Профессор, главный уролог Министерства здравоохранения КР Акылбек Усупбаев

Уролог Усупбаев: жыныс оорулары күчөдү, генофонд коркунучта!

2719
(жаңыланган 17:02 28.02.2021)
Урология бир гана эркектерге мүнөздүү медициналык тармак эмес. Ал аял-эркек, жаш-карынын да саламаттыгына кам көрөт.

Учурда бөйрөгү ооруган жана аны алмаштырууга муктаж болгон жарандар да арбып барат. Өкүнүчтүүсү өлкөдө бөйрөк алмаштыруу тармагы бир аз солгун тартып тургандыктан жарандар аргасыз чет мамлекеттен даба издөөгө муктаж.

Ошондой эле эркектердин тукумсуздугу да жашарып бараткандыгы айтылып келет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Саламаттык сактоо министрлигинин башкы урологу, профессор Акылбек Усупбаев менен урологиялык оорулар, анын кесепети жана келип чыгышы тууралуу маек даярдаган.

— Адамдар көбүнчө урология эркектерге гана тийиштүү ооруларды карайт деп ойлошот...

— Элде ошондой түшүнүк бар. Бирок урология хирургиянын бир тармагы болуп саналат. Мындайча айтканда, бөйрөк, табарсык, заара ушатуу, урук бездери жана башка жыныс органдарын дарылоочу кесип. Азыр урология илимий борбору толук кандуу иштеп баштады. Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам биздин борбор өз ишин жарым-жартылай токтотуп, COVID-19 боюнча иш алып барганбыз. Биздин адистер пандемияда инфекционист жана пульмонолог болуп иштеп жүрүштү. Бирок шашылыш болуп калганда өзүбүздүн бейтаптарга тез жардам көрсөтүп, операцияларды жасап жаттык. Урологиялык жактан өнөкөт оорусу бар жарандарды пландуу түрдө кабыл ала алган жокпуз. Биздин илимий борбор республика боюнча 24 саат бою бейтаптарды кабыл алып иштейт. Пандемия маалында урология тармагы жана бейтаптарыбыз абдан кыйналды десем жаңылышпайм. Анткени убагында дарты аныкталбай же дарылануудан өтө албай калышты. Алы жеткендер жеке менчик ооруканага кайрылууга аргасыз болду. Бирок ага баарынын эле каржылык жактан мүмкүнчүлүгү жок. Кандайдыр бир деңгээлде биздин саламаттык сактоо тармагы өнөкөт оорусу бар адамдардын укугун буздук. Анткени бардык медициналык тармак боюнча иш алып барган борборлор өз ишин токтотуп, бир гана коронавирус менен иш алып барууга мажбур болуп, бейтаптар убагы менен дарылануу укугунан ажырап калды. Абал согуштагыдай эле болбодубу.

Профессор, главный уролог Министерства здравоохранения КР Акылбек Усупбаев на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Акылбек Усупбаев: Урология хирургиянын бир тармагы болуп саналат.

— Коронавирустун урологиялык ооруларга таасири кандай болду?

— Негизинен бардык инфекция адамдагы эски ооруларды козгоп чыгат. Коронавирус да бөйрөктүн өнөкөт оорулары — пиелонефрит, геонефрит, заара жолдорунун таш оорусу, простата безинин сезгениши абдан күчөдү. Урологиялык жактан оорусу бар жарандар да пневмония, коронавирус болуп кыйналды. Вирус жугузуп алган бейтаптардын арасынан деле урологиялык оорулар боюнча тез жардамга кайрылгандар болду, керек болсо операцияларды да жасап жаттык. Анткени адамдын өмүрүн сактап калуу зарыл эле.

— Кайрылгандардын көбү эмнеси ооруп келет? Себеби эмнеде болот?

— Бир күндүн ичинде тез жардамга муктаж болгон кыркка жакын адам кайрылууда. Ошонун ичинен элүү пайызга жакыны бөйрөктүн жана жыныс бездеринин сезгениши менен келгендер. Мунун негизги себеби жарандардын убагында ооруканага кайрылбагандыгында. Пандемия, шайлоо жана башка маселелерге байланыштуу жүрө берип оору күчөгөндө келишет. Көп бейтаптар дары кымбат, каражат жок деп жүрө беришет. Биздин урология борборунда бардык дары-дармек жетиштүү. Бизде жок кээ бир препараттарды гана бейтаптар өздөрү сатып алат. Ташты талкалоо өңдүү жогорку технологиядагы операцияларга, эндоскопиялык операцияларга анча-мынча тыйын төлөйт. Бирок акчасы жеке менчик ооруканалардай эмес. Алардын дарылоосу бүтүндөй акча менен болгондуктан эл деле көтөрө албайт.

