КР маданиятынын мыкты кызматкери, социалдык коргоонун отличниги, көптөгөн диплом, грамота, төш белгилердин ээси Назгүл Насиева. Архив

Назгүл Насиева: балдар үйүндөгү бөбөктөрдүн кечинде жатканда ыйлаганы жүрөк тилет

8013
(жаңыланган 21:46 11.02.2021)
Акыркы кезде коомчулукта адамдын оюна келбеген окуялар да болуп жатканы маалым. Турмуштун оор соккусуна туруштук бере албай же жумушсуздуктан миграцияга агылган жарандар көбөйүүдө.

Мындан улам балдар үйлөрү, карылар үйлөрүндө кароосуз калгандар арбып барат. Ошентсе да бизди кубандырганы эл арасында мындай көрүнүшкө көз жумуп коё албаган кайрымдуу, жүрөгү жумшак жарандарыбыз бар. Алар материалдык, моралдык жактан колунан келишинче калкыбыздын аярлуу катмарына кол сунуп келет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги кайрымдуулук иштер менен алектенип, өзгөнүн баласына өз баласындай мээрим төгө алган, бирөөнүн көйгөйүн уга билген айым, КР маданиятынын мыкты кызматкери, социалдык коргоонун отличниги, көптөгөн диплом, грамота, төш белгилердин ээси Назгүл Насиева менен маек даярдаган.

Отличник культуры, отличник социальной защиты Назгуль Насиева
© Фото / из личного архива Назгуль Насиевой
“Сен жалгыз эмессиң” коомдук фондунун төрайымы Назгүл Насиева 1999-жылдан бери кайрымдуулук иштери менен алектенет

— Назгүл айым, канча жылдан бери кайрымдуулук иштер менен алектенип келесиз?

— 1999-жылы апрелдин аягында Жаза аткаруу башкы башкармалыгы менен сүйлөшүп, аялдар абагындагы аялдардын жашоо образын чагылдыруу боюнча теледолбоор жазгам. Аталган башкармалыктын ошол кездеги жетекчиси мага: "Назгүл, берүүнү чыгаруу үчүн сен абалды ичинен көрүшүң керек. Ошондо берүүң жакшы чыгат", — дегенден улам Райхан Абдувалиева менен беш-алты ырчыны алып түрмөнүн ичине биринчи жолу киргем. Алгач эркектер абагына киргенде эле жүрөгүм түшүп калды. "Экинчи кирбейт болушум керек" деп да ойлодум. Эртеси күнү аялдардын абагына бардык, ал жактан коркуу эмес, боор оору сезими көбүрөөк болду. Арасында боюнда бар кезинде кылмыш жасап, абакта төрөгөн келиндер да бар. Ошол төрөлгөн балдар үч жашка чейин абакта болуп, андан кийин балдар үйүнө өткөрүлөт экен. Менин кайрымдуулук иштерим да ушул долбоордон кийин башталган.

— Долбоордун тагдыры эмне болду?

— Ал долбоорду ишке ашыруу үчүн мен миңдеген адамдардын психологиясын изилдеп үйрөнүүмө туура келди. Эркинен ажыратылгандардын бардыгы күнөөсү жоктугун айтышат экен. Алардын кимиси калп, кимиси чын айтып жаткандыгын айырмалоом абзел эле. Арасында кимиси ууру, алдамчы, кимиси кедейдин, кимиси байдын уулу экендигине статистика жүргүзүп жүрүп, 2007-жылы гана "Темир тордогу үмүт" деген аталыштагы телеберүү чыккан.

Ага чейин абактарда далай ирет КВН, спорттук мелдеш жана сулуулук сынактарын өткөрдүк. Ошентип, 2008-жылы Ош облусундагы абакта өмүр бою эркинен ажыратылгандарды да тартып жүрдүм. Бир ирет Жалал-Абаддагы абакка барып, ал жакты тартып келе жатып жол кырсыгына кабылдык. Машинабыз тоодон ала салып түшүп кеткен. Ошондон кийин абактарга барганды токтоттум. Анткени ден соолугум да мурункудай болбой калды. Түрмөдө өзүңөр билгендей кургак учуктун ачык түрү өңдүү ар кандай оорулар бар. Кооптондум. Мындан тышкары, ал жакта атмосфера оор болгондуктан, барып келгенден кийин сөзсүз ооруйсуң.

