COVID-19: эки адам каза таап, 43 адам ооруну жуктурду. 13-февралдын статистикасы

© AFP / PATRICIA DE MELO MOREIRAМедицина кызматкерлери COVID-19дан жабыркаган адамдын сөөгүн ташып жатышат. Архив
Медицина кызматкерлери COVID-19дан жабыркаган адамдын сөөгүн ташып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2021
Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус менен ооругандардын саны салыштырмалуу аз катталып жатканы менен бейтаптар күн сайын каза болууда.
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан эки адам көз жумса, 43 адамдан аталган инфекция табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
"Учурда COVID-19 жугуп ооруканада жаткандардын ичинен 121 бейтап оор, 21 адам өтө оор абалда. Өткөн суткада Бишкектен бир, Чүй облусунан бир адам көз жумду", — деп айтылат таратылган маалыматта.
Стационарда 425 бейтап жатса, амбулатордук дарыланууда 457 киши бар экендиги кабарланды.
Кечээки статистика боюнча, COVID-19 республикада 43 адамдан табылса, 86 адам ооруну жеңип, айыгып кеткен.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
  • Бишкек - 20
  • Ош - 1
  • Чүй облусу – 4
  • Ош облусу - 6
  • Нарын облусу - 4
  • Ысык-Көл облусу – 4
  • Жалал-Абад облусу – 2
  • Баткен облусу - 2
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
  • Бишкек – 40
  • Ош шаары – 4
  • Чүй облусу – 16
  • Ош облусу – 6
  • Талас облусу – 2
  • Нарын облусу – 8
  • Ысык-Көл облусу – 7
  • Жалал-Абад облусу – 3
Жаңылыктар түрмөгү
0