— Медицинанын бардык тармагы акыркы кезде оорунун күчөгөн тенденциясы байкалгандыгын айтышууда. Сиздерде кандай?

— Биздин өлкөдө биринчи кезекте эле жүрөк-кан тамыр оорулары, экинчи өпкө, анан бөйрөк оорулары көп кездешет. Убагы менен көрүнбөй жүрө берсе, бөйрөк иштебей калып өнөкөткө айланып кетет, бейтап гемодиализге түшүп калат. Элибиздин өз саламаттыгына кайдыгерлиги жаман. Ошондой эле азыр жаштарыбыз миграцияда оор жумуштарда, сыз жерлерде иштеп жүрүшөт. Мамлекетти багып жатат дегенибиз менен теңи эле ден соолугунан ажырап жатпайбы. Ушуну да ойлонуш керек. Мамлекет миграцияда жүргөн жаштарды тизмеге каттап, керек болсо убагында дарыланганга жардам бериши керек. Элчиликтер ушул маселени да колго алса жакшы болмок. Анткени мигранттар өзүн карабай жүрө берип, гемодиализге түшүп, майыпка айланып калса кайра эле мамлекет аларды кароого муктаж болуп жатпайбы. Ошол себептен бийлик алдын ала чара көрүшү абзел.

Профессор, главный уролог Министерства здравоохранения КР Акылбек Усупбаев на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Акылбек Усупбаев: Коронавирус да бөйрөктүн өнөкөт оорулары — пиелонефрит, геонефрит, заара жолдорунун таш оорусу, простата безинин сезгениши абдан күч алды.

— Акыркы кезде импотенция, уруксуздук жашарып бара жатканы да айтылууда?

— Урологияда жаштарды гана эмес калктын бардык катмарын дарылайбыз. Жогоруда айткан бөйрөк оорулары, табарсык, простата безинин, жыныс органдарынын сезгениши тукумсуздукту шарттайт. Ушундан улам жаштар арасында 20-30 пайызынын потенциясы болбой калган. Кыз киши менен эркек балдарга кичинесинен өзүн карап жүрүүнү, ден соолугуна кам көрүүнү үйрөткөн система жок. Үй-бүлөдө да сызга отурба, мындай кийим кий, андай тамак болбойт деген өңдүү маалыматтар аз болууда. Ошону менен бирге үй-бүлө мүчөлөрү жыл сайын ооруканага көрүнүп, текшерилип турушу керек. Ушул жол менен көп оорунун алдын алууга болот. Негизи адамдын организминде бир оору башка ооруну козгоп чыгат.

— Генофонд коркунучта деп коңгуроо кактыңыз?

— Урология медицинада улуттун генофондун караган тармактардын бири. Анткени жаштардын ден соолугун, эркектердин уругунун репродукциясын, үй-бүлөнү пландоо жагын да карайбыз. Бул өзүнчө эле чоң маселе. Ушул жааттан алып караганда Кыргызстандын генофонду чоң коркунучта деп айткым келет. Пандемиядан улам убактысында дарыланбай, ооруну күчөтүп же өнөкөт ооруга айлантып алгандар көп болуп жатат. Ошол эле жыныс оорулары күчөп кетти. Мунун натыйжасында жаштардын уругунун жарамдуулугу менен потенциясы төмөндөп, бул өз кезегинде үй-бүлөнүн бузулушу өңдүү социалдык маселелерди жаратууда.