— Ошондон кийин карылар үйү менен иштешип баштадыңызбы?

— Мусулманчылыкта сөөктү жууп, кепинге ороп, акыркы сапарга каада менен узатат эмеспи. Мурда Шайлообек Дүйшеевдин карылар үйү тууралуу бир ыры чыккан. Ошол ырда карылар каза болгондо трактор менен жерди чукуп туруп эле көөмп коёру да жазылган эле. Ушул чыгарма мага абдан катуу таасир этти. Ошондон кийин ар бир адам тутунган дининин шарты боюнча акыркы сапарга узашы керек деген ойдо ушул маселени колго алдым. Учурда карылар үйүндө ар бир кары тутунган дининин шарты менен көмүлөт. Мусулмандар кадимкидей майрам сууга алынып, бардык диний жөрөлгөлөр жасалат.

Отличник культуры, отличник социальной защиты Назгуль Насиева
© Фото / из личного архива Назгуль Насиевой
Назгүл Насиева: Алгач эркектер абагына киргенде эле жүрөгүм түшүп калды. "Экинчи кирбейт болушум керек" деп да ойлодум.

— Ошол эле учурда балдар үйлөрүнө да барып жүрөсүздөр. Жакында эле андагы бөбөктөрдү сүннөткө да отургуздуңуздар көрүнөт?

— 2012-жылдан ушул күнгө чейин балдар үйлөрү менен иштешип, жардам берип келебиз. Акыркы кезде бат-баттан барып тургандыктан алар да мени жакшы көрүп "апа" дешет. Барганда бир күнү "мени алып кет" деп бирөө келет, экинчи күнү дагы бири келишет. Ошондой күндөрдүн биринде чоңоюп калган тогуз жаштагы баланы алып келип жуунтуп жатсам эле сүннөткө отурбаптыр. Ошондон кийин ойлоно баштадым. Акыркы кезде борбордогу бир эле балдар үйү менен тыгыз иштешип, ал жактагы кырк балага жардам берип жаткам. Ошол окуядан кийин карасам бөбөктөрдүн ичинен тогуз бала отургузулган эмес экен. Андан кийин медициналык мекемелер менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Социалдык тармакка алгач маселенин чоо-жайын жаздым, анан көп медициналык борборлор, хирургдар өздөрү байланышка чыгып жардам берүү тилегин билдирди. Мен аябай ыраазы болуп калдым. Азыр тогуз бала сүннөткө отурду. Биздин эсебибиз боюнча дагы жалпы балдар үйүндөгү 100 баланы отургузабыз.

— Буга чейин балдар үйүнүн директорлору мындай ишти колго алышпаптырбы?

— Кээ бир директорлор жасатчу экен. Эми өз баласы болбогондон кийин алардын деле милдет, түйшүк, жумушу көп да. Бирөөнү жамандагым келбейт.

Аманчылык болсо, жыл сайын бул ишти ишке ашырып турабыз. Азыр балдар үйүнө жаңы бала келсе эле "сүннөткө отургузулду беле?" деп сурайм. Эң кызыгы, ата-энеси экөө тең жок орус бала сүннөткө отурду. "Кой, сен мусулман эмессиң" десек, мусулман болгусу келерин айтып көшөрүп болбой койду (күлүп).

Отличник культуры, отличник социальной защиты Назгуль Насиева (слева)
© Фото / из личного архива Назгуль Насиевой
Назгүл Насиева: Азыр балдар үйүнө жаңы бала келсе эле "сүннөткө отургузулду беле?"деп сурайм.

— Ар барган сайын белек-бечкектерди алып барып жатпайсызбы. Ошол кезде ата-энеси жок балдардын көзүнөн эмнени көрөсүз?

