Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСүйүү күнүн майрамдоо. Архив
Сүйүү күнүн майрамдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2021
Жазылуу
14-февралга караган түнү өлкөнүн кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал. Талас, Баткен облустарында күн ачык болот.
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Жекшемби күнү, 14-февралда, күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +10...+15, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +13...+18, Ысык-Көл өрөөнүндө +5...+10, ал эми Нарын аймагында -1...+5 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +13...+15, ал эми Ошто +16...+18 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0