Генофонд боюнча мамлекеттин өзүнүн стратегиясы болушу зарыл. Ал эми медицинаны алсак пандемия биздин саламаттык сактоо тармагы кайсы чекке жеткенин ачыктап койду. Медицинада материалдык-техникалык базабыз эбак иштен чыгып калган экен. Дары-дармек жагын ала турган болсок, Кыргызстан бир сапатсыз дарылардын таштандысына айланды. Башкача айтканда, тияк-бияктын жараксыз, сапаты жок дарыларынын баары бизге келет. Мындай дарылар менен эффективдүү дарылоо мүмкүнчүлүгү аз. Бизде сапаттуу дарылар жок санда болуп жатат. Бир жагынан калктын саны аз болгону менен фармкомпаниялардын сапаттуу дары-дармек менен калкты камсыздоого кызыкчылыгы жок. Биздеги ооруган кишилер дарыгерге эмес, алгач дарыканага барат. Фармацевттер рецеби жок эле кымбат дарыны "ушул жакшы" деп карматып коюшат. Бейтап аны бир жума ичип, оорусу күчөп кеткенде гана дарыгерге барышат. Азыр сапаты жок дарыны нандан да көп жеп калганбыз. Ушулар да генофондду бузууда. Бизге дарыгердин көрсөтмөсү жок дары алууга болбойт деген мыйзам киргизүү зарыл. Жугуштуу ооруларда ар кайсы дарыны иче берсе ал микроб эч бир дарыга баш бербеген "монстрга", туруктуу инфекцияга айланып кетет. Ошону менен ал кишинин иши бүтөт.

Профессор, главный уролог Министерства здравоохранения КР Акылбек Усупбаев на радио Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Акылбек Усупбаев: Жаштардын уругунун жарамдуулугу менен потенциясы төмөндөп, бул өз кезегинде үй-бүлөнүн бузулушу өңдүү социалдык маселелерди жаратууда.

— Урология тармагындагы техникалык абал кандай?

— Мамлекет азыр медиктерге көңүл буруп, алардын иштөө шарттарын жакшыртышы керек. Дүйнө жүзү медиктерге рахмат айтып жатса, биздикилер күнөөлөп жатат. Медицина кызматкерлеринин алган айлыктарын айтпай эле коёлу. Орустун: "өз аскерлериңди бага албасаң, өзгөнүн аскерин багасың", — деген жакшы макалы бар. Урология жагынан биз бардыгын дарылайбыз, бирок жетишпеген жактары да бар. Бизде бөйрөктөгү таштарды талкалоочу аппараттар аз, колдогусу эскирип калды. Андан кийин бөйрөк алмаштыруу боюнча шарттын жоктугунан улам акыркы он жылда жанданып калган бул тармак ишин кайра токтотту. Каржылоо жагы өксүп турат. Айла жок чет мамлекетке барып, 20-30 миң долларга бөйрөгүн алмаштырып келип жатышат. Азыр гемодиализдердин баары жеке менчикке айланып кетти. Чет мамлекеттерде бөйрөк оорулары, гемодиализ, операциялар мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт. Мамлекет азыр гемодиализ үчүн жеке клиникаларга жыл сайын бир миллиард сом бөлөт экен. Бул такыр туура эмес. Урологиянын бөйрөк дарылоочу нефрология жагы өнүкпөй, иштебей турат. Мамлекеттик нефрология бөлүмдөрү жабылып, гемодиализдин баарын жеке менчик медициналык борборлорго берип, ФОМС аркылуу аларды тамактандырып жатышат. Бул системаны тезинен өзгөртүү зарыл, антпесек болбойт.

— Абанын булганышы да бөйрөк ооруларына таасир этсе керек?

— Адамдын дени сак болушу үчүн, биринчиден, таза аба, экинчиден, таза суу жана, үчүнчүдөн, туура, жакшы тамактануу керек. Үч эле көйгөй бар. Буларсыз жашоо айланып келип эле өпкө, рак ооруларына алып келет. Өпкө инфекциядан ооруп жатса, ал кан тамыр аркылуу бүт органдарга тарайт. Адамдын түзүлүшү өзүнчө бир система, бир жагы бузулса, ага башкасы да кошулат. Ден соолукка зыян алып келүүчү көйгөйлөр көп. Мисалга пандемияда канча адам кайтыш болду. Саламаттык сактоо министрлигинин 1500 киши каза болду дегени статистикалык көрсөтмө. Бул санды дагы беш-онго көбөйтүү керек. Ооруканага жетпей калып, үйүндө ооруп жатып каза болгондор бар. Аны эсептеген киши жок. Ошонун баары кандай көмүлүп жатат?