— Албетте, сүйүнүчтү көрөм. Өзүмдүн неберем менен балдар үйүндөгү бөбөктөрдүн белек алганын салыштырсам бирдей эле. Адамдын баары эле белекти, көңүл бурууну сүйүнүү менен кабыл алат. Айырмасы башкада.

— Эмнеде?

— Балдар үйүндөгү балдардын кечинде жатканда ыйлаганы жүрөктү оорутат. Биз балдарыбызды кучактап алып жатабыз же түнү менен ачынып калбаса экен деп карайбыз. Курсагы токпу же жокпу деп көз салып, каалаганын алып беребиз. Буларда андай мүмкүнчүлүк жок. Балдар үйүндө тамак-ашка чектөөлөр бар. Аларга майлуу тамактарга кирген манты, плов, бешбармак, пирожки, колбаса жегенге болбойт. Бирок балдар үйлөрүндө конфет, печенье, йогурт кенен болгону менен үйгө мени ээрчип келгенде балдар баарын ээн-эркин жеп, кадимки балдардай үй шартында жүргөнүнө абдан кубанышат.

— Азыркы убакта жүрөгүңүздү эмне өйүйт?

— Мамлекеттеги жумушсуздуктан улам көп ата-эне балдарын жетим балдар үйүнө, социалдык адаптация борборуна калтырып миграцияга кетишүүдө. Ата-энеси тирүү балдар аларды көрбөй, балдар үйүндө чоңоюп жатышат. "Жетим балдар үйү" деп аталганы менен ал жактагы бөбөктөрдүн 70 пайызынын ата-энеси тирүү. Ушуга кейийм.

Отличник культуры, отличник социальной защиты Назгуль Насиева
© Фото / Оймок-Арт студия / Адиль Рашидов
Назгүл Насиева: Айдардын окуясы жүрөгүмдөн терең орун алды. Ушул баланы чын жүрөгүмдүн аябай жакшы көрдүм.

— Кулагы укпай, сүйлөй албаган кичинекей Айдар аттуу баланы социалдык тармакка чыгардыңыз эле. Баланы кандайча таап калдыңыз?

— Айдарды түнкү саат эки-үчтөрдө көчөдөн милиция кызматкерлери таап алыптыр. Укук коргоочулар тапкан учурда аябай жүдөп кирдеген, караңгыда чочуп калган бала болот. Сүйлөй албагандыктан атын да айта албаптыр. Милициялар аны алып барып балдар үйүнө тапшырышкан экен. Мен бөбөктөр үйүнө концерт менен барганда маанайы жок, түнт, дайыма капа болуп жүргөн баланы байкадым. Сурасам ата-энеси издеп келбей жатканын айтышты. Өзү аябай татынакай бала. Анан арыз жазып "беш күнгө убакыт бергиле, социалдык тармак аркылуу ата-энесин издеп көрөйүн" деп үйгө алып келдим. Үйдөн жуунтуп-тарантып, ооруканага көрсөтүп, бир жагынан ата-энесин издеп баштадым. Анан төртүнчү суткага караганда интернеттен бирөө баланын апасынын дарегин жазып калды. Ошентип укук коргоо органдарына кайрылып, жол киресин төлөп ал келинди борборго алдырдым. Апасын аябай урушам го деп ойлогонум менен көргөндө эле ал келинди уруша алган жокмун. Анткени аны да түшүндүм. Келиндин тагдыры күтүүсүз жерден кыйынчылыкка дуушар болгон. Күйөөсү Россияга барып башка аял алып, буларга эч каралашпайт экен. Бул аял баласын жоготконго чейин Айдар менен эпилепсиясы бар кызын Жал кичи районундагы балдар ооруканасына алып келип көрсөтөт. Кызынын башында шишик бар экендигин уккан келин ошол жерден эле өзүн жоготуп койгон. Ал кызынын көйгөйү менен болуп өзүн колго ала албай жатканда бул бала көрүнгөн кабинетти ачып жүрүп, сыртка чыгып жоголуп кеткен.

