БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун жакын арадагы иш пландарында мектептин көгөрүп кеткенин айтып кайрылган окуучу Бекболот Турдушевди кабыл алуу маселеси каралган эмес. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Мындан тышкары, Россияга пландалган алдыдагы иш-сапарга байланыштуу эпидемиологиялык тобокелдиктерди алдын алуу үчүн делегация мүчөлөрү учурда обочолонууда экени айтылды. Алардын арасында президент Жапаров дагы бар. Мындан улам ал окуучу баланы азырынча кабыл ала албайт.
Эске салсак, Түп районунун Балбай айылында жашаган сегиз жашар окуучу Бекболот Турдушев социалдык тармактар аркылуу мамлекет башчыга кайрылган. Ал мектептин дубалдары көгөрүп кеткенине байланыштуу аралыктан окуп жатышканын белгилеп, эки кабаттуу жаңы мектеп куруп берүүнү өтүнгөн.
Видео "Короче" Telegram-каналына дагы жүктөлгөн.
Көп өтпөй айрым жергиликтүү ЖМКлар баланын Instagram баракчасына шилтеме берип, ал президенттен чакыруу алганын жазышкан.
"Садыр Жапаровдун жакынкы күндөрдөгү иш планында окуучуну кабыл алуу маселеси каралган жок. Жолугушуу пландалган эмес", — деп айтылат өлкө башчынын маалымат кызматынын билдирүүсүндө.
Эске салсак, окуучунун кайрылуусу социалдык тармактарда бир топ талкуу жараткан.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Өлкөгө кайтып келген эмгек мигранттарын адаптациялоо жана реинтеграциялоо боюнча чараларды иштеп чыгуу кийинки милдеттердин бири. Бул туурасында президент Садыр Жапаров "Российская газета" гезитине берген маегинде билдиргенин мамлекет башчынын маалымат кызматы жазды.
"Кийинки милдет Кыргызстанга кайтып келген эмгек мигранттарын адаптациялоо жана реинтеграциялоо боюнча чараларды иштеп чыгуу болуп саналат. Мамлекет аларга жумушка орношууга өз убагында жардам көрсөтүп, өз Мекенине кайтып келгенден кийин жеке бизнесин ачууга, балдарына татыктуу билим берүүгө, алардын келечеги үчүн кам санабай тургандай кылып шарт түзүп бериши керек", — деген Жапаров.
Ал иштеп тапкан акчасын узак мөөнөттүү инвестицияга, аманатка жумшоону каалаган эмгек мигранттарын, алардын үй-бүлөлөрүн колдоого багытталган программа 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягына чейин иштелип чыгып, кабыл алынарын айткан.
Программада алардын топтогон каражатынын бир бөлүгүн бизнес ачууга/өнүктүрүүгө же "мигранттар үчүн "1+1" схемасы менен бизнес ачууну каржылоо/аны өнүктүрүүгө" жеңилдетилген насыя берүү схемасы боюнча инвестициялоого мамлекет колдоо көрсөткөн инструменттерди түзүү каралган."Албетте, чет жакта иштеп жаткан жарандарыбыз мамлекеттен кандай жардамга үмүт арта аларын так билиши үчүн чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо иштерин күчөтүү кажет", — деген президент.
Ушул эле маегинде Жапаров Россиянын лидери Владимир Путинге кечээ аяктаган иш сапарында эмне белек кылгандыгын айтып берген.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. 1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда чоң атам Жапар үй-бүлөсү менен Кытайга көчүп кетүүүгө аргасыз болгон. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Российская газета" гезитине берген маегинде билдирди.
Журналист мамлекет башчысына "Сиздин атаңыз Кытайда узак убакыт жашаган деп окудум, ушул чынбы? Сиз өзүңүз кытай тилин үйрөнүүгө аракет кылган жоксузбу?" деген суроо узаткан.
"1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда менин чоң атам Жапар үй-бүлөсү менен Кытайга көчүп кетүүгө аргасыз болгон. 1932-жылы менин атам ошол жакта төрөлгөн. Балалыгы менен жаштыгы Кытайда өткөн. Андан кийин 30 жашында, 1960-жылдары, атам ата-бабаларыбыздын жерине — Ысык-Көл облусуна кайтып келген. Кытайда көптөгөн этникалык кыргыздар жашайт. Менин чоң атам көчүп барган аймакта этникалык кыргыздар гана болгон. Ошондуктан атам кытай тилин билген эмес, анткени бардык сабактар араб алфавити менен кыргыз тилинде жүргүзүлгөн. Башкача айтканда, атам менен чоң атамдын кытай тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал бүгүнкү күнгө чейин Кытайда миңдеген этникалык кыргыз жашап жаткандыгын, алардын арасында өз мекенине кайтып келе албай калгандар бар экендигин белгиледи.
Мамлекет башчысы жубайы Айгүл Асанбаева тууралуу дагы эки ооз сөз айткан.
"Жубайым биздин өлкөнүн көптөгөн жарандары сыяктуу эле орус тилинде эркин сүйлөйт. Бирок үй-бүлөбүз менен салттуу түрдө эне тилибизде — кыргыз тилинде сүйлөшөбүз", — деди Жапаров.Эске салсак, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эки күндүк иш сапары менен Москвага барган. Анын жыйынтыгын материалдан окуңуздар.