Негизинен Кыргызстанда медициналык калдыктарды жок кылуу жаатында маселе бар. Биз сөөктү мусулманчылык жолу менен көмүп коюп жатабыз, бирок сөөктөгү вирустар уу болуп жер астындагы сууга сиңип, анан абага тарайт. Инфекция андан бетер күчөй берет. Ушундан улам мутация көбөйөт. Мындайча айтканда, өзүбүздү-өзүбүз ууландырып жатабыз. Илгерки заманда деле чума жүргөндө оорудан каза болгондордун сөөгүн өрттөгөн. Бизде азыр инфекция менен ооруп каза болгондорго крематорий куруп, тууган-туушкандарына туура түшүндүрүп айтып, укук коргоо органдары текшерип, маркумдарды түз эле ошол жакка алып барыш керек. Биз ошондо инфекциядан арылабыз. Швецарияда 70-80 жыл мурда көмүлгөн таштандыларды издеп таап, кайрадан иштетип жок кылууга жыл сайын 150 миллион швецариялык франк бөлүнөт. Ал эми борборубуз аталган Бишкек инфекцияга аралашып эле жатып калды. Таштанды төгүүчү жайдын тегерегинде адамдар жашап жатышат. Алардын ден соолугу да жабыркоодо. Азыр таза эмес суу, аба жана тамакка туш келип жатабыз. Анан кайдагы генофонд!..

2719
Белгилер:
Акылбек Усупбаев, маек, тукумсуздук, бөйрөк, оорукана, уролог
Тема боюнча
COVID-19дун оор формасы эркектердин уругун жок кылган. Жаңы иликтөө
Дүйнөдөгү күчтүү профессорлор менен иштеген хирург. Германиядагы Шайбеков менен маек

Марипов карылар үйүндөгү энелерди көрүп, көзүнө жаш алды. Видео

206
(жаңыланган 17:30 08.03.2021)
Премьер-министр Улукбек Марипов 8-март — Аялдардын эл аралык күнүндө Бишкектеги улгайган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер жашаган социалдык мекемеге барды.

Өкмөт башчы мекемеде жашаган аялдарды жаз майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бакыт, жаркын маанай жана күч-кубат каалады. Видеодон ал сүйлөп жатып көзүнө жаш алганын дагы байкоого болот.

"Бул сапар мага аябай көп эмоция берди. Ата-энелер өз балдарынан ушундай мамиле көрүүгө татыктуу эмес", — деп жазган Марипов.

Ошондой эле ал карылар үйүндөгү энелер жалгыз эмес экенин айтып, алар баарыбыздын ата-энебиз катары камкордукка алынарын белгилеген.

"Мен балдар жана карылар үйүнүн жок болушун чын жүрөктөн каалайт элем. Балдар жана улгайган адамдар үй-бүлөдө, сүйүү жана камкордукка бөлөнүп жашашы керек. Биз өсүп келе жаткан муунду улууларга, ата-энесине урмат көрсөтүүгө тарбиялашыбыз керек. Биз сиздердин жашоону жакшыртуу үчүн иштөөгө тийишпиз", — деди өкмөт башчы.

Андан соң премьер-министр боорукердик бөлүмүндөгү саламаттыгынан абалы начар жарандардан кабар алып, ал-жайын сураган.

Ведомство тарабынан скандинавиялык таяктар менен камсыздоо өтүнүчү айтылып, Марипов алып берүүнү убадалаган.

206
Белгилер:
куттуктоо, Карылар үйү, өкмөт, Улукбек Марипов
Тема боюнча
Кыйындыкта бел болуудан тайбадыңар! Марипов аялзатын ыр окуп куттуктады. Видео
Кыргыз аялы үй-бүлө ынтымагынын кам көрүүчүсү. Жапаровдун куттуктоосу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86123 аскер бөлүгүнүн (Садовое айылы) медицина кызматынын башчысы, улук лейтенант Наргиза Жеңишова

ӨКМ медиги: талаа-түздө эркектер менен жарышып иштөөгө туура келет

28
(жаңыланган 17:33 08.03.2021)
Бир эле учурда ак халатты да, аскердик форманы да кийип, жоопкерчиликтүү кызматты аркалап келе жатканыма кубанам дейт Наргиза Жеңишова.

Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86123 аскер бөлүгүнүн (Садовое айылы) медицина кызматынын башчысы, улук лейтенант наамы бар. Жеңишова Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен маектешип, аялдар үчүн анча оңой эмес иши тууралуу айтып берди.

— Алгач өзүңүз тууралуу айтып бересизби?

— Мен 1989-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында төрөлгөм. Кичинекей кезимен эле форма кийген жакчу. Мектепти аяктаганда Кыргыз медицина академиясынын дарылоо иши факультетине тапшырып, акыркы курстарда дерматовенерологияны окудум. Аны бүтүп жумуш издеп жүрсөм ӨКМде иштеген классташым орун бар экенин айтты. Сүйүнүү менен кабыл алдым. Дарыгерликти дагы, аскерлик кызматын да аткарып жатканыма кубанам.

Старший лейтенант, руководитель медицинской службы военной части МЧС в селе Садовое Наргиза Женишова на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бир эле учурда ак халатты да, аскердик форманы да кийип, жоопкерчиликтүү кызматты аркалап келе жатканыма кубанам дейт Наргиза Жеңишова.

—Ата-энеңиз кандай кабыл алды?

—Үй-бүлөмдөн чыккан биринчи аскер адамымын. Жакындарым колдоп турат, эч кимиси каршы болгон жок. Иш боюнча узак убакытка кетип жатканда сарсанаа кылбай аларга жазып турам. Негизи биз өзгөчө кырдаалдар катталбаган учурларда деле үйдө болбой, аскер бөлүктө жашап иштейбиз. Убактылуу жашай турчу жайлар берилген.

— ӨКМдин аскерлери башка куткаруучулардан эмнеси менен айырмаланат?

— Биз чоңураак кырдаалдарда тартылабыз. Маселен, ири жаратылыш кырсыктары же узакка созулган издөө-куткаруу иштери болушу мүмкүн.

Старший лейтенант, руководитель медицинской службы военной части МЧС в селе Садовое Наргиза Женишова с сослуживцами
© Фото / из личного архива Наргизы Женишовой
Жеңишова Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86123 аскер бөлүгүнүн (Садовое айылы) медицина кызматынын башчысы, улук лейтенант наамы бар.

— Эсте калган чакыруу кайсы болду?

— Мындан эки жыл мурун өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси үй-бүлөсү менен Көкөмерен суусуна түшүп кетип, бир ай изделгенин билсеңиздер керек. Тилекке каршы, бирөө дагы тирүү табылган жок. Сөөктөрү биринин артынан бири чыгып жатты. Абдан өкүнүчтүү болду. Куткаруучулар күнү-түнү дебей издеп табуу аракетин көрүп жатты. Мен өздүк курамдын ден соолугуна кам көрүп жүрүп, анын баарына күбө болдум.

— Иш учурунда түрдүү нерселерди көрөт экенсиздер, стресстик абал менен кантип күрөшөсүз?

— Өзүм башынан эле эркек мүнөз элем, азыр жалаң эркектер менен иштеп, бул сапатым бекемделди десем болот. Ошол эле учурда позитивдүүмүн. Иш учурундагы кырдаалдарды өзүмө өтө жакын кабыл алып, кайгырып, көзгө жаш алуу деген жок.

Старший лейтенант, руководитель медицинской службы военной части МЧС в селе Садовое Наргиза Женишова на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жеңишова: Мен 1989-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында төрөлгөм. Кичинекей кезимен эле форма кийген жакчу

— Сиздер өздүк курамдын саламаттыгына көңүл бургандан тышкары кайсы бир окуяда жабыркаган адамдарга көмөк көрсөтөсүздөрбү?

— Албетте. Адатта ӨКМге чакыруу түшкөндө Тез жардам кызматы да кошо чакырылат. Алар кечигип жатканда биз жардам көрсөтө беребиз. Негизи ӨКМдин медигинен тышкары катардагы куткаруучусуна дагы алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үйрөтүлөт.

— Үй бетин көрбөй иштеген учурлар болот экен. Жеке жашооңуз тууралуу айтып берсеңиз.

