БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Тиш тазалоодо кетирген каталардан улам кийин көптөгөн көйгөйлөр жаралат. Бул тууралуу германиялык стоматолог Маркус Фелбердин Focus журналындагы маегине шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.
Дарыгердин айтымында, тишти тамактанып бүтөрүбүз менен тазалоо туура эмес. Анткени тамактанып бүткөндөн кийин тишти зыяндуу заттардан коргоп туруучу пленка кайрадан калыбына келгиче бир аз убакыт талап кылынат. Ал пайда боло электе тишти щётка менен тазаласа эмаль жабыркайт.
"Щётка менен бүйлөнү катуу сүрүүгө болбойт, былжырлуу чел өтө назик болгондуктан, бат эле жараат алып калышы мүмкүн. Ошондой эле соода сыяктуу агартуучу каражаттарды күн сайын колдонуу сунушталбайт. Алар дагы эмалды талкалайт", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми тишти тазалоочу жиптердин зыяны жок экени айтылат.
Мындан тышкары, адис тиштин арасында калган тамакты алма жеп кетирип алам деп ойлоо жаңылыштык экенин кошумчалады.
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан Жайыл, Токтогул райондорундагы жана Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Талды-Булак айылындагы посттор 25-февраль таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул премьер-министрдин буйругунун негизинде болгон.
"Бишкек — Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу болгондуктан Жайыл районунун Сосновка, Токтогул районунун Арал постторунда жана Суусамыр — Талас — Тараз жолунун Талды-Булак айылындагы постунда автоунаалардын бардык түрүнө таңкы саат 06:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилди", — деп кабарлаган ӨКМ.
Эске салсак, Бишкек — Ош жолунун 132-чакырымында көлөмү болжол менен 1800 м3 кар көчкү түшкөндүктөн учурда жол жабылган.
БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Россияга иш сапар менен барган президент Садыр Жапаров Москва шаарында Россияда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушууда. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ал Россия президенти Владимир Путин менен жолугушуунун жыйынтыктары, анын ичинде Россияда эмгектенген кыргызстандыктардын маселеси дагы талкууланганы тууралуу маалымат берген.
Жапаров сыртта иштеп жүргөн кыргызстандыктардын алдында сүйлөп жатып, эң биринчилерден болуп "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө" жарлыкка кол коюлганын билдирген.
"Менин максатым — элибиздин көйгөйлөрүн чечүү, Кыргызстандын бардык жарандарын жумуш орундары менен камсыздап, татыктуу жашоого алып келүү. Ошондой эле чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештердин Мекенге кайтып келүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү", — деген Жапаров.Кыргызстан турак жай ээлери салык төлөөдөн качып, чет элдик жарандарды каттоого тургузуудан баш тартышкандыгынын натыйжасында келип чыккан мигранттарды каттоо көйгөйлөрүнө көңүл бурган.
"Казакстанда бул багытта "кабарлоо тартиби" деген жакшы тажрыйба бар: жарандар мамлекеттик органга келген жана иштеген жери жөнүндө билдирүү гана жөнөтөт, андан кийин ал каттоого турат. Ушундай эле жол-жобону ЕАЭБдин алкагында киргизүүнү сунуштайбыз", — деген Жапаров.
Эске салсак, бүгүн Жапаров Россияга иш сапары менен барып, Россия лидери Владимир Путин менен жолуккан.