— Айдарга операция да жасаттыңыз, ээ?

— Ооба, бала тубаса кулагындагы нерв клеткалары жок төрөлгөн. Ошондуктан баланын кулагы дайыма ириңдей берчү экен. Операция жолу менен кулагына атайын каптагыч койдурдук. Эми экинчи операциясы болот. Айдарга кийим, үйүнө жеткирүүдө учакка чейин билет алып берип, 100 миң сомдук операцияны да эл эле колдоп кетти. Хирург Шухрат Буваевге да рахмат, соопчулукту жакшы түшүнгөн жигит экен. 

— Кайрымдуулук иштериңизди үй-бүлөңүз, жолдошуңуз кандай кабыл алат?

— Алар көнүп калышты. Жолдошум чыгармачыл адам болгондуктан, ал киши да кайрымдуулукка көз карашы түз. Бул жаатта дайыма мени колдоп келет.

Отличник культуры, отличник социальной защиты Назгуль Насиева с мужем
© Фото / из личного архива Назгуль Насиевой
Назгүл Насиева: Жолдошум чыгармачыл адам болгондуктан, ал киши да кайрымдуулукка көз карашы түз.

— Үй-бүлөдө аял менен күйөөнүн мамилеси кандай болушу керек? Акыркы кезде турмуштан жолу болбогон кыз-келиндер балдарды багуу түйшүгү менен жалгыз калган учурлар көп болуп жатпайбы?

— Жубайлар бири-бирин түшүнүшү керек. Аялы күйөөсүн, күйөөсү аялын колдоосу кажет. Аялдар да "акчаны сен табышың керек" деп күйөөнүн мойнуна отуруп алганы жарабайт. Экөө тириликти бирдей алып кетиши зарыл. Күйөөсүн эшектей иштетип, үйүндө отуруп эле күйөөсүнүн кулагынын кужурун алып, мээсин жеген аялдарды билем. Менин турмушумда деле ажырашууга миллион себеп болгон. Турмушта акчанын жетишпестиги, батирдин акысын төлөө, кыргыздын тиги-бу катышы, баланы окутуу өңдүү көйгөйлөр чыга берет. Бирок биз көчө шыпырдык, пол жууп, тамак жасап, торт, нан бышырып сатып жүрүп үйлүү болдук. Балдарды окуттук. Бутубузга туруп, неберелүү болуп акыры баарына жетиштик. Кыйынчылыкты жеңгенге аракет жасадык. Ошондой эле кайын журт да жаш үй-бүлөнү кыспай, эркин коюшу керек. Мага толтура каттар келет. Өткөндө бир келин жазды, үч баласын балдар үйүнө бериптир, өзү тогуз айлык баласы менен үйүндө экен. Күйөөсү болсо ичип кетиптир. Бир туугандарыма айтпайм, алардан уялам дейт. Эң коркунучтуусу — балдардын психологиясы бузулуп жатпайбы.

— Азыр эркектердин жоопкерчиликти сезүүсү абдан төмөндөп кетти окшойт...

— Жылдан-жылга эркектерибиз агрессивдүү болуп бара жатат. Социалдык тармактарга эмне деген окуялар, зордук-зомбулуктар чыгууда. Кээде отуруп коркосуң.

— Ата-эне үй-бүлөсүнө жоопкерчиликтүү, өз алдынча ойлоно берген жигитти өстүрүшү үчүн кандай тарбиялашы керек?

— Бала үч жаштан өтүп, көзүнө көрүнгөн нерселерди сурай баштайт. Ошондо жооп берип коюунун ордуна "жапчы оозуңду", "барчы тигил жакка" деп тилдеген апалар бар. Мында бала кеңири ойлоно албай калат. Ата-эне баланын көзүнчө урушуп, кыйкырышып жатса баланын психологиясына доо кетет. Баланы тарбиялоодо өтө этияттык менен мамиле жасоо керек. Себеби ал сенин келечегиң, карылыгың. Өзүңдү кийин кимдин колуна тапшыргың келсе ошону өстүр. Бала бирдемени кармалап, ачып көрүшү керек. Аны тыя бергенге да болбойт. Анткени баланын таанып-билүүсү, бир нерсени өздөштүрүүсү өтө маанилүү. Ошол эле убакта башыңа чыгарып алып, каалаганын жасата берген да жарабайт.

