкыйтып коер элем.

Телеведущая, актриса Назира Айтбекова с мамой, бабушкой и братом
© Фото / Назира Айтбекова
Назира Айтбекова: энем өзүнөн улуу бекчейген аталарга, энелерге жүгүнөт. Алар болсо алкашат, батасын берет. Энем бирин да атынан атабайт. Улуу муунду тергеп атайт. Көзү өтүп кеткени болсо да сый-урмат кылат.

Тайларымды көргөндө азыр да эзилип турам

Наргиза бөлөм, Камчы таякем, Кубаныч таякем баарыбыз топтолобуз. Энемдердин үйүн "ылдыйкы үй" деп атайбыз. Бөлө, таякелер бир-эки эле жаш айырмабыз болбосо, теңбиз. Үйдөгү, огороддогу бардык иштерди бүтүрөбүз да концертке суранабыз. Тээ шаардан белгилүү ырчылар келип, айылдын клубуна концерт коет. Акчасын эки таякем табат. Биз кыздар конок болобуз. "Кызга кырк үйдөн тыюу" деп энем экөөбүздү тилдеп жибербейт. Ботодой боздоп, миң түркүн мүнөзүбүздү көргөзүп, ары-бери жагынан чыгып, тайларым ортого түшүп жатып араң уруксат алабыз. Эки таякем эки жагыбыздан чыкпай кайтарып барып, үйдөгүлөрдүн аманатын аткарып, концерт бүткөн соң аман-эсен алып келет.

Бир аз тентектик кылсак таятам энемен чыгарат. Ошон үчүн тартип жактан энем бизди катуу кармайт эле. Сербеңдеп дарбазадан сырткары да чыга бербейбиз. Эртең менен болсо таятам самоорго от жагып, буркурата чай кайнатат. Энем сапсары жумурткаларынан мага алып, эртең менен эрте туруп, уй саап, каймагын тартып атайын алып келет. Башка неберелери жеп кетип, ачка калбасын деп энем анын баарын катып берет. Дүкүлдөп таякелерим келе жатканда энем "бул кыздын курсагы тойсун, силердикин анан тойгузам" дечү. Ага мен боломбу? Тайларымдын мойнуна асылып, өпкүлөп, ичим элжиреп, жеп жаткан тамагымды тең бөлүшөм. Тайларымды көргөндө азыр да эзилип турам.

Жалгыз кыз болгондуктан бир туугандын даамын билбейм, бирок ушундай болсо керек деп элестетем. Балдарыбыз далдайып чоңойсо деле азыркыга чейин тайларымды баса калып өпкүлөп, жонуна минип көтөртүп алмай адатым бар. Жеңелерим деле көнүп бүттү. Энем дагы эле жол карап, ичкен-жегенинен алып сактап, "баягы кыздарыма берем" деп турат. Биз абдан көппүз. Алардын баары Темир айылында. Ар биринин үйүнө барып, кыдырып бүтпөйсүң. Баары бүлөлүү, бала-чакалуу. Баарыбыз бапырап турабыз. Ынтымагыбыз да күч! Анткени башыбызда энем даанышман болуп турат. Кайнене, кайнеже, келин ортосунда бизде кайым айтышуу деген жок. Болгон да эмес. Энем келиндерин өз кызындай кабыл алды.

Актриса, блогер и телеведущая Назира Айтбекова
© Фото / из личного архива Назиры Айтбековой
Назира Айтбекова: Балдарыбыз далдайып чоңойсо деле азыркыга чейин тайларымды баса калып өпкүлөп, жонуна минип көтөртүп алмай адатым бар. Жеңелерим деле көнүп бүттү.

"Кыздар, келсеңер сыйыңар менен келип-кеткиле!" деп турат. Жадырап-жайнап жакшы маанай менен келебиз. Кайра жайдары кайтабыз. Энем туура эмесин тууралап, өзү жайгарып коет. Бизде, Көлдө, келиндер күндө эртең менен жүгүнүп турушат. Ал тургай энем өзүнөн улуу бекчейген аталарга, энелерге жүгүнөт. Алар болсо алкашат, батасын берет. Энем бирин да атынан атабайт. Улуу муунду тергеп атайт. Көзү өтүп кеткени болсо да сый-урмат кылат. Анын ошол мамилеси эле келиндерин тарбиялайт. Тили тешилгиче акыл үйрөтпөйт. Ашмалтай кылбайт. Тек гана тарбиясын, маданиятын өз мисалында көргөзөт. Айылымдын атуулдары менен баарлашсаң улуу сөздөрдү үйрөнөсүң, салт-санаасын билесиң. Кыргыздын улуу көчүн улаган күч дал ошол айылда! Темир айылым көңүлүмдүн төрүндө!

112
Белгилер:
балалык, эскерүү, таене, айылга кат, Назира Айтбекова
Тема:
"Айылга кат" — адамдардын ички сезими, сагынычы, эскерүүсү
Тема боюнча
Бир бөтөлкөгө арыктын эле суусун берип ийгилечи... Мирзат Мукановдун айылга каты
Кой кайтарган кара кыз, эмгекчил коңшулар. Нурзат Токтосунованын айылга каты