БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Нарын облустук милициясы төрт айдан бери табылбай жаткан Гүланда Аманалиевага издөө салып, көргөн-билгендер болсо кабарлап коюуну өтүндү.
Тартип коргоо органдарына аялдын туугандары арыз менен кайрылган.
Маалыматта 40 жаштагы Аманалиева Гүланда Аскаровна былтыркы жылдын 30-октябрында үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы айтылган.
Анын Ат-Башы районунун Калинин айылында туулганын жана Кочкор районунун тургуну экендигин билдиришти.
"Гүланда, эгер окуп жаткан болсоң үйгө кайрылып кел, үйдө кичинекей уул-кызың куса болуп күн санап күтүүдө. Көргөн-билгендер болсо төмөндөгү номерге кайрылып коюшуңуздарды өтүнөбүз. 0707803970", — деп жазылган милиция тараткан маалыматта.
Аманалиеванын узун сары куртка, ак бут кийим кийип, башына кызыл жоолук салынып, кызыл спорттук шымчан чыгып кеткендигин айтышты. Бою 160-165 см., узундугу ийинине жеткен кара чачы бар экенин кошумчалашты.
Эгер телефондун кубаттуулугу кармабай калса алмаштырса болот. Бирок Кыргызстанга оригинал аккумуляторлор алып келинбегендиктен, бир аз начарласа анда алмаштырбай эле койгон оң. Себеби кубаттуулугу ашып кетсе бир саатка көбүрөөк жетип калат. Бул тууралуу Бекжан Шакенов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, башка смартфондорго салыштырмалуу Redmi компаниясынын аппараттарынын батарейкасы көпкө чейин жеткендиктен бул гаджет студенттерге ылайыктуу.
"Жыл сайын технология өнүгүп турат. iPhone, Samsung жана Xiaomi компаниялары бири-биринен өзгөчөлөнүп смартфондун жаңы версияларын чыгарууда. Gorilla Glass 5-муундагы чыккан смартфондор кымбат келип, жалпы корпусу темирден, алды-арты айнектен жасалат. Желим жана темирден жасалгандары орто бюджетте болот. Негизинен мындай телефондорду Samsung, Redmi өндүрөт. Жаңы телефон алып жатканда тандоодо эч кандай маселе деле жаралбайт. Мүнөздөмөсүн интернеттен окуп, сизге керектүүсүн алсаңыз болот. Ошондой эле сатуучу кепилдик берип, эгер өндүрүштүк кемчиликтер болсо алмаштырып берет. Ал эми колдонулган телефон аларда кылдат текшерип алган оң. Өзгөчө iPhone аппаратынын көп нерсеси оңой алмашат. Алгач тескөөсүнө кирип батарейканын абалын караңыз. Эгер 100 болсо жаңы салынган. Сырткы абалына, чийиктерине көңүл бөлүңүз. Сырткы камерасынын объективинин ичинде чаң туруп калса анда смартфон ачылган", — деди Шакенов.
Адис смартфонду таптакыр өчө электе кубаттап жана 100 пайызга жеткирбей токтон чыгарса батарейка көпкө жетерин кошумчалады.
Таксист орой мамиле кылса жоопкерчиликке тартуу үчүн аны далилдөө зарыл. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай учурда тартиптик жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүн.
"Такси же коомдук транспорттун айдоочусу орой сүйлөп, урушса, маскараласа аны далилдөө зарыл. Ал үчүн видео, күбөлөрдүн көрсөтмөсү жана башка далилдер тиркелет. Кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тийиштүү далилдер менен милицияга кайрылуу шарт. Ички иштер органдары кандай учур болбосун карашат жана бул нерсе укук бузуу экендигин аныкташат", — деди Бакиров.
Юрист орой айдоочуну тартип жоопкерчилигине тартуу үчүн транспорттук мекеменин жетекчилигине кайрылуу керектигин кошумчалады.