Отличник культуры, отличник социальной защиты Назгуль Насиева
© Фото / из личного архива Назгуль Насиевой
Назгүл Насиева: Баланы тарбиялоодо өтө этияттык менен мамиле жасоо керек. Себеби ал сенин келечегиң, карылыгың.

— Эсиңизде калган окуя?

— Айдардын окуясы жүрөгүмдөн терең орун алды. Ушул баланы чын жүрөгүмдүн аябай жакшы көрдүм. Анан дагы эсимде калган бир кейиштүү окуя болгон. Бир жолу мага алыскы айылдардын биринен бирөө байланышка чыкты. Айтымында, баласы психикалык жактан оор дартка кабылгандыктан үйүндөгүлөргө эле эмес, айылдагыларга да тынчтык бербей коюптур. Баласын психоневрологиялык социалдык стационарга тапшыруу ниетин билдиргенде аларды бир-эки айга чейин ойлонгула дедик. Арадан эки айдай өткөндөн кийин алыскы айылдан баласын алып келип, психоневрологиялык ооруканага алып барышты. Ал жерден дарыгерлер дагы бир ирет: "жакшылап ойлондуңарбы, өкүнбөйсүңөрбү? Чын эле баланы өткөргүңөр келип жатабы?" — деп сурашты. Алар жакшы ойлонгонун айтып, өткөрөбүз дешти. Ошентип, өз каалоосу менен арызын жазып берип, баланы калтырышкан. Дарбазадан чыкканда баланын апасы буркурап ыйлайт. Эмнеге ыйлап жатканын сурасам, кантсе да 28 жыл багып, көнүп калганын айтты. Ошентип кетишкен. Болду, эми алар баласын эч качан көрө албайт. Аталган мекемеге барганда ошол баланы сөзсүз көрүп кетем. Азыр жакшынакай эле жүрөт. Отун жарып, кадимкидей жардам берет. Болгону убагы менен тамагын, дарысын берип коюшат.

8013
Белгилер:
Назгүл Насиева, бала, жетим, балдар үйү, балдар, кайрымдуулук
Тема боюнча
Баланын жан дүйнөсүн тарткан сүрөтүнөн билсе болот. Психологдун 9 сүрөткө анализи
Мамытова: көп ата-эне баланын кемчилигин гана айтып, жакшы жактарын белгилешпейт
Биринчи вице-премьер Артём Новиков. Архивдик сүрөт

Калпак кийген Новиков кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктады. Видео

15
(жаңыланган 16:37 05.03.2021)
Биринчи вице-премьер жарандарды кыргыз тилинде майрамы менен куттуктап, ак калпак эр жүрөк, курч мүнөз жигиттин белгиси экенин белгиледи.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Артём Новиков кыргызстандыктарды улуттук баш кийим — Ак калпак күнү менен куттуктады.

Куттуктоо видеосу Новиковдун Facebook баракчасына жарыяланды.

"Кадырлуу кыргыз элим, урматтуу достор. Бүгүн мамлекетте өзгөчө майрам — Ак калпак күнү. Ак калпак кыргыз элинин башкы белгиси жана ыйык буюму. Ак калпак — бул эр жүрөк, курч мүнөз жигиттин белгиси. Ак калпак — бул Ала-Тоо. Ошон үчүн бийик бололу, Кыргызстан бийиктикте болсун. Майрамыңыздар менен куттуктайм!" — деди Новиков.

Белгилей кетсек, Ак калпак майрамы Кыргызстанда 2011-жылдан бери майрамдалып келет. 2016-жылы Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп расмий бекиткен. Бул майрам жер-жерлерде белгиленип, мырзалардын күн бою ак калпак кийип жүрүшү салтка айланган.

