БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы муфтийи Максатбек Токтомушев элге видео кайрылуу жасап, президенттин саясатын колдоого үндөдү.
Кайрылуунун видеосун Facebook тармагына Рустам Калматов аттуу колдонуучу жарыялады.
"Мени чет өлкөгө качып кетти деп жатышат. Бирок мен Бишкекте элемин, үй-бүлөмдүн жанындамын. Келгиле, биримдикке келели. Өлкө учурда башынан катаал учурларды өткөрүп жатат. Жакында президенттин инаугурациясы болуп, учурда бизди дүйнө коомчулугу тыкыр карап турган кез. Ар кимибиз ар кайсы жакка тарта берсек, эгемендүүлүгүбүздү жоготуп алабыз. Бир кишиге баш ийип, президентибиздин саясатын колдойлу. Буюрса, баары жакшы болот. Бардыгы иликтенет", — деди Токтомушев.
Ушул эле күнү муфтият жетекчиси Максатбек Токтомушев кармалганын УКМКдан билдиришкен. Андан соң баш коргоо чарасы тандалып, Биринчи май райондук соту Токтомушевди сыртка чыкпоо тил катынын негизинде үйүнө чыгарган.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. 1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда чоң атам Жапар үй-бүлөсү менен Кытайга көчүп кетүүүгө аргасыз болгон. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Российская газета" гезитине берген маегинде билдирди.
Журналист мамлекет башчысына "Сиздин атаңыз Кытайда узак убакыт жашаган деп окудум, ушул чынбы? Сиз өзүңүз кытай тилин үйрөнүүгө аракет кылган жоксузбу?" деген суроо узаткан.
"1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда менин чоң атам Жапар үй-бүлөсү менен Кытайга көчүп кетүүгө аргасыз болгон. 1932-жылы менин атам ошол жакта төрөлгөн. Балалыгы менен жаштыгы Кытайда өткөн. Андан кийин 30 жашында, 1960-жылдары, атам ата-бабаларыбыздын жерине — Ысык-Көл облусуна кайтып келген. Кытайда көптөгөн этникалык кыргыздар жашайт. Менин чоң атам көчүп барган аймакта этникалык кыргыздар гана болгон. Ошондуктан атам кытай тилин билген эмес, анткени бардык сабактар араб алфавити менен кыргыз тилинде жүргүзүлгөн. Башкача айтканда, атам менен чоң атамдын кытай тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал бүгүнкү күнгө чейин Кытайда миңдеген этникалык кыргыз жашап жаткандыгын, алардын арасында өз мекенине кайтып келе албай калгандар бар экендигин белгиледи.
Мамлекет башчысы жубайы Айгүл Асанбаева тууралуу дагы эки ооз сөз айткан.
"Жубайым биздин өлкөнүн көптөгөн жарандары сыяктуу эле орус тилинде эркин сүйлөйт. Бирок үй-бүлөбүз менен салттуу түрдө эне тилибизде — кыргыз тилинде сүйлөшөбүз", — деди Жапаров.
Эске салсак, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эки күндүк иш сапары менен Москвага барган. Анын жыйынтыгын материалдан окуңуздар.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Жаз келери менен, 1-мартта, карызы бар беш миңден ашык абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Жарандар сайтына кирип "Абоненттин балансы" деген рубрикадан жарык үчүн канча карызы бар экенин биле алышат. Мындан сырткары, күнү-түнү иштеген 1209 Call-борборго чалып же 0551 001209 WhatsApp номерине жазса болот.
"Түндүк электр" жарыксыз калбаш үчүн жарандарды карызды убагында төлөөгө чакырды.
Электр энергиясы үчүн канча карызы бар экенин билүү үчүн balance сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнө кирсе болот. Ал үчүн эсеп номерин билүү керек.
Каражатты терминал, электрондук капчык, банк жана почта аркылуу төлөөгө болот.