Коронавируска кабылган бейтаптарды кабыл алган медик. Архивдик сүрөт

Өткөн суткада 34 кишиден коронавирус табылды. Өтө оор абалдагылар бар

111
(жаңыланган 13:22 14.02.2021)
Кечээтен бери өлкөдө өлүм учурлары катталган эмес. Ысык-Көлдөн бир медиктен коронавирус табылганы айтылды.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бир сутка ичинде 34 кишиден коронавирус табылып, 69 бейтап айыккан. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 19;
  • Чүй облусу – 2;
  • Ош облусу – 2;
  • Нарын облусу – 6;
  • Ысык-Көл облусу – 5.

Ушуну менен вирус илештиргендердин саны 85 475ке жетти.

Айыккандар:

  • Бишкек – 21;
  • Ош шаары – 3;
  • Чүй облусу – 19;
  • Ош облусу – 6;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 10;
  • Жалал-Абад облусу – 2.

Ал эми айыккандардын жалпы саны 82 253 болду.

Өткөн суткада өлүм учурлары катталган эмес. Азыркы тапта 424 бейтап ооруканаларда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 116 адамдын абалы оор болсо, 27 бейтаптыкы өтө оор деп бааланууда. Кечээтен бери Ысык-Көлдө бир медиктен коронавирус аныкталган.

111
Белгилер:
бейтап, коронавирус, оору, статистика, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1556)
Тема боюнча
Биолог: вакцина алган кишилер COVID-19ду башкаларга жугузуп жүрө бериши мүмкүн

22 жаштан 75 жашка чейинки ирмемдер. Самара Токтакунованын сүрөттөрү

26
(жаңыланган 16:03 09.03.2021)
  • Самара Токтакунова 1945-жылы 9-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган
  • Самара Токтакунова залкар комузчу болорун алгачкылардан болуп кийин өмүрлүк жубайы болуп калган Чалагыз Исабаев байкагандыгын өзү да айтып берген жайы бар. Сүрөт 1980-жылы тартылган.
  • 22 жаштагы Самара Токтакунова. Кыргызстандык артисттердин сүрөтү 1967-жылы Канадада тартылган. Биринчи катарда солдон үчүнчү турган концертмейстер Евгения Баялинова, төртүнчүсү — балерина Рейна Чокоева, бешинчи — ырчы Ирина Деркембаева, алтынчы — Самара Токтакунова. Экинчи катарда солдон биринчи турган композитор Насыр Давлесов, экинчи — балетмейстер Берик Алымбаев, акыркы турган — ырчы Асек Жумабаев.
  • 29 жаштагы Самара Токтакунова. Кинорежиссер Геннадий Базаровдун Искусство жөнүндө баян фильмине тартылуу учурунда. 1974-жыл
  • Комузчулар ансамбли. Солдон биринчи Самара Токтакунова
  • Самара Токтакунованын космонавт Юрий Гагарин менен түшкөн сүрөтү. Комузчу бул ирмемдер 1962-жылы Москвада тартылганын айтып берди.
  • Комузда кол ойнотуп кыргыздын музыкасын дүйнөгө тааныткан чыгармачыл инсандардын сүрөтү 1984-жылы Фрунзе шаарында репетиция учурунда тартылып алынган. Анда Чалагыз Исабаев — 47, Самара Токтакунова — 39, Айша Базарбаева 34 жашта эле.
  • Самара Токтакунованын ооз комузчулук да өнөрү болгон. Солдо турган Кыргыз ССРинин эл артисти Нуржамал Таабалдиева, ортодо СССРдин эл артисти Самара Токтакунова жана оң жагындагы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Айша Базарбаева. 1981-жыл, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары.
  • Самара Токтакунова Sputnik Кыргызстанга маек берип жаткан учуру. Жаман сөз укпай, айың кепти артымдан ээрчитпей 60 жыл бою таптаза иштеп келдим. Ушунун өзү да бакыт деп ойлойм, — дейт залкар комузчу.
  • Самара Токтакунованын соңку сыйлыгы — II даражадагы Манас орденин алган учуру. Аны мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков тапшырган. 2019-жыл, 19-сентябрь
  • Мындан туптуура бир жыл мурда тартылган сүрөт. Комузда кол ойноткон Самара Токтакунова
  • Самара Токтакунова быйыл 76 жашка чыкты. Кыргыз искусствосу менен маданиятына колубуздан келген салымыбызды кошуп жатабыз. Тагдырыма ыраазымын, — деди ал бизге берген маегинде.
Бүгүн СССРдин эл артисти, КРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III жана II даражадагы "Манас" орденинин ээси, залкар комузчулардын бири Самара Токтакунованын туулган күнү. Ардактуу инсан 76 жашка чыкты.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан сүрөт түрмөк даярдады.

