Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков. Архив

Сабырбек Жумабеков эл аралык сынакта "Жылдын мыкты окумуштуусу" аталды

128
(жаңыланган 17:40 15.02.2021)
Конкурстун жыйынтыгы менен дарыгерге эл аралык сертификат (диплом) жана уюмдун эмблемасы берилгени айтылат.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков "Жылдын мыкты окумуштуусу — 2020" номинациясына ээ болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

  • Руководитель БНИЦТиО Сабырбек Джумабеков признан победителем в номинации Ученый года — 2020 в области травматологии и ортопедии
    Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков "Жылдын мыкты окумуштуусу — 2020" номинациясына ээ болду
    © Фото / пресс-служба Минздрава КР
  • Руководитель БНИЦТиО Сабырбек Джумабеков признан победителем в номинации Ученый года — 2020 в области травматологии и ортопедии
    Кыргызстандык дарыгерди штаб-квартирасы Чикагодо жайгашкан International Achievements Research Center (Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борбору) уюмунун тандоо комитети травматология жана ортопедия тармагы боюнча мыкты деп тапкан.
    © Фото / пресс-служба Минздрава КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба Минздрава КР
Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков "Жылдын мыкты окумуштуусу — 2020" номинациясына ээ болду

Ага ылайык, кыргызстандык дарыгерди штаб-квартирасы Чикагодо жайгашкан International Achievements Research Center (Эл аралык жетишкендиктерди изилдөө борбору) уюмунун тандоо комитети травматология жана ортопедия тармагы боюнча мыкты деп тапкан.

Аталган борбордун эксперттери жана өнөктөштөрү дүйнөнүн ар кайсы регионунун абройлуу өкүлдөрүнөн турат.

"Травматология жана ортопедия тармагына кошкон салымын жана изилдөөлөрүн, жарыяланган макалалары менен патенттеринин санын, докторлук жана кандидаттыкты жактоодогу насаатчылыгын, илимий конференцияларга жана долбоорлорго катышуусун, илимий чөйрөдөгү лидерлигин, улуттук жана эл аралык сыйлыктарын эске алуу менен Сабырбек Жумабеков "Жылдын мыкты окумуштуусу — 2020" номинациясынын жеңүүчүсү деп табылды", — деп билдирди министрлик.

Конкурстун жыйынтыгы менен дарыгерге эл аралык сертификат (диплом) жана уюмдун эмблемасы ыйгарылган.

128
Белгилер:
окумуштуулар, сынак, дарыгер, Сабырбек Жумабеков
Тема боюнча
Сабырбек Жумабеков: май таманды убагында дарылабаса бут жалпайып кете берет
Хирург Мамбет Мамакеев Гиннеске киргенин тастыктаган диплом алды
Лаборатория кызматкери. Архив

Коронавирус бир адамдын өмүрүн алып, 48 кишиден оору табылды

20
(жаңыланган 10:18 03.03.2021)
Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталгандан бери жалпы 86 359 адам оору илештирген. Анын ичинен 1 468 бейтап акка моюн сунганы маалым болду.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус 48 адамдан табылып, 49 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 17;
  • Ош – 3;
  • Чүй облусу – 13;
  • Ош облусу – 6;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 6;
  • Жалал-Абад облусу – 2;
  • Баткен облусу – 1.

Ушуну менен COVID жуктургандардын жалпы саны 86 359га жетти.

Айыккандар:

  • Бишкек – 17;
  • Ош шаары – 3;
  • Чүй облусу – 12;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 9.

Өлкөдө жалпы 83 318 бейтап ооруну жеңген.

Тилекке каршы, дарт бир сутка ичинде Бишкектен бир адамдын өмүрүн алган. Аны эсепке алганда илдеттен жалпы 1 468 киши көз жумган.

Азыркы тапта ооруканаларда 355 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 100 адамдын абалы оор болсо, 14үнүкү өтө оор деп бааланды.

Бир сутка ичинде өлкөдө медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган эмес.

20
Белгилер:
оорукана, бейтап, илдет, оору, статистика, Кыргызстан
Тема боюнча
Прокуратура: министрлик пандемияда 3,5 млн. сомго керексиз дары сатып алган
Бала бакча. Архив

Кийинки жумадан баштап Бишкектеги бала бакчалар ачылмай болду. Шарты

52
(жаңыланган 10:01 03.03.2021)
Мектепке даярдоочу жана жогорку тайпалардын балдары 10дон болуп өзүнчө топко бөлүнүп тарбиялана турганы маалым болду.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. 9-марттан тарта Бишкектеги бала бакчалар иштей баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, бакчалар толук ачылганы менен бардык тайпанын балдары барбайт. Кийинки аптадан тарта бакчага мектепке даярдоочу жана жогорку тайпалардын балдары гана бара алышат. Ошондой эле атасы же энеси жалгыз тарбиялаган бөбөктөр биринчи кезекте бара турганы айтылды.

Тайпалар 10 баладан өз-өзүнчө топко бөлүнүп тарбияланары маалым болду. Мэрия санитардык нормалар сакталышы керектигин эскертүүдө.

Эске салсак, ордо калаадагы бакчалар 2020-жылдын март айында жабылган. Ошол бойдон бөбөктөр бара элек болчу.

52
Белгилер:
бөбөктөр, тарбия, Бишкек, бала бакча
Тема боюнча
Өлкө аймактарында кыска мөөнөттүү 500 бала бакча ачуу пландалууда