БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Россиялык ЖМКларда Москвадан Хабаровскиге чейинки сапары үчүн таксистке 250 миң рубль төлөгөн адамдын окуясы тарап жатат.
Маалыматка ылайык, москвалык киши учакка түшүүдөн коркуп, атайын такси буюртма кылган. Khabara.ru порталынын жазганына караганда рулда Бишкектен барган айдоочу болгон. Таксист жолдогу сезимдери менен соцтармак аркылуу бөлүшкөн.
Анын айтымында, жолго чыга турган киши алгач таксиге тиркеме аркылуу заказ кылган, бирок кийин аны жокко чыгарып, айдоочунун өзүнө 250 миң рубль төлөп берген.Унаа ээси сапары учурунда көп нерсе билүүгө жетишкенин жазган. Канча жол жүргөнү айтылган эмес.
Хабаровскиге келгенден кийин дагы бир канча күн иштеп, кайра кетүү үчүн жүргүнчү издегени айтылат. Андан кийинки окуялар белгисиз бойдон калган.
Белгилей кетсек, Москвадан Хабаровскиге чейин 8 390 чакырымдык жол, бир жерден экинчи жерге алты күндө же 141 саатта жетүүгө болот.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Бир суткада 51 кишиден коронавирус табылып, 55 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 86 142ге жетти.
Айыккандар:
Өлкөдө айыккандардын жалпы саны 83 061 болду.
Бактыга жараша, кечээтен бери бир дагы бейтап оорудан көз жумган эмес.
Азыркы тапта ооруканаларда жалпы 368 бейтап дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 86 адамдын абалы оор болсо, 20 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда.
Бир сутка ичинде Бишкектен бир медиктен коронавирус табылган.
Мамлекет өзү мектептен, ЖОЖдон, анан да ар кандай даярдоо курстарынан өткөрүп, акысыз билим берип кадр даярдайт. Бирок ал адис жетекчилик кызматка бышып жетилип калганда саясий орундарга сырттан келгендер отуруп, ошол мекемени башкарып калып жатат. Бул чоң ката. Мындай пикирин Самат Ашымов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, административдик кызматтарда жаш кадрларга стимул бере турган эч кандай аракеттер жок.
"Кыргызстанда кадр саясатын жүргүзүү жолго коюлган эмес. Өлкө өз каражатына даярдаган адистери бышып, жетилип калганда аларды жетекчилик кызматка койгондун ордуна саясий орундарга сырттан алып келишет. Алган маянасы аз, ошого карабай өз ишинин кесипкөй адиси болуп, карьера жасоону максат кылган жаштар үчүн мындай сокку анын кызматын таштап кетүүсүнө себеп болот. Мындан кайра эле мамлекет утулат. Анткени сырттан келген жетекчи тармакты түшүнүп ишке аралашканча бир жылдай убакыт өтүп кетет. Ал эми ал ишкана тууралуу баарын ичинен билген кыззматкер жеке тармакка жумушка орношуу менен ошол мамлекеттик органга атаандаштык жаратууда күчтүү кадрга айланат. Анткени ал өзү иштеп кеткен жердин бардык сырын билет. Андыктан саясий кызматтарга ошол тармакты мыкты билген, ашынган кесипкөй бирөө болсо гана сырттан келбесе, негизинен ичинде өсүп келе жаткан адистерден башчылыкка коюуну жолго салуу зарыл", — деди Ашымов.
Серепчи, ошондой эле, учурда өкмөт курамында жүрүп жаткан кадрдык өзгөрүүлөрдөн деле иреттелген кадамдар көрүнбөй жатканын кошумчалады.