Самара Токтакунова 1945-жылы 9-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган. Учурда ал Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын элдик ырдоо кафедрасынын профессору. Чыгармачылык потенциалын шакирттерин тарбиялоого жумшап келет. Эки уулдун апасы, бир нече неберенин чоң энеси.

"Өмүр бою элге кызмат кылдым, мактаныч, кубаныч сезим менен бактылуу кишимин деп айтсам жарашат. Жаман сөз укпай, айың кепти артымдан ээрчитпей 60 жыл бою таптаза иштеп келдим. Ушунун өзү да бакыт деп ойлойм", — дейт залкар комузчу.

Токтакунова Sputnik Кыргызстан агенттигине кеңири интервью берип, өмүрүнүн кызыктуу учурлары, учурда аны кубанткан ирмемдер жана түйшөлткөн маселелер туурасында ой бөлүшкөн.

26
  • Самара Токтакунова 1945-жылы 9-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Самара Токтакунова 1945-жылы 9-мартта Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Суу айылында туулган

  • Самара Токтакунова залкар комузчу болорун алгачкылардан болуп кийин өмүрлүк жубайы болуп калган Чалагыз Исабаев байкагандыгын өзү да айтып берген жайы бар. Сүрөт 1980-жылы тартылган.
    © Sputnik / Александр Поготов

    Самара Токтакунова залкар комузчу болорун алгачкылардан болуп кийин өмүрлүк жубайы болуп калган Чалагыз Исабаев байкагандыгын өзү да айтып берген жайы бар. Сүрөт 1980-жылы тартылган.

  • 22 жаштагы Самара Токтакунова. Кыргызстандык артисттердин сүрөтү 1967-жылы Канадада тартылган. Биринчи катарда солдон үчүнчү турган концертмейстер Евгения Баялинова, төртүнчүсү — балерина Рейна Чокоева, бешинчи — ырчы Ирина Деркембаева, алтынчы — Самара Токтакунова. Экинчи катарда солдон биринчи турган композитор Насыр Давлесов, экинчи — балетмейстер Берик Алымбаев, акыркы турган — ырчы Асек Жумабаев.
    © Фото / из личного архива Рейны Чокоевой

    22 жаштагы Самара Токтакунова. Кыргызстандык артисттердин сүрөтү 1967-жылы Канадада тартылган. Биринчи катарда солдон үчүнчү турган концертмейстер Евгения Баялинова, төртүнчүсү — балерина Рейна Чокоева, бешинчи — ырчы Ирина Деркембаева, алтынчы — Самара Токтакунова. Экинчи катарда солдон биринчи турган композитор Насыр Давлесов, экинчи — балетмейстер Берик Алымбаев, акыркы турган — ырчы Асек Жумабаев.

  • 29 жаштагы Самара Токтакунова. Кинорежиссер Геннадий Базаровдун Искусство жөнүндө баян фильмине тартылуу учурунда. 1974-жыл
    © Sputnik / Александр Федоров

    29 жаштагы Самара Токтакунова. Кинорежиссер Геннадий Базаровдун "Искусство жөнүндө баян" фильмине тартылуу учурунда. 1974-жыл

  • Комузчулар ансамбли. Солдон биринчи Самара Токтакунова
    © Sputnik / Александр Поготов

    Комузчулар ансамбли. Солдон биринчи Самара Токтакунова

  • Самара Токтакунованын космонавт Юрий Гагарин менен түшкөн сүрөтү. Комузчу бул ирмемдер 1962-жылы Москвада тартылганын айтып берди.
    © Фото / из личного архива Самары Токтакуновой

    Самара Токтакунованын космонавт Юрий Гагарин менен түшкөн сүрөтү. Комузчу бул ирмемдер 1962-жылы Москвада тартылганын айтып берди.

  • Комузда кол ойнотуп кыргыздын музыкасын дүйнөгө тааныткан чыгармачыл инсандардын сүрөтү 1984-жылы Фрунзе шаарында репетиция учурунда тартылып алынган. Анда Чалагыз Исабаев — 47, Самара Токтакунова — 39, Айша Базарбаева 34 жашта эле.
    © Sputnik / Мамадалиев

    Комузда кол ойнотуп кыргыздын музыкасын дүйнөгө тааныткан чыгармачыл инсандардын сүрөтү 1984-жылы Фрунзе шаарында репетиция учурунда тартылып алынган. Анда Чалагыз Исабаев — 47, Самара Токтакунова — 39, Айша Базарбаева 34 жашта эле.

