Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова

Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова каза болду

516
(жаңыланган 15:56 16.02.2021)
Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова узакка созулган катуу оорудан кийин 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген. Фрунзедеги №5 орто мектепти аяктап, Ленинграддагы Полиграфиялык институтка тапшырганы менен табиятынан берилген шык, талант аны искусствого кайрып келет. Театр залкарлары Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Даркүл Күйүковалардын көрөгөчтүгү менен 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алынат.

Актриса 1958-жылы тартылган "Алыскы тоолордо" көркөм тасмасында роль аткаруу менен кеңири таанылган.

Кыргыз сахнасында В. Шекспирдин "Азоого чалмасында" - Катарина, "Отеллосунда" - Дездемона, Ч. Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" чыгармасынын негизинде коюлган спектаклде - Найман эне, Ж. Абдыкадыровдун "Олжобай менен Кишимжанында" - Кишимжан, К. Мамбетакуновдун "Омар Хайямдын махабатында" - Элпи, М. Байжиевдин" Төрт адамында" - Нази, "Кыз күйөөсүндө" - Гүлсүн, Б. Жакиевдин "Күттүргөн жаз да келер" драмасында - Зейнеп, М. Каримдин "Ай тутулган түнүндө" - Шафак, Гоголдун "Үйлөнүүсүндө" - Агафе Тихоновна, Ш. Садыбакасовдун "Ак боз атында"  Эркеайым сындуу образдарды жараткан.

516
Белгилер:
өлүм, актриса, оору, Жамал Сейдакматова
Тема:
КР эл артисти Жамал Сейдакматова дүйнө салды (10)
Тема боюнча
Каткырган, кайгырган, ыйлаган Сейдакматова. Актрисанын сүрөттөгү ирмемдери
Экс-министр Шайлообек Ниязов каза болду
Партктагы гүлдөр. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

70
(жаңыланган 21:08 03.03.2021)
4-мартка караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бейшемби күнү өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 14 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас жергесинде +9...+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +3...+8, ал эми Нарын аймагында -1...+4 градуска чейин жылуу болору айтылды.

Борбор калаада күн ачык болуп, күндүн табы +12...+14 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, +13...+15 градус жылуу болот.

70
Белгилер:
март, Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Төө-Ашуудагы тайгактан жүк ташуучу унаалар өйдө чыга албай жатат. Видео
Кишенчен киши. Архив

Бизнесмен Жалил Атамбаев кармалып, камакка алынды

1016
(жаңыланган 19:15 03.03.2021)
Шектүү мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз негизде байыган деп УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча Жалил Атамбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Атамбаевге каршы козголгон бир катар кылмыш иштери боюнча, анын ичинде мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз баюу фактысы тууралуу тергөө иштери жүрүп жатат.

"Ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери болуп саналган Жалил Атамбаев олуттуу финансылык ресурстарга ээ болуп, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү өзүнүн жакын туугандарынын атына каттатып алган", — деп айтылат маалыматта.

Шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

1016
Белгилер:
бизнесмен, камак, мыйзамсыз, Жалил Атамбаев
Тема боюнча
Жеке клиниканын башкы дарыгери Матраимовдун абалы начар экенин айтты
УКМК ЖК депутаты Абжалиевди мыйзамсыз байыган деп иш козгоду