— Күтүүсүз кырдаалдарга күнү-түнү даяр болуп турабыз. Кайсы убакта чакыруу түшпөсүн жөнөп кетиш керек. Мен жиберген жакка бара берем. Кээде бир жумалап, бир айлап талаа-түздө, болгондо дагы эркектер менен жүрүп каласың. Аны бардык эле эркек туура түшүнө бербесе керек. Үй-бүлө кура элекмин, бирок жеке жашоомо ишим катуу тоскоолдук кылып койгон деле учур боло элек.

Старший лейтенант, руководитель медицинской службы военной части МЧС в селе Садовое Наргиза Женишова с сослуживцами
© Фото / из личного архива Наргизы Женишовой
Жеңишова: өзүм башынан эле эркек мүнөз элем, азыр жалаң эркектер менен иштеп, бул сапатым бекемделди десем болот

— Турмушка чыга элек болсоң деле талаа-түздө иштеген кыйын болсо керек?

— Эми кыздар чачы-башын бат-баттан жууп турат эмеспи, талаада болсо душ жок. Кароолго бирөөнү тургузуп коюп, айылдагыдай чакага суу ысытып жуунмай. Калган учурларда ыңгайсыздык деле жок, жумуш деген жумуш да.

Кесиптеш жигиттер аяр мамиле жасап, "тамак ичтиңби, үшүгөн жоксуңбу" деп камкордук көрсөтүп турушат. Алар менен өзүмдү коопсуз сезем. Мен дагы алардын ден соолугуна кам көрүп, талаада жүргөндө тамак-ашын берип турам. Бири-бирибиз менен бир туугандай болуп калганбыз.

— Өзгөчө кырдаалдар катталбаган учурда иш күн кандай өтөт?

— Аскер бөлүктө фельдшер кыздар менен жоокерлердин ден соолугуна кароо жүргүзөбүз, коронавируска байланыштуу дене табын маалы менен өлчөйбүз. Алардын тамагынын сапатын текшерип турабыз. Ошондой эле издеп-куткаруу боюнча сабактар өткөрүлүп турат, спорт менен машыгабыз.

Негизи жумуш 8ден 6га чейин, анан суткалык нөөмөттөр бар. Ошондой эле күтүүсүз кырдаалдарга даяр болуп, дайым аскердик форма менен жүрөбүз. Чакырууга жараша Чүйдүн аймагынан башка облустарга деле бара беребиз.

Старший лейтенант, руководитель медицинской службы военной части МЧС в селе Садовое Наргиза Женишова с сослуживцами
© Фото / из личного архива Наргизы Женишовой
Жеңишова: күтүүсүз кырдаалдарга күнү-түнү даяр болуп турабыз. Кайсы убакта чакыруу түшпөсүн жөнөп кетиш керек

— Коронавирус пандемиясы маалындагы ишиңиз тууралуу айтып бересизби.

— Коронавирус убагында өздүк курам Москва районунун аймагында дезинфекция иштерин жүргүзүп, гуманитардык жардамдарды таратып жатты, биз медик катары элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп аттык. Кудайга шүгүр, өзүбүз дагы оорудан коргонуунун бардык эрежелерин аткарганыбыз үчүн өздүк курамда илдет жуктургандар көп болгон жок.

Пандемия учурунда мен дагы башка медиктердей элге жардам берүү үчүн кызыл зонада болгум келди. Ошол убакта биздин курамды тажрыйба алмашуу иретинде Гансиге жиберип, мен дагы кызматымды өтөп келдим.

Старший лейтенант, руководитель медицинской службы военной части МЧС в селе Садовое Наргиза Женишова на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жеңишова: үй-бүлө кура элекмин, бирок жеке жашоомо ишим катуу тоскоолдук кылып койгон деле учур боло элек

— Келечекке болгон кандай кыялдарыңыз бар?

— ӨКМ дарыгерлериндеги эң жогорку аскердик полковник наамына жетсем дейм. Эң негизгиси Кыргызстандын патриот айымдарынан болгум келет.

28
Белгилер:
Наргиза Жеңишова, маек, дарыгер, куткаруу, ӨКМ, Кыргызстан
Тема боюнча
Үйдөн дагы сөөк чыкпаса экен деп тиленип... Куткаруучу Кубан Кенен уулунун маеги
Адам өмүрүн эмес, сөөгүн сактап калган учурлар болот. Куткаруучунун маеги
Назарбекова: ишимдин түйшүгүн жолдошум жакшы билет