Шаардык сот Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевМурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
Жазылуу
Экс-премьер-министр 26-январь күнү сурактан кийин коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кармалган. Райондук сот аны эки айга камакка алуу боюнча чечим чыгарган.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Бишкек шаардык соту мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин баш коргоо чарасын карап, райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу шаардык соттун маалымат катчысы Айсулуу Жаасынова билдирди.
Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.01.2021
УКМК Абылгазиевге таандык хан сарай, батирлердин сүрөтүн жарыялады
Бишкектин Биринчи май райондук соту 28-январда мурдагы өкмөт башчыны 26-мартка чейин камакка алуу боюнча чечим чыгарган.
Абылгазиев 26-январь күнү сурактан кийин кармалган болчу. Ал коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы боюнча айыпталып жатат. УКМКнын маалыматына караганда, Абылгазиев мамлекеттик кызматта иштеп турган чагында активдери кескин көбөйүп, расмий түрдө тапкан кирешесинен бир нече эсеге көп чыккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0