Аялым чанып, көзүмө чөп сала баштады... Айласы кеткен жигиттин каты

© Фото / Pixabay / StockSnapКомпьютерде иштеп жаткан аял. Архив
Компьютерде иштеп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына аялы алдап жүргөн эркек киши кат жазган.
Саламатсыздарбы, аты-жөнүмдү жазбай эле жашыруун түрдө психологдон жооп алып бересиздерби? Өзүм "Дордой" базарында майда-чүйдө соода иштери менен алектенем. Мындан 12 жыл мурда үйлөнгөм. Келинчегим деле өзүбүздүн айылдан болот. Мен карапайым үй-бүлөдө төрөлүп, өскөм. Ата-энемдин шарты жок, анын ордуна үйдүн улуусу болгондуктан мектепти аяктагандан кийин эле кара жумушка кеттим. Келинчегим экөөбүз сүйлөшүп жүрүп 20 жашыбызда эле баш кошконбуз. Эки балалуу болдук. Балдар азыр мектепте окуйт. Кайнагам жакшы жерде иштегендиктен балдар төрөлгөндөн кийин келинчегимди университетке тапшыртып, кийин жакшы жерге ишке киргизип койду. Мен деле жолдо калган эмесмин, базарда иштеп жүрүп эле үй-бүлөмдү бактым. Ошол базардын тегерегинен жер алып, чакан там салып алгам. Жашоом эми бир калыпка түшүп, көңүлүм ток боло баштаганда дагы бир көйгөй тынчымды ала баштады. Муну туугандарга да, досторго да айта албайм. Анткени аялымдын жүрүм-туруму мазамды алчу болду. Экөөбүздүн мамилебиз барган сайын солгун тартып бара жатат. Аялымдын мага көңүлү жок. Мени чанып калганын байкайм, көчөгө же бир жакка мени менен баскысы келбейт. Кечинде жок жерден уруш чыгарып, артын карап же өзүнчө жатып алат.
Аял менен эркек кол кармашып турат. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2020
Күйөөм экөөбүздүн ортобуздагы мамиле сууп кетти... Келиндин даты
Келинчегим башынан эле жасанып, өңү-түсүн карап жүрчү. Эми андан бетер, ашыкча акча болсо эле кийимге же атыр-патырына жумшап калды. Мен эркекке бир кийим болсо жетет деп жүрө бергендерденмин. Мүмкүн ушунумду жактырбай жаткан жокпу?
Өткөндө ушундай уруштардын биринде кызганып, телефонун тартып алдым. Карасам бир киши менен жазышкан каттары бар экен. Ошону окугандан бери дендароо болуп, эмне кыларымды билбей жүрөм. Кол көтөрчү эмесмин, ошондо чаап жибердим. Андан бетер мамилеси өзгөрдү, ажырашып кетчүдөй болуп турабыз.
Бирок мен жубайымды, балдарымды аябай жакшы көрөм. Эмне кылсам болот? Балдар турат, аялымды кечирип жашоону уланта аламбы? Намысчы?..

Психолог Айгүл Ысыкеева:

— Бул үй-бүлөнүн баш кошконуна 12 жыл болуптур. Алгач үй-бүлө курганда гормоналдык фон жогору болгондуктан жубайлар бири-биринин мүнөз, кыялдарын жакшы байкай алышпайт. Убакыттын өтүшү менен гормоналдык фон төмөндөп, андан улам кыялдары, адамдык сапаттар ачык көрүнө баштайт. Мында үй-бүлөдө түгөйүнүн кээ бир жактарын кабыл алат же кабылдоо кыйынга турган маселе да жаралып калышы ыктымал. Бул акча тапканды билбейт экен, агрессивдүү адам же көңүл алганды билбейт дегендей дооматтар айтылып, кыйынчылыктар башталат. Эки адам бирге жашаганда сөзсүз конфликт, түшүнбөстүк болот. Бул кадыресе көрүнүш. Кеп конфликтти болтурбоодо эмес, аны чечүү жолдорун табууда жатат. Адамдын мүнөзү үй-бүлөдө калыптанат эмеспи, ал эми эки башка үйдө чоңойгон түгөйлөр бирге жашап баштаганда жашоого болгон көз караш, баалуулуктардын кагылышы болот.
Намаз окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.02.2021
Дин жолундагы жигитке ишенип, алданып кала жаздадым. Келиндин каты
Бул үй-бүлөнү карап көрсөк, аялы билим алууну, өзүн өнүктүрүүнү максат кылса, жолдошу үй-бүлөнүн материалдык базасын чыңдоого күч жумшаган. Күйөөсү өзүн да унутуп, жадагалса кийим алууну да экинчи планга жылдырып койгон. Жолдошу ушул үй-бүлөсү үчүн өзүн бир аз курмандыкка чалып алгандай сезилет. Башкача айтканда, бул жерде аял-күйөөнүн жашоодогу баалуулуктары эки башка болууда. Бир нерсе үчүн өзүн арнап салган адамдар башкалардан да ошону күтөт. Бирок баары эле анте албайт.
Эми каттын ээси өзүнө көбүрөөк көңүл буруп, жан дүйнөсүн байытканга аракет кылуусу кажет. Жубайынын ага болгон кызыкчылыгын жаратканга күч жумшашы керек. Себеби экөөнүн ортосунда сүйлөшө турган нерсе калбай, бири-бирине ысыгы тарап калган. Негизи үй-бүлөдө эки адамдын ортосундагы жакындык, көздөгөн максат, жылуулук болбосо аны байлык да, балдар да сактап кала албайт. Аял-күйөөнүн ортосунда эмоционалдуу сүйлөшүү болуп турушу керек.
Буларда "балдарды кантип багабыз?", "каякта жашайбыз?", "үй салуу керек" өңдүү стратегиялык максат гана болгондой. Жубайлардын бири алдыга кетип, экинчиси артта калса да кызыкчылык төмөндөп, алдыга кеткени сырттан кызыктуу жагдайларды издеп баштайт. Ушунун акыры ажырашууга да алып келиши мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0