Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун директорунун орун басары Жолдошбек Кырбашев

Нарын коругу Борбор Азияда биринчи болуп аюуга спутник каргы таккан. Кызыктуу маек

1596
(жаңыланган 21:43 14.02.2021)
Жаратылыш коруктарынын бир гана айлана-чөйрө эмес, жалпы эле адамзат үчүн мааниси чоң экенин көпчүлүк аңдай бербейт. Өлкөбүздө да табияттын өз нугунда өнүгүүсүн сактаган он корук бар.

Алардын бирин Нарын мамлекеттик жаратылыш коругу. Sputnik Кыргызстан агенттиги мекеменин илимий иштер боюнча директорунун орун басары Жолдошбек Кырбашев менен корукта аткарылган иш-чаралар, Кызыл китепке кирген жаныбарлар жана келечектеги пландары тууралуу баарлашты.

— Жолдошбек мырза, сөздү алгач кесибиңизден баштасак. Бул жаатты тандооңузга эмне себеп болду?

— Өзүм кичинекей кезимен эле жаратылышка, анын ичинде жапайы жаныбарларга жакын болуп чоңойдум. Балалык кыялымда циркте жаныбарларды машыктыргым келчү. Бирок бул тармакта билим берген окуу жайы болбогондуктан азыркы кесибимди тандадым. Мектепти бүткөн соң Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жаратылышты пайдалануу факультетин бүтүрүп, 2000-жылдан бери Нарын мамлекеттик коругунда илимий кызматкермин.

— Жөнөкөй окурмандарга жумушуңузду чечмелеп бере аласызбы?

— Жаратылыш коруктары табиятты коргоочу жана илим-изилдөөчү мекеме болуп саналат. Жабыркаган бөлүгүн коргоого алып, калыбына келтирип, баштапкы абалында сактайт. Жалпылап айтканда, коруктун аймагындагы жапайы жаратылышта болгон табигый кубулуштардын өз нугу менен өтүүсүн байкоого алып, зарыл чараларды көрөбүз. Аймактагы жан-жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн өнүп-өсүүсү же азайып жок болуп кетүүсү алар жашап жаткан чөйрөдөгү табигый шартка, ар кандай климаттык өзгөрүүлөргө жараша болот. Ошол эле учурда экологиялык агартуу иштери менен да алектенебиз. Мектептерди, жогорку окуу жайларды кыдырып маалымат берип, лекция окуп турабыз. Университет, колледждерден студенттер келип, практикадан өтүп турушат. Аткарылып жаткан илимий темалар боюнча Илимдер академиясынын Биология институту менен тыгыз байланышта болуп, биргеликте пландарды түзүп иштешебиз. 

  • Заместитель директора Нарынского государственного природного заповедника Жолдошбек Кырбашев
    Замдиректора Нарынского природного заповедника Жолдошбек Кырбашев
    © Фото / Жолдошбек Кырбашев
  • Заместитель директора Нарынского государственного природного заповедника Жолдошбек Кырбашев
    Замдиректора Нарынского природного заповедника Жолдошбек Кырбашев
    © Фото / предоставлено Жолдошбеком Кырбашевым
1 / 2
© Фото / Жолдошбек Кырбашев
Замдиректора Нарынского природного заповедника Жолдошбек Кырбашев

— Сиз иштеген жердин башка коруктардан айырмасы эмне?

— Өлкөбүздө он жаратылыш коругу бар. Алардын ичинен экөө — Каратал-Жапырык жана Нарын мамлекеттик жаратылыш коруктары Нарында жайгашкан.. Ар бири ар башка максатта уюшулгандыктан өзгөчөлүктөрү бар. Каратал-Жапырык негизинен Чатыр-Көл менен Соң-Көлгө байланышкан иштерди алып барат. Биздики Борбордук Тянь-Шандагы жаратылыш комплекстерин коргоо, сактап калуу жана жоголуу коркунучундагы жаныбарларды калыбына келтирүү максатында 1983-жылы уюшулган. Карамагыбызда бугу-маралды колдоо жана жарым колдоо, көбөйтүү аркылуу Кыргызстандын башка аймактарына таратуу максатында 1988-жылы курулган питомник да бар. Ал эми жалпы аймагыбыз 105 миң 519 гектарды түзөт. Көпчүлүк корук дегенде айланасы тор менен курчалган жерди түшүнөт. Андай эмес, ачык жерде жайгашкан табигый шарттагы жапайы жаратылыш болуп эсептелинет. Жалпысынан Кара-Таш жана Кашка-Суу деген эки токойчулукка жана 17 кыдырмага бөлүнгөн. Өзөктүк, буфердик жана көзөмөл аймагы болуп, үч режимде иш жүрөт. Булардын да ар-биринин өзүнө жараша өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы, өзөктүк аймакта бардык чарбалык жумуштардын аткарылуусуна тыюу салынса, көзөмөл аймагын жайытка колдонсо болот, бирок мергенчилик кылууга, өсүмдүк терүүгө уруксат берилбейт.

