Дарыгер омуртканын "кепилдик мөөнөтүн" жана аны узартуу жолдорун айтты

© Фото / Pixabay / anna3416Киши массаж учурунда. Архив
Киши массаж учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Жазылуу
Омуртканын кызматы белгилүү бир мөөнөткө белгиленген. Адамда 35 жаштан кийин омуртка менен байланышкан муун, тарамыш жана кемирчек оорулары башталат.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Омуртканын "кепилдик мөөнөтү" 35-45 жылды түзөт, бирок аны узартууга болот. Бул тууралуу Россиянын эмгек сиңирген дарыгери, терапевт Андрей Кабычкин билдиргенин Sputnik радиосу жазды.
Анын айтымында, омуртканын кызматы белгилүү бир мөөнөткө белгиленген. Омуртка менен байланышкан муун, тарамыш жана кемирчек оорулары адатта 35 жаштан кийин башталат. Айрымдарда мындан да кечирээк болот. Мунун баары организмдеги физиологиялык процесске байланыштуу.
"Тарамыш, кемирчек, муун жана омурткабыздын "кепилдик мөөнөтү" 35-45 жылды түзөт. Бул көрсөткүч ар бир адамда ар башка болушу мүмкүн. Ушул "кепилдик мөөнөтүнөн" кийин адамдарда омуртка жана муундар менен байланышкан көйгөйлөр пайда болот. Бул адамдагы физиология. Кан айлануу төмөндөп, зат алмашуу бузулат", —деп түшүндүрдү дарыгер.
Кабычкин омуртканын "кепилдик мөөнөтүн" узартуу үчүн күнү бою омурткага күч келүүнү көзөмөлдөп турууга чакырды.
Ашык салмактагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Эндокринолог күтүүсүздөн семирип кетүүнүн беш себебин атады
"Адам тикесинен тик туруп иштегенде омурткасына көбүрөөк күч келет, ал эми отурганда төмөндөйт. Бирок адам туура эмес абалда отурса, минтип иштөө дайыма натыйжалуу боло бербейт. Бул омуртканын абалына байланыштуу", — деген ал.
Эгерде отуруп иштеген жериңиз ыңгайсыз болсо, дарыгер абалды тез-тез алмаштырып, улам-улам эс алып, гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасоону сунуштаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0