Чек ара маселесин чечүүнү талап кылгандар бүгүн да митингге чыкты. Сүрөт

© Sputnik / Эркин СадыковЧек ара маселесин чечүүнү талап кылган өкмөт үйүн алдындагы митинг
Чек ара маселесин чечүүнү талап кылган өкмөт үйүн алдындагы митинг - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Жазылуу
Кечээ дагы ушул эле маселе боюнча 80 чамалуу адам чогулуп, президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусун талап кылышкан.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Чек ара маселесин чечүүнү талап кылган 20 чакты адам бүгүн да Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыкты.
Алар бийликтен көйгөйлөрдү тез арада чечүүнү талап кылышууда.
"Чек ара" коомдук кыймылынын мүчөсү Бекназар Айталиев акцияга чыккандардын саясий кызыкчылыгы жок экенин белгилеп, башкы максаты расмий органдардын көңүлүн чек арага бурдуруу болуп жатканын айтты.
Эскерте кетсек, кечээ дагы ушул эле маселе боюнча Өкмөт үйүнүн алдына 80 чамалуу адам чогулуп, президент Садыр Жапаровдун кабыл алуусун талап кылышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0