Новиков Республикалык штабдын маалыматын угуп, жаңы тапшырмаларды берди

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевБиринчи вице-премьер-министр Артём Новиков
Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2021
Жазылуу
Артём Новиков азыртадан келечекти ойлонуп, медициналык окуу жайларда өтө зарыл болгон адистиктер боюнча бюджеттик орундарды ачуу жана ремонтко муктаж болгон ооруканалардын тизмесин даярдоо талабын койду.
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын таралышы акырындык менен басаңдап бара жатат. Бирок биз дүйнөдөгү абалды эске алып, эч бир тобокелдикке барбашыбыз керек. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер Артём Новиков билдирди.
"Дүйнөнүн ар кайсы жеринде коронавирус мутация болуп жатат. Андыктан Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эпидемиологиялык абал начарлап кете турган болсо медициналык жайларды иштетүү боюнча ыкчам планды ишке ашырууга даяр болушу керек", — деди Новиков.
Ошондой эле ведомство жетекчилигине COVID-19га каршы эмдөө графигин түзүү жана муздаткыч жабдууларды даярдоо тапшырмасы берилди.
Өкмөт башчы Улукбек Марипов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2021
Так аткарылышын талап кылам. Марипов өкмөттүн жыйынында көтөргөн маселе
Өкмөттүн маалыматына караганда, акыркы эки жарым айдан бери күн сайын жуктургандардын саны (70тин тегереги) сакайгандардын санынан (90дун тегереги) аша элек.
Мындан тышкары, Новиков азыртадан келечекти ойлонуп, медициналык окуу жайларда өтө зарыл болгон адистиктер боюнча бюджеттик орундарды ачуу жана ремонтко муктаж болгон ооруканалардын тизмесин даярдоо боюнча талаптарды койду.
Жаңылыктар түрмөгү
0