Окуу жылы башталгандан бери канча окуучу COVID жугузду. Министрликтин жообу

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБишкек мектебин окуучулары. Архив
Бишкек мектебин окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Жазылуу
Быйылкы окуу жылы башталгандан бери 1-класстын балдары мектепте окуп, жакын арада эле алардын катарына 5, 9 жана 11-класстын окуучулары кошулду.
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Быйылкы окуу жылы башталгандан бери окуучулар арасында кононавирус жуктуруп алгандар эң көп ноябрь айында катталган. Бул маалда өлкө боюнча 320 окуучу вируска чалдыкканын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Медициналык кызматкерлер ооруканада бала менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
Дароо ооруканага кайрылгыла! Кавасаки синдрому тууралуу 5 суроого жооп
Бардыгы болуп Кыргызстанда 85 328 киши коронавируска кабылды. Алардын арасынан 2 464ү (2,9 пайызы) мектеп курагындагы балдар. Ал эми мектепке чейинки курактагы бөбөктөр арасында 1 432 (1,7 пайыз) учур катталган.
Айларга бөлүп карай турган болсок, сентябрда — 48, октябрда — 315, ноябрда — 320, декабрда 214, ал эми январда — 109 окуучу вирус жугузган.
Жаңылыктар түрмөгү
0