15
Белгилер:
ак калпак, Ак калпак күнү, Кыргызстан, Артем Новиков
Тема боюнча
Улуулуктун символу. Жапаров кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады

Ишим оор деп жүрөсүзбү? Көндүм ойду жокко чыгарган ширетүүчү айымдын видеосу

7
(жаңыланган 16:40 05.03.2021)
Бишкек ЖЭБдеги ширетүүчүлөр арасында аял киши бар экенин билчү белеңиз? Бул Минихоят Семенюта. Ал жарым кылымдык өмүрүн ушул кесипке арнаган. Кыргызстандык айымдын жумуш күнү кандай өтөрүн Sputnik Кыргызстан агенттиги тартып келди.

Минихоят Закиуллаевна мактанганды жактырбайт. Бирок анын эмгек жолу эле баарын айтып турат. Ажарлуу айымдын 45 жылдык иш тажрыйбасы бар. Көп жылдык эмгек анын кесибине болгон сүйүүсүн мокото алган эмес. Ал түтүктөрдү, металлдан жасалган конструкцияларды жогорку чеберчилик менен ширетет.

Адистин айтымында, 1970-жылдары советтик жаштар ушундай сыяктуу кесиптерге кызыгышчу. Себеби өлкөдө ГЭС, ТЭЦ жана башка ири объектилер курулуп жаткан. Тиги же бу кесиптин артыкчылыктарын айтып берген үгүтчүлөрдүн дагы салымы чоң эле.

"Ширетүүчүлүк менен алектене турган кыздарды топтоо демилгеси көтөрүлүп, жыйынтыгында каалоочулардын саны арбып, бир группа түзүлгөн. Училищени аяктагандан кийин 1976-жылы биз Сыр-Дарыя ГЭСинде иштедик. Жөнөкөй нерседен баштап акырындык менен жоопкерчиликтүү иштерге өтө баштадык", — деди маектеш.

Кыргызстандык айым практика учурунда эле тандоосунан адашпаганын түшүнгөн.

"Колуң ишке көнүп калгандан кийин кызыгуу ого бетер күч алат. Сага маанилүү иштерди табыштай башташат. Мындай учурларда сенден керектүү адис чыкканын сезе баштайсың", — деди Семенюта.

Учурда Минихоят Закиуллаевна алтынчы разряддагы тажрыйбалуу кызматкер. Бул эң жогорку жана жоопкерчиликтүү категория. Ошентсе да ал өзүнүн ишин оор деп эсептебейт.

"Бул силер элестеткендей оор иш эмес... Тескерисинче, абдан кызыктуу. Мында жонуңа бир нерсе көтөрүп жүрүү зарылдыгы жок. Эң башкысы, сенин ишиңден кийин бирөө жарым кулап же сынып калбашы керек. Бул, албетте, чоң жоопкерчилик. Бирок ошентсе дагы кооптуулук жок", — деп ишендирди ал.

Семенютанын жумушундагылар ага сый-урмат менен мамиле жасашат. Бул айымдын кесибин уккан адамдар адатта таң калышат. Ширетүүчү айымдар аз эмеспи.

"Учурда ширетүүчү аялдар аз... Мен эле калдым го дейм. Бирок Россияда, тескерисинче, бул кесипке кызыккан кыздар көбөйүүдө", — деди ал.

Минихоят Закиуллаевна 45 жылдык эмгек жолунда бир дагы жолу кесибин алмаштыруу жөнүндө ойлонуп көрбөгөнүн кошумчалады.

Редакция КамАЗ айдап Кара-Кечеден көмүр ташып суктанткан айым тууралуу да материал даярдаган.

7
Белгилер:
видео, иш, Көмүр, ЖЭБ, Бишкек
Тема боюнча
Шыктандырат! Балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү чакан бизнес ачканда. Видео
Ырлары миллион көрүүчү топтогон Алтынай: мамлекеттик кызматта экениме сүйүндүм