Дүйшөмбү, 15-февралдан тарта, Кыргызстанда дыйкан жана фермердик чарбаларга жеңилдетилген кредит бериле баштады.
“Айыл чарбасын каржылоо – 9” долбоорун ишке ашыруучу чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Жеңилдетилген насыяларды кимдер жана кандай жол менен алса болот? Sputnik Кыргызстан агеттигинин кабарчысы өкмөттөн билип көрдү.
Долбоордун максаты
Жазгы талаа жумуштарын ийгиликтүү ишке ашыруу жана айыл чарба субъектилерин өз учурунда каржылоо.
Кредит кимдерге берилет?
Коммерциялык банктардан мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү (анын ичинде сугат суусун үнөмдөөчү технологиялар: тамчылатып сугаруу, күнөскана, интенсивдүү багбанчылык, органикалык айыл чарба өндүрүшү) жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүү менен алектенген чарбалар алса болот.Ошондой эле асыл тукум мал өстүрүү, үрөн чарбасы жана кант кызылчасын өндүрүү менен алектенген тараптарга артыкчылык берилет.
Үстөк пайызы
Тармактарга жараша жылына 6, 8 жана 10 пайыз менен берилет. Мисалы, мал жана өсүмдүк өстүрүү категориялары үчүн жылдык үстөгү 10 пайыз. Ал эми “Айыл чарбасын каржылоо – 9” долбооруна катышкан кайра иштетүүчү тамак-аш өнөр жайы ишканалары менен келишим түзүп иштеген мал чарбачылыгы жана өсүмдүктөрдү өстүрүү категориясындагы чарбалар сегиз пайыз менен насыя ала алат. Кайра иштетүүчү тамак-аш өнөр жайы ишканалары үчүн жылына алты пайыздык үстөк каралган.
Насыя канча жылга берилет?
10 пайыз менен берилген насыялардан кутулуу мөөнөтү үч жылдан ашпашы керек. Калган категориядагылар беш жылга чейин алса болот.
Кутулуу боюнча кандай жеңилдиктер каралган?
Беш жылга насыя алган кардарлар алгачкы 12 айга чейин кредиттин негизги суммасын төлөөдөн бошотулат. Ал эми үч жылга алгандар алгачкы алты ай ичинде негизги сумманы төлөбөй турса болот.
Кандай документтер керек?
Мындан тышкары, насыянын түрү жана каражат берчү банктын талаптарына жараша патенттин көчүрмөсү, кайра иштетүүчү ишкана менен келишим, күрөөгө коюлган мүлктүн документтери сыяктуу кошумча кагаздар талап кылынат.
Кайсы банктар аркылуу насыя алууга болот?
Кредиттин суммасы
Күрөөгө койчу мүлк жетишсиз болуп жатса эмне болот?
Мурун-кийин кредит алып жүрсөңүз "Кепилдик фонду" ААКсы тууралуу маалыматыңыз болсо керек. Эгер белгилүү бул сумманы алгыңыз келип, бирок күрөөгө койчу мүлкүңүз ага жетпей жатса, аталган фондго кайрылууга укуктуусуз. Фонд банк алдында сиз үчүн кепилдик берип, керектүү сумманы алууга жардам кылат.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. 1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда чоң атам Жапар үй-бүлөсү менен Кытайга көчүп кетүүүгө аргасыз болгон. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Российская газета" гезитине берген маегинде билдирди.
Журналист мамлекет башчысына "Сиздин атаңыз Кытайда узак убакыт жашаган деп окудум, ушул чынбы? Сиз өзүңүз кытай тилин үйрөнүүгө аракет кылган жоксузбу?" деген суроо узаткан.
"1916-жылдагы трагедиялуу окуяларда менин чоң атам Жапар үй-бүлөсү менен Кытайга көчүп кетүүгө аргасыз болгон. 1932-жылы менин атам ошол жакта төрөлгөн. Балалыгы менен жаштыгы Кытайда өткөн. Андан кийин 30 жашында, 1960-жылдары, атам ата-бабаларыбыздын жерине — Ысык-Көл облусуна кайтып келген. Кытайда көптөгөн этникалык кыргыздар жашайт. Менин чоң атам көчүп барган аймакта этникалык кыргыздар гана болгон. Ошондуктан атам кытай тилин билген эмес, анткени бардык сабактар араб алфавити менен кыргыз тилинде жүргүзүлгөн. Башкача айтканда, атам менен чоң атамдын кытай тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгү болгон эмес", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал бүгүнкү күнгө чейин Кытайда миңдеген этникалык кыргыз жашап жаткандыгын, алардын арасында өз мекенине кайтып келе албай калгандар бар экендигин белгиледи.
Мамлекет башчысы жубайы Айгүл Асанбаева тууралуу дагы эки ооз сөз айткан.
"Жубайым биздин өлкөнүн көптөгөн жарандары сыяктуу эле орус тилинде эркин сүйлөйт. Бирок үй-бүлөбүз менен салттуу түрдө эне тилибизде — кыргыз тилинде сүйлөшөбүз", — деди Жапаров.Эске салсак, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров эки күндүк иш сапары менен Москвага барган. Анын жыйынтыгын материалдан окуңуздар.
БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Жаз келери менен, 1-мартта, карызы бар беш миңден ашык абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан билдиришти.
Жарандар сайтына кирип "Абоненттин балансы" деген рубрикадан жарык үчүн канча карызы бар экенин биле алышат. Мындан сырткары, күнү-түнү иштеген 1209 Call-борборго чалып же 0551 001209 WhatsApp номерине жазса болот.
"Түндүк электр" жарыксыз калбаш үчүн жарандарды карызды убагында төлөөгө чакырды.
Электр энергиясы үчүн канча карызы бар экенин билүү үчүн balance сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнө кирсе болот. Ал үчүн эсеп номерин билүү керек.
Каражатты терминал, электрондук капчык, банк жана почта аркылуу төлөөгө болот.