БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Алматы — Ош — Алматы багыты боюнча чартердик аба каттамы ишке кирди. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.
16-феварль күнү Алматы шаарынан учуп келген SCA авиакомпаниясынын алгачкы учагы "Ош" эл аралык аэропортуна келип конгон.
"Чартердик каттам жума сайын шейшемби күндөрү аткарылып турат. Алгачкы каттамда Ош шаарынан Алматыга бир кичине баланы кошкондо 142 жүргүнчү учуп кетти", — деп жазылат маалыматта.
"Манас" эл аралык аэропорту чартердик каттамдын ачылышын жүргүнчүлөр тарабынан суроо-талаптын көп болгондугу менен байланыштырды.
Премьер-министр Улукбек Марипов ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен сүйлөшүп жатып авиакаттамдардын санын көбөйтүү маселесин көтөргөн.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Коронавирустун "нигериялык" штаммы Италиянын түндүгүндөгү Ломбардия провинциясынын Брешия шаарында табылды. Бул тууралуу ANSA агенттиги Италиянын вирусологдор коомунун президенти, микробиологиялык лабораториянын директору Арнальдо Карузого таянып билдиргенин РИА Новости жазды.
Адистин билдиришинче, бул штамм улам-улам мутацияланып турат, учурдагы вакциналар натыйжасыз болушу мүмкүн.
Нигерияда коронавирустун жаңы штаммы табылганы декабрь айында маалым болгон. Африкалык ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун (CDC) маалыматы боюнча, жаңы вариант Нигериянын Осун штатында чогултулган үлгүлөрдүн арасында эки бейтаптын анализин изилдөөдө табылган.
Буга чейин декабрдын орто ченинде Улуу Британияда коронавирус — VUI-202012/01 мутациясы табылган. Кийинчерээк ал мурунку вируска салыштырмалуу 56-70 пайызга тезирээк тарай турганы маалым болгон. Ошондой эле бул штамм бейтаптарды өлүмгө алып келиши мүмкүн экени айтылган болчу.
БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус 48 адамдан табылып, 49 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен COVID жуктургандардын жалпы саны 86 359га жетти.
Айыккандар:
Өлкөдө жалпы 83 318 бейтап ооруну жеңген.
Тилекке каршы, дарт бир сутка ичинде Бишкектен бир адамдын өмүрүн алган. Аны эсепке алганда илдеттен жалпы 1 468 киши көз жумган.
Азыркы тапта ооруканаларда 355 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 100 адамдын абалы оор болсо, 14үнүкү өтө оор деп бааланды.
Бир сутка ичинде өлкөдө медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган эмес.