Өкмөт ЖОЖдордун контракт баасын арзандатууну карап жатат

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүСтудеттер сабак учурунда. Архив
Студеттер сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Жазылуу
Кечээ күнү жогорку окуу жайда билим алган студенттердин митинги болуп өттү. Алар пандемия учурунда каржылык жактан аксап калгандыктан контрактын суммасын азайтууну талап кылышкан.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызстандын өкмөтү жогорку окуу жайларда окуган студенттердин контракт баасын арзандатуу маселесин карап жатат. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Facebook баракчасы аркылуу билдирди.
"Президент Садыр Жапаров тапшырма берген болчу, биз ал боюнча иш алып барып жатабыз. 2020-жылы жогорку окуу жайлар, мектептер окуучулар менен студенттерди аралыктан окутушту. Азыр деле онлайн-форматта окуп жаткандар бар. Окуу жайлардын жетекчилери болжол менен 1000 сомго эле жеңилдик беришиптир. Бирок биз буга макул эмеспиз, маселени карап жатабыз", — деди Марипов.
Ал чечим кабыл алынары менен маалымат берүүнү убадалады.
15-февралда Билим берүү жана илим министрлигинин алдында жогорку окуу жайда билим алган студенттердин митинги болуп өттү. Алар пандемия учурунда каржылык жактан аксап калгандыктан контракттын суммасын азайтууну талап кылышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0