БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Бишкектеги жол тыгындарды азайтуу үчүн асма көпүрөлөр салынат. Мындан башка арга жок. Бул тууралуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын жолдор боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Темир Мамашов жергиликтүү ЖМКларга билдирди.
Анын айтымына караганда, асма көпүрөлөр Бах менен Лев Толстой, Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилиши жана башка аймактарга курулат.
"Борбор калаанын көчөлөрү 50 миң унаага ылайыкталган. Учурда унаалардын саны 500 миңге жетти. Жол тыгынды жоюш үчүн биз көчөлөрдү 10 эсеге кеңейте албайбыз. Ошондуктан ири кесилиштерге асма көпүрөлөрдү куруу керек", — деди Мамашов.
Ал ошондой эле Жайыл баатыр көчөсүнүн чет жагына чейин алты тилкелүү жол куруларын, Чортеков жана Алыкулов менен кесилишкен жерлерине ремонт жасаларын билдирди. Мындан сырткары, Сухэ Батор көчөсү кеңейтилип, жаңы жол куруларын кошумчалады.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп бере турган ишеним телефон номерлерин жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
"Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү" жарлыгын аткаруу максатында ишеним телефону иштеп баштады", — деп айтылат маалыматта.
Эми ишкерлер күнү-түнү (0312) 88-90-33 номерине чала алышат.
Ишеним телефону жеке ишкердик субъектилеринин, чакан бизнестин ишине укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын негизсиз кийлигишүүсү, ошондой эле менчик ээлеринин укуктарынын бузулуусу боюнча кайрылууларды кабыл алары маалым болду.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Ишембиде күндүз өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -1…-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…+5, Ысык-Көлдө -2…+3, Нарын өрөөнүндө -4…-9 градус болору болжолдонду.
Күндүн табы Бишкекте -3…-5, Ош шаарында 0…+2 градус болот.