Россиялык ЖОЖдорго тапшыруу 5 эсе жеңилдеди. Абитуриенттер үчүн суперсервис

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүОкуу жайдагы студенттер. Архив
Окуу жайдагы студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.02.2021
Жазылуу
РФтин жогорку окуу жайларына тапшыруу, тандоо онлайн формада жүргүзүлмөкчү. Бул тууралуу "Россотрудничестводон" билдиришти.
Данара Курманова, Sputnik
Россиялык окуу жайлар жыл сайын РФ өкмөтүнүн квотасы боюнча чет өлкөлүк студенттер арасында акысыз билим алууга сынак өткөрүп келет. Бирок быйылкы окуу жылга кабыл алуу тартиби өзгөрдү. Аталган мамлекетте билим алууну көксөгөн чет өлкөлүктөр быйыл алгач ирет тандоо жол-жобосунан онлайн форматта өтө алышат. Ал үчүн болгону билим берүү жаатындагы атайын супер кызмат платформасына катталуу кажет.
Кабыл алуу кампаниясы 20-январда башталып, туура 10 күндөн кийин, тагыраагы, 20-февралда аяктайт. "Россотрудничество" ар кыл мамлекеттерден абитуриенттердин чоң агымы катталганын белгилейт.
Суперсервис деген эмне? Бул КМШ өлкөлөрүнөн РФтин окуу жайларына тапшырууну каалаган абитуриенттерге кандай жеңилдик берери тууралуу Sputnik агенттиги талдап көргөн.
Кимдин Россияда окугусу келет
Кимдин Россияда окугусу келет - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Кимдин Россияда окугусу келет

Суперсервистин артыкчылыгы эмне?

Суперсервис — бул Россиянын аймагындагы каалаган окуу жайга тапшыруу үчүн чет өлкөлүк абитуриенттер тапшырык жөнөтө алчу онлайн-платформа. "Россотрудничество" агенттигинин жетекчисинин орун басары Павел Шевцов бул механизм "бирдиктүү терезе" принцибинде ишке ашырыларын түшүндүрдү.
"Бул чет элдик жарандарды окууга кабыл алуунун жалпылаштырылган тутуму. Быйыл бул сынамык баскычта, ал эми жыл соңунда толук ишке киргизилет", — дейт агенттик жетекчилигинин өкүлү.
Театралдык институттун студенттери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2021
Москвадагы театралдык окуу жай кыргызстандыктарды кабыл алат. Талаптары
Азыр ушул платформа аркылуу программаларга үйдө отуруп документтердин баарын тапшырууга болот. Ал үчүн сайтка катталуу гана жетиштүү. Жакын арада аталган кызмат Россиянын бардык шаарлары жана алардын инфраструктуралары тууралуу да толук маалыматты сунуштайт. Ошондой эле бул платформада чет өлкөлүктөр үчүн адистиктер боюнча иш жарнамалары да жарыяланып турат. Окуудан тышкары каражат табууну каалаган студенттер алыстан издеп отурбай, өздөштүрүп жаткан кесибине жараша жумушту да дал ушул платформа аркылуу караштыра алышат.
Азыркы тапта супер кызмат эки тилде, тагыраагы, орус жана англис тилдеринде жүргүзүлөт. Бирок долбоорду иштеп чыгуучулар башка тилдерди да кошууну пландоодо. Ишке ашып калса, потенциалдуу чет өлкөлүк абитуриенттер Россияда билим алуу жана жашоо шарттары тууралуу маалыматтар менен өз эне тилдеринде таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.