  • Самара Токтакунованын ооз комузчулук да өнөрү болгон. Солдо турган Кыргыз ССРинин эл артисти Нуржамал Таабалдиева, ортодо СССРдин эл артисти Самара Токтакунова жана оң жагындагы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Айша Базарбаева. 1981-жыл, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары.
    © Sputnik / Мамадалиев

    Самара Токтакунованын ооз комузчулук да өнөрү болгон. Солдо турган Кыргыз ССРинин эл артисти Нуржамал Таабалдиева, ортодо СССРдин эл артисти Самара Токтакунова жана оң жагындагы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Айша Базарбаева. 1981-жыл, Фрунзе (азыркы Бишкек) шаары.

  • Самара Токтакунова Sputnik Кыргызстанга маек берип жаткан учуру. Жаман сөз укпай, айың кепти артымдан ээрчитпей 60 жыл бою таптаза иштеп келдим. Ушунун өзү да бакыт деп ойлойм, — дейт залкар комузчу.
    © Sputnik / Жоомарт Ураимов

    Самара Токтакунова Sputnik Кыргызстанга маек берип жаткан учуру. "Жаман сөз укпай, айың кепти артымдан ээрчитпей 60 жыл бою таптаза иштеп келдим. Ушунун өзү да бакыт деп ойлойм", — дейт залкар комузчу.

  • Самара Токтакунованын соңку сыйлыгы — II даражадагы Манас орденин алган учуру. Аны мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков тапшырган. 2019-жыл, 19-сентябрь
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Самара Токтакунованын соңку сыйлыгы — II даражадагы "Манас" орденин алган учуру. Аны мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков тапшырган. 2019-жыл, 19-сентябрь

  • Мындан туптуура бир жыл мурда тартылган сүрөт. Комузда кол ойноткон Самара Токтакунова
    © Фото / Данияр Жаркынбаев

    Мындан туптуура бир жыл мурда тартылган сүрөт. Комузда кол ойноткон Самара Токтакунова

  • Самара Токтакунова быйыл 76 жашка чыкты. Кыргыз искусствосу менен маданиятына колубуздан келген салымыбызды кошуп жатабыз. Тагдырыма ыраазымын, — деди ал бизге берген маегинде.
    © Фото / Данияр Жаркынбаев

    Самара Токтакунова быйыл 76 жашка чыкты. "Кыргыз искусствосу менен маданиятына колубуздан келген салымыбызды кошуп жатабыз. Тагдырыма ыраазымын", — деди ал бизге берген маегинде.

Белгилер:
артист, устат, комузчу, Чалагыз Исабаев, Самара Токтакунова, Кыргызстан
Тема боюнча
Атасын ыйлаткан Самара Токтакунова. Залкар комузчу тууралуу 6 факты
Көчөрбаев: Самара Токтакунова баспаган кызыл килемден кимдер гана баспады
Кийинки кезде концертке чыккандан тартынчу болдум. Самара Токтакунова менен маек
Көк бөрү боюнча мелдеш. Архив

Ноорузга карата Чолпон-Ата, Ош шаарларында ат оюндары өтөт

39
(жаңыланган 15:13 09.03.2021)
Мелдештер аймактарда спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү максатын көздөйт.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. 16-марттан 21-мартка чейин Чолпон-Ата (Ысык-Көл облусу) жана Ош шаарларында Нооруз элдик майрамына арналган ат оюндары өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Элдик майрамдын урматына улуттук спорт оюндарынан көк бөрү, эр эңиш, салбуурун жана ат чабыштын түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.

"Оюндар республиканын бардык аймактарында спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүү, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана мыкты командаларды, спортчуларды тандоо максатында өткөрүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чараны Спорттун улуттук турлөрү боюнча дирекциясы, өлкөнүн Көк бөрү, Аргымак, Салбуурун, Эр эңиш федерациялары уюштурууда.

Ат оюндар Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо жана Оштогу "Төлөйкөн" ат майданында өтөт.

Чолпон-Атада болуучу мелдештердин программасы тууралуу кенен маалымат алсаңыздар болот.

39
Белгилер:
Чолпон-Ата, Ош, Көк бөрү, мелдеш, улуттук ат оюндары, Нооруз
Тема боюнча
Темир билек балбандар. Оор атлетика боюнча өлкө чемпиондору аныкталды
Ноорузда көк бөрү легендаларынын жаркын элесине арналган өлкө чемпионаты өтөт
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров

Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен бармай болду

0
(жаңыланган 16:27 09.03.2021)
Сапардын алкагында соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү пландалууда.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанга мамлекеттик сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

"Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле мындан аркы өнүгүүнүн жана натыйжалуу өз ара алака түзүүнүн келечегин талкуулашат", — деп айтылат маалыматта.

Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуулары пландаштырылууда.

Мындан тышкары, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү пландалууда.

0
Белгилер:
мамлекеттик сапар, президент, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Коңшулук мамилени арттыралы. Жапаров Өзбекстандын ТИМ башчысын кабыл алды