Автоунаанын айнеги канткенде тердебей калат. Кеп-кеңеш

© Фото / Pixabay / StockSnapУнаадан жолдун көрүнүшү. Архив
Унаадан жолдун көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Жазылуу
Адистер бул үчүн өтө кымбат баалуу же өзгөчө каражаттардын зарылдыгы жок экенин айтышат. Алардын ордуна кадимки глицерин менен спирт бир топ түйшүктөн арылтат.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Автоунаанын айнегин тердеп кетүүдөн кантип сактаса болорун "Автовзгляд" порталына шилтеме берип РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, бул үчүн өтө кымбат же өзгөчө каражаттардын зарылдыгы жок.
"Нымдын негизги душмандары — глицерин менен спирт. Биринчисин ар бир дарыканадан арзыбаган акчага алса болот. Ал эми спирттин ордуна арзан баадагы арак деле жарай берет", — деди адистер.
Алгач бул экөөнү сууга аралаштырып алуу керек. Андан соң ага малынган чүпүрөк менен алдын ала тазаланган айнектерди сүрүп чыгасыз.
Бирок адистер бул процедурадан кийин сөзсүз автоунааны желдетип алууну сунуштайт. Анткени глицеринге аралашкан спирттин жытын кетирип алуу зарыл.
Жаңылыктар түрмөгү
0