Чыгымдарды азайтып, көйгөйдү чечүү аракети

Россияга сырттан келген студенттер тушуккан маселе – миграциялык саясаттын кылдаттыктары. Себеби ар бир өлкө үчүн өз эрежелер каралган: кай бирине виза керектелет, башкасына миграциялык каттоого туруу гана жетиштүү. Бирок муну так көрсөтүлгөн бир убакыт аралыгында аткаруу абзел. Ушул өңдүү маселелер боюнча да супер-кызмат платформасында алдын ала консультация алууга мүмкүндүк бар.
Кыргызстандыктар Россияга кантип окууга тапшырса болот. Видео түшүндүрмө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.01.2021
Кыргызстандыктар Россияга кантип окууга тапшырса болот. Видео түшүндүрмө
Онлайн-платформанын ишке киргизилиши буга дейре кээде жөндөмдүү жаштар тушугуп келген көптөгөн тоскоолдуктарда кыскартарын белгилейт "Россотрудничество" агенттигинин басма сөз кызматы. Мурда россиялык окуу жайга тандоо баскычынан өтүү үчүн сынактын ортодогу баскычтарына 5 жолу келүү зарыл эле. Бирок тапшыргандардын баары эле "Россотрудничество" агенттигинин филиалы жайгашкан калааларда турушпайт, айрымдары айыл жергесинде жашайт. Сынактын улам бир айлампасына катышуу үчүн жол жүрүүгө туура келчү. Ал эми жол кире, өзүңүздөр билгендей, чөнтөк кагат. Эми документ, тест тапшыруу жана видеобаарлашуу баскычтарынан абитуриент тиркеме жүктөлгөн мобилдик телефондун жардамы менен эле өтө алат. Онлайн-формат ылайык келбеген потенциалдуу студенттер да унутта калбаптыр. "Кабатырланбаңыздар, бетме-бет тапшыруу жолун да калтырабыз, ар кыл варианттар болушун камсыздайбыз, — дейт Павел Шевцов. – Башкысы, биз үчүн тандоонун ыңгайлуу өтүшү маанилүү".

Пандемиянын шарапаты

Эки апта ичинде супер-кызматка 20 миңден ашуун тапшырык түшкөн. Алардын 40%га жакыны РФке жакын чет өлкөлөрдөн.
"КМШ өлкөлөрүндө россиялык билим берүүгө суроо-талап дайым жогору болуп келген, бирок бул жолу пандемия шартында көрсөткүч дагы өскөнүн көрүп турабыз, — дейт Павел Шевцов. – Студенттер пандемияны жеңүүдө (муну коронавирус боюнча маалыматтар айгинелеп турат), окуу процессин уюштурууда Россиянын ийгиликтерине көңүл бурушат. Ошондуктан РФте билим алууга кызыгуу өстү, бирок так санын атоого али эрте, себеби тандоо дагы уланууда".
Обучение в Московском государственном психолого-педагогическом университете - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2020
Кыргызстандык абитуриенттер үчүн россиялык окуу жайга виртуалдык тур
Айтмакчы, чет өлкөлүк студенттер медицинага байланышкан багыттарга көп ыктап жатышыптыр. "Россотрудничество" агенттигинин статистикасына таянсак, жаңы онлайн-платформада көп тандалган беш адистик ичине дарылоо иши жана стоматология багыттары кирген. Айтмакчы, онлайн-тандоонун катышуучуларынын көбү – Россияда мурда окуп кеткен же учурда билим алып, андан ары улантууну самаган студенттер. Маселен, жалпы тапшырыктардын 13 пайызы магистрдик программалар түзөт. Ушул категориядагы тандоого катышкандардын бири грузиялык Данил Никуленко быйыл Россия эл достугу университетинин бакалавриат программасын аяктайт. Аталган эле окуу жайга дал ушул адистик боюнча магистратурага тапшырууну максат кылат.
"Россияда билим алууну улантууну чечтим, анткени окутуу тутуму мени канааттандырат, бул жакта досторум да көп, — дейт ал. – Ошондуктан супер кызматка катталып, февралдын башында документ тапшырып койдум. Бул абдан ыңгыйлуу экен. Сайтты тез эле таптым, тапшыруу да жеңил болду. Эгер кандайдыр маалыматты алгың келсе, тийиштүү даректер да көрсөтүлгөн. Тандоодон өтүп, эл аралык мамилелер факультетинде билимимди тереңдетүүгө мүмкүнчүлүгүм болот деген үмүттөмүн".
Суперсервис тиркемесинен Россиядагы жогорку окуу жайларда билим алууну каалаган кыргызстандык абитуриенттер да пайдалана алышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0