Ысык-Көл милициясынын башчысы Улан Асанбаев кызматтан алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкери. Архив
Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Жазылуу
Асанбаев аталган кызматка 2019-жылдын 28-февралында келген. Ага чейин Каракол шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп иштечү.
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Ысык-Көл ОИИБдин начальниги Улан Асанбаев кызматтан алынды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Асанбаев коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө кемчилик кетиргени үчүн коллегиянын чечими менен жумуштан кеткен.
Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Уран Ахметов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.02.2021
Өкмөттүн аппарат жетекчисинин биринчи орун басары алмашты
Эске салсак, бүгүн, 12-февралда, ИИМде ички иштер органдарынын 2020-жылдын 12 айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму болгон. Ага өкмөт башчы Улукбек Марипов, ИИМ башчысы Улан Ниязбеков жана шаардык, облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилери катышып, бир катар маселелер талкууланган.
Асанбаев аталган кызматка 2019-жылдын 28-февралында келген. Ага чейин Каракол шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп иштечү.
Жаңылыктар түрмөгү
0