Корукта 31 кызматкер бар. Азыркы учурдагы негизги көйгөйлөрүбүздүн бири — илимий кызматкерлерибиздин кыскартууга учурап, жетишсиз болуп жатканында. Мисалы, коруктагы эң негизги багыттардын бири Экологиялык агартуу иштери. Бирок бул тармактагы адисибиз жок. 

Заместитель директора Нарынского государственного природного заповедника Жолдошбек Кырбашев
© Фото / Жолдошбек Кырбашев
Кырбашев: Биздин корук Борбордук Тянь-Шандагы жаратылыш комплекстерин коргоо, сактап калуу жана жоголуу коркунучундагы жаныбарларды калыбына келтирүү максатында 1983-жылы уюшулган. Жалпы аймагыбыз 105 миң 519 гектарды түзөт.

— Жумушуңузга бир аз деталдуу токтоло кетсеңиз. Акыркы убакта кандай иштерди жүргүздүңөр?

— Жумушубуздун негизги бөлүгүн фото жана видеотузактар аркылуу жаныбарларга мониторинг жүргүзүү түзөт. Мурда жаныбарларга байкоо салууда азыркыдай мүмкүнчүлүктөр жок болчу. Кайсы мезгилде кай жерде жүргөнүн өз көзүбүз менен гана көрүп маалымат топточубуз. Азыр технологиянын жардамы менен өтө так маалыматтарды алабыз. Видео жана фотокапкандарды аймактын баарын камтыган жерлерге коюуга аракет кылабыз. Учурда дайыма байкоо салып турган он бештей илбирс бар. Негизи саны андан да көп. Темгилдери бири-бирине окшошпогондуктан ар-бирине ат коюп койгонбуз. Аюулар көбүнчөсү ачык жерде жүрбөгөндүктөн камераларды карагайлуу жерлерге коёбуз. Анан видеотузакка аюу эле эмес, эл арасында аска-зоодо гана жүрөт делген эчки-текелер да түшүп калат. Ошондой эле "Кайберен" долбоорунун алкагында 2019-жылдан бери бир баш Тянь-Шань күрөң аюусу менен маралдын мойнуна спутниктик каргы тагып, алардын биологиясын үйрөнүп жатабыз. Тагып жатканда салмагын жана дене түзүлүшүнүн баарын өлчөгөнбүз. Күнүнө он эки электрондук белги алабыз. Аны картага түшүрүп кайсы жерлерде болгондугун аныктап, мониторинг жүргүзөбүз. Спутниктик каргыны деги эле Борбордук Азияда биринчилерден болуп биз аюуга колдондук.

— Видео жана фототузактарга аңчылар түшүп калган учурлар кездешеби?

— Фото жана видеокөзөмөл браконьерликке да тоскоолдук кылат экен. Азыр жөнөкөй жарандар коруктун дээрлик бардык аймагы көзөмөлдө экенин билишет. Анын үстүнө мыйзамсыз аңчылык үчүн айып пулдун көлөмү да өскөн. Корук элдүү пунктудан кыйла алыста жайгашып, транспорт дээрлик барбагандыгы үчүн браконьерлик жок деп айтсак болот. Жумушубузду көбүнчө ат үстүндө жүргүзөбүз. Фототузактарга аңчылар түшүп калган учурлар кездеше элек. 

Олень в Нарынском природном заповеднике
© Фото / Жолдошбек Кырбашев
Кырбашев: Сүт эмүүчүлөрдүн 26, канаттуулардын 104, жерде-сууда жашоочулардын бир, сойлоп жүрүүчүлөрдүн төрт түрү кездешери аныкталган. Бугу-марал, аркар-кулжа, сүлөөсүн, суусар, мадыл байырлайт. Канаттуулардан бүркүт, ителги, кумай, көк жору сыяктуулар. Ошондой эле жыйырмадай аюу, он бештен ашык илбирс бар.

— Жөнөкөй элдин корукка болгон мамилеси кандай?

— Бугу, жапайы эчки-текелер табигый түрдө миграция болгон жаныбарлар да. Андыктан коруктун аймагынан сыртына чыккан учурлар кездешип калат. Ошол учурда аларды көрүп калгандар биринчи жолу ачылыш жасап жаткансып кыйкырып үркүтүп жиберишет. Бул туура эмес нерсе. Негизи эле бизде жалпы жаратылышка болгон мамиле начар. Парктарга эс алууга чыккандар таштандыларын таштап кете беришет. Бул табиятты эле эмес, өзүбүздү да сыйлабагандык.

— Маекке чейин тажрыйба алуу үчүн сыртка чыгып, чет өлкөлүк уюмдар менен иштешериңерди айтып калдыңыз. Ошол учурларда эмне көңүлүңүздү бурду?

— 2016-жылдан бери "Пантера" аттуу француз экологиялык уюму менен иштешебиз. Алар бизди корук деген атка татыктуу жооп берген жер экенибизди айтышат. Жогоруда да айткандай, кээ бир аймактарыбызда жайытка уруксат берилген да. Анан француздар "малчылар жайытка канча акча төлөйт. Биз ошол каражатты төлөөгө донор табалы. Мал жайбай эле алгачкы калыбында сактасак" деген ойлорун айтышат. Ал эми чет өлкөдөн келген ыктыярчылар биз менен чогуу илимий экспедицияларга чыгып, өздөрү алып келеген келген видеотузактарды коюшат. Алар менен биргеликте мониторинг иштерин жүргүзөбүз. Ушул ыктыярчылык маданияты чет жерге чыкканда дароо көзгө урунган нерсе. Миңдеген адамдар, студенттер эле эмес, пенсия жашындагылар да парктарга келип иштеп беришет. Таштанды тазалагандан баштап эс алганы келгендерге багыт көрсөтүүгө чейин ар кандай жумуштарды аркалашат экен. Биз да азыр өлкөбүздө ушул багытты өнүктүрүү үчүн иштеп жатабыз. 

Заместитель директора Нарынского государственного природного заповедника Жолдошбек Кырбашев
© Фото / предоставлено Жолдошбеком Кырбашевым
Кырбашев: Кыргызстан боюнча 300-350 гана илбирс бар. Биз аларды сактап калуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап иштеп жатабыз.

— Корукта жаныбарлардын канча түрү бар экендиги белгилүүбү?

— Сүт эмүүчүлөрдүн 26, канаттуулардын 104, жерде-сууда жашоочулардын бир, сойлоп жүрүүчүлөрдүн төрт түрү кездешери аныкталган. Жыл сайын күзүндө жана жазында атайын эсеп жүргүзүлүп, жыйынтыгы жапайы жаныбарлардын улуттук маалымат базасына киргизилет. Кызыл китепке киргендерден бугу-марал, аркар-кулжа, сүлөөсүн, суусар, мадыл жана башкалары байырлайт. Канаттуулардан бүркүт, ителги, кумай, көк жору сыяктуулар. Ошондой эле жыйырмадай аюу, он бештен ашык илбирс бар.

— Ак илбирстин азаюусу акыркы кезде көп айтылууда...

— Ооба, бул өтө өкүнүчтүү көйгөйлөрдүн бири. Мурдагы менен азыркы маалыматтарды салыштырганда азайганы байкалат. Кыргызстан боюнча 300-350 гана илбирс бар. Биз аларды сактап калуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап иштеп жатабыз. Коруктун аймагы стабилдүү сакталгандыгы үчүн илбирстердин жок болуп кетпөөсүнө жакшы өбөлгө түзүлөт.

— Өткөн жылдары Жогорку Кеңештин бир нече депутаты мыйзамсыз аңчылыкка тыюу салуу үчүн мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Тилекке каршы, көпчүлүк эл өкүлү аны колдогон жок. Бул тууралуу оюңуз кандай?

— Жаратылыш коругунда иштеген кызматкер катары, албетте, атууга каршымын. Бул мыйзам өтпөй калгандан кийин чоңдордун чет элдик мергенчилер үчүн аң уулоо уюштурган бизнеси бар окшойт деп ойлоп калдым. Жок дегенде белгилүү бир убакытка, мисалы, беш жылга чейин токтотуп турушса жакшы болмок. Мына, пандемия учурунда абдан жакшы билинди. Чет жерден келген мергенчилер жок болгондугуна байланыштуу ача туяктуу жаныбарлар кадимкидей көбөйүп калды. Андан көрө жөнөкөй туризмди өнүктүрсөк туура болмок. Илбирсти жөн гана көрүү үчүн акча төлөйбүз дегендер четтен чыгат.

— Корукту туристтик аймакка айлантуу ишке аша турган нерсеби?

— Жок, мен буга каршымын. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мыйзамы да жол бербейт. Ага ылайык, корукка киши киргизүүгө болбойт. Болгону ыктыярчылар менен бирге гана илимий иштерди уюштурабыз. Ал эми туризмди коруктун аймагына эмес, ага чектеш жерлерге, жаратылыш парктарына уюштурса болот. 

Медведь в Нарынском природном заповеднике
© Фото / Жолдошбек Кырбашев
Кырбашев: спутниктик каргыны деги эле Борбордук Азияда биринчилерден болуп биз аюуга колдондук

— Күн сайын жырткыч жаныбарлардын жанында жүрүү коркунучтуу эмеспи?

— Чынын айтканда эң коркунучтуу жырткыч – бул  адам баласы. Тескерисинче, жаныбарлар бизден коркушат. А негизи токойдогу жандыктардын ар бири өз иши менен алек. Мисалы, кичинекей кумурска адам жасабаган ишти жасайт. Бизге окшоп кечээ катуу иштедим эле, бүгүн эс алайын дебейт. Кумурска бар болгондугу үчүн токой ичиндеги бак-даракка да оору көп таркабайт. Жалпак тил менен айтканда, жандыктардын баары дүйнөдөгү экологиялык чынжырчаны сактоо үчүн, Жер шарынын жашоосун узартуу үчүн кызмат кылышат. Ал эми адам баласы даяр нерсени пайдаланганды гана билет экен. Жеке мен аюу менен иштей элек кезде көп деле коркчу эмесмин. Кийин алардын жеген азыктарын изилдөө максатында тезегин чогулта баштадым. Бир жолу мен жаткан чатырдын жанында аюунун тезеги пайда болуп калганын көрдүм. Ошондо биринчи жолу аюунун жанымда эле жүргөнүн элестетип алым коркконум эсимде. Бирок аларга тийишпесең сага эч нерсе деле кылышпайт.

— Коруктун келечектеги пландарына токтоло кетсеңиз?

— Иштерибиз спутниктик каргы, видеокөзөмөл менен гана чектелип калбаса дейм. Себеби башка өлкөлөр генетикага өтүп жатышат. Биз да илимий иштерибизди жогорку деңгээлге чыгаруубуз керек. Андан сырткары, жаштардын жаратылыш тармагындагы кесиптерге кызыгуусун арттыруу боюнча да иштеп жатабыз. Массалык түрдө болбосо да арасында кызыккандар бар экендиги кубандырат. Ошондой эле өзүбүздүн кызматкерлерди тажрыйба алмашуу максатында башка өлкөлөргө көбүрөөк чыгаруу максатыбыз бар. Француздар менен түзүлгөн келишимдин алкагында биолог же зоолог сыяктуу мугалимдерди чакырган элек. Алар билген нерселерин биздин балдарга үйрөтмөк. Бирок пандемия бул сыяктуу пландарыбыздын ишке ашуусуна тоскоолдук кылды. Жашоо өз жолуна түшсө, акырындык менен баары ойдогудай аткарыла баштайт деген ишенич чоң.

1596
Белгилер:
илим, кызыл китеп, жаныбарлар, аюу, илбирс, Нарын, жаратылыш, корук
Тема боюнча
Бүркүт уясын кадимкидей дезинфекциялайт. "Сары-Чат — Ээр-Таштын" егери менен маек
Жолду кесип, так түйүлө чуркаган аркар-кулжалар. Ак-Шыйракта тартылган видео
Жолдогу жүк ташуучу унаа. Архив

Таңкы 6га чейин жабылды. Өлкөдөгү эки ири жолго чектөө киргизилди

46
(жаңыланган 00:53 25.02.2021)
Жолду көчкү кооптуулугунан улам жабууга Жарандык коргонуу башчысы-премьер министр бүгүн буйрук берген.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан Жайыл, Токтогул райондорундагы жана Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Талды-Булак айылындагы посттор 25-февраль таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул премьер-министрдин буйругунун негизинде болгон.

"Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу болгондуктан Жайыл районунун Сосновка, Токтогул районунун Арал постторунда жана  Суусамыр — Талас — Тараз жолунун Талды-Булак айылындагы постунда автоунаалардын бардык түрүнө таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилди", — деп кабарлаган ӨКМ.

Эске салсак, Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшкөндүктөн учурда жол жабылган.

46
Белгилер:
көчкү, Бишкек - Ош жолу, Жайыл району, Токтогул району, Кыргызстан
Тема боюнча
Көчкү түшүп, Бишкек — Ош жолу убактылуу жабылды
Россияга иш сапар менен барган президент Садыр Жапаров Москва шаарында Россияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушууда

Жапаров Москвадагы кыргызстандыктарга жолукту. Сүрөт

74
(жаңыланган 23:22 24.02.2021)
Жапаров Путин менен болгон жолугушуунун жыйынтыктары, анын ичинде Россияда эмгектенген кыргызстандыктардын маселеси дагы талкууланганы тууралуу маалымат берген.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Россияга иш сапар менен барган президент Садыр Жапаров Москва шаарында Россияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушууда. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

  • Кыргызстанцы проживающие в России на встрече с президентом КР в рамках его рабочего визита в РФ
    Россияга иш сапар менен барган президент Садыр Жапаров Москва шаарында Россияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушууда
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент КР Садыр Жапаров на встрече с кыргызстанцами, проживающими в России в рамках рабочего визита в РФ
    Ал Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуунун жыйынтыктары, анын ичинде Россияда эмгектенген кыргызстандыктардын маселеси дагы талкууланганы тууралуу маалымат берген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Кыргызстанцы проживающие в России на встрече с президентом КР в рамках его рабочего визита в РФ
    Жапаров сыртта иштеп жүргөн кыргызстандыктардын алдына сүйлөп жатып, эң биринчилерден болуп "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" жарлыкка кол коюлганын билдирген.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 3
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Россияга иш сапар менен барган президент Садыр Жапаров Москва шаарында Россияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушууда

Ал Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуунун жыйынтыктары, анын ичинде Россияда эмгектенген кыргызстандыктардын маселеси дагы талкууланганы тууралуу маалымат берген.

Жапаров сыртта иштеп жүргөн кыргызстандыктардын алдында сүйлөп жатып, эң биринчилерден болуп "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" жарлыкка кол коюлганын билдирген.

"Менин максатым — элибиздин көйгөйлөрүн чечүү, Кыргызстандын бардык жарандарын жумуш орундары менен камсыздап, татыктуу жашоого алып келүү. Ошондой эле чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештердин Мекенге кайтып келүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү", — деген Жапаров.

Кыргызстан турак жай ээлери салык төлөөдөн качып, чет элдик жарандарды каттоого тургузуудан баш тартышкандыгынын натыйжасында келип чыккан мигранттарды каттоо көйгөйлөрүнө көңүл бурган.

"Казакстанда бул багытта "кабарлоо тартиби" деген жакшы тажрыйба бар: жарандар мамлекеттик органга келген жана иштеген жери жөнүндө билдирүү гана жөнөтөт, андан кийин ал каттоого турат. Ушундай эле жол-жобону ЕАЭБдин алкагында киргизүүнү сунуштайбыз", — деген Жапаров.

Эске салсак, бүгүн Жапаров Россияга иш сапары менен барып, Россия лидери Владимир Путин менен жолуккан.

74
Белгилер:
мигранттар, иш сапар, Садыр Жапаров, Россия, Кыргызстан
Тема:
Садыр Жапаровдун Россияга сапары
Тема боюнча
Путин: Россия Кыргызстанга мындан ары да колдоо көрсөтөт
Кызматташууну бекемдейбиз. Жапаров Путин менен